Кыргызстан 249 ооган студентине виза берүү чечимин кабыл алды. Маалыматка караганда, ЕККУнун Бишкектеги академиясы жана Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университети аларда окуй турган ооган жарандарына окуу визаларын берүү өтүнүчү менен кайрылган.
32 жаштагы оогандык Захрид Бабирзи Кыргызстанга алгач 2008-жылы келип, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуган. Быйыл ал окууга тапшыруу үчүн Ооганстандан келе албай калганына бушайман. Ал Кыргызстанда алган билимин өз мекенинде колдонууну кыялданган. Эми ал ишке ашпай турат.
"Кыргызстан биз үчүн экинчи үй болуп калган. Мисалы мен азыр Жалал-Абадга кайткым келет, ал жерде досторум, группалаштарым көп. Быйыл башка окууга да тапшырам деп тургам, бирок абалга байланыштуу чыга албай турам. Виза берсе эле кетем. Азыр бизде “Афган Ала-Тоо балдары” деген атайын WhatsApp тайпа бар. Аны улам акмалап карап турабыз, күткөнүбүз эле виза тууралуу кабар. Кыргыз-орус Славян университетине же болбосо Кыргыз улуттук университетине тапшырып, окуйм деген оюм бар. Азыр Кабулдагы элчиликтердин баары жабык, байланышуу оор болуп турат".
Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Эл аралык мамилелер боюнча бөлүмдө билим алган дагы бир оогандык Наимогли Кудратулла мекенинде кырдаал курч экенин айтты. Ал университет жабылгандан бери ишсиз жүрөт.
"Бул жерде азыр эч нерсе белгисиз, туңгуюкта турабыз. Кыздарыбыз окуган жок, көп киши үйдө отурат, эркек студенттердин да окуусу анча эмес. Азыр Кыргызстанга барганга шарт жок, Ооганстанда жашап турабыз дечи. Өкмөттүн иши оңолот, кырдаал жөнгө салынат деп үмүттөнүп турабыз. Келечекте Кыргызстанга кайтуу ниетим бар".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз өкмөтү 249 ооган студентине виза бере турганын 12-октябрда билдирди.
"Ооганстан студенттерине 500 виза берүү тууралуу министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, учурда окуу визасын белгиленген тартипте тариздөөдө. Бул иштер улантылып жатканын белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.
Ооган студенттерине Кыргызстанда окуусуна шарт түзүп берүүгө даяр экенин президент Садыр Жапаров өткөн айда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда да белгилеген.
Августта Ооганстандын борбору Кабулду талибдер ээлеп, качкындар көбөйгөн учурда Бишкек жардам катары 500 ооган студентине виза берүүгө даяр экенин билдирген. Кийин бул демилге бир топ эл аралык жолугушууларда козголуп, кыргыз бийлигинин виза берүү чечимин кубатташкан.
Ооган маселелери боюнча эксперт Нурбек Муктар студенттерге визанын гуманитардык максатта берилгенин туура деп эсептейт.
"Гуманитардык виза деп айтылганы туура, ооган студенттерине ушундай кыйын учурда билим берүү жаатынан колдон келген жардамды берсек ашыкча болбойт. Студенттердин бизге эч кандай зыяны жок, алар келсе бул жерде үйлөрдү ижарага алып, окуп, билим алат. Кооптонууга негиз жок. Социалдык тармактарда "гуманитардык виза берилчү беле" деген талкуулар жүрүп атат, чынында мындай тажрыйба дүйнөдө бар. Өнүккөн мамлекеттер үчүнчү өлкөлөргө виза берип турат. Ооганстандын өзүндө абал курчуп жатканы маалым. Өзгөчө кыздар үйдөн чыга албай, окуудан өксүп жатат. Ошондуктан Ооганстандан чыксам эле окуйм деген жаштар бар. Азыр айрым студенттер Кыргызстанга кайтып келүүнү эңсеп жатканын да билебиз".
Кыргызстан Борбор Азияда биринчи болуп "Талибан" кыймылы менен жогорку деңгээлдеги кызматташтык алакасын түзгөн. 23-сентябрда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстандын элинин атынан ооган калкына гуманитардык жүк жеткирген.
Анда тараптар Ооганстандагы саясий кырдаалды талкуулап, өлкөдөгү жана жалпы чөлкөмдөгү коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашкан.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскар Бешимов бул кадам оогандык студенттер үчүн дагы жакшы шарт түзөрүн, Кыргызстандын тышкы саясатына оң таасир этерин белгиледи.
"Оогандык студенттерге виза берүүнү биз достук кадам катары карашыбыз керек. Таалатбек Масадыковдун Кабулга барганы биринчи кадам болгон, демек биз ал өлкө менен кандайдыр бир мамиле түзүүгө далалат кылып атабыз. Бул кадам талибдерди таануу болуп эсептелбейт, бул жөн гана кызматташтык. Эл аралык уюмдардын кайрылуусун четке какпай, алардын сунушун канааттандырып атабыз. Мисалы, өткөн айларда Пакистандан 17 миңге жакын киши келип, көчө, коомдук жайлардын көбү толуп кеткен. Бул болсо ашып кетсе 250 студентке бериле турган виза экен, өтө деле көп эмес, кооптонууга негиз жок".
Ал эми 7-октябрдан 9-октябрга чейин УКМКнын атайын экспедициялык тобу Кичи жана Чоң Памирде жашаган кыргыздарга Тажикстан аркылуу барып, азык-түлүк жеткирген. Коопсуздукту сактоо максатында өкмөт бекиткен тизме боюнча керектүү жардам Ооганстандын өзүнөн сатып алынган.
Кыргызстандагы эл аралык окуу жайларда Өзбекстан, Түркия, Тажикстан, Пакистан, Индия, Казакстан, Ооганстан жана Кытайдан келген студенттер басымдуу.
Ооганстандык студенттердин көбү Бишкектеги Борбор Азиядагы Америка университетинде, Нарындагы Борбор Азия университетинде жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде билим алат.
Быйыл август айында "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда ишмердиги тыюу салынган) Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин Памирдеги кыргыздар да алардын башкаруусуна өткөнү маалым болгон.
Мындан чочулаган 350дөй оогандык кыргыздар Кыргызстанга өтүп кетүү максатында Тажикстандын аймагына кире качып, бирок Дүйшөмбү аларды артка кайтарган эле.
Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курула баштады.
Апрель айында президент Садыр Жапаров Памирден Алайга көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушууда Ооганстанда калган кыргыздарды көчүрүп келүү ниетин билдирген.
2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин бир нечеси Ооганстанга кайра кайткан эле.