Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Бийликти тайсалдаткан шайлоо


Ак үй
Ак үй

Бийлик Конституцияга жана Суу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн баш тартты. Мындай чечимге коомчулуктагы карама-каршы пикирлер жана парламенттик шайлоонун жакындыгы себеп болгону байкалууда.

Президент Алмазбек Атамбаев башкаруучу коалициянын лидерлери Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбековго кайрылып, Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча демилгени чакыртып алууну сунуштады. Алмазбек Атамбаев өз сунушун Конституцияны өзгөртүү маселеси коомчулукта кеңири талкуулана электиги менен байланыштырган.

Президенттин мындай кайрылуусунан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси автоматтык түрдө токтоп, ал кийинки парламенттин энчисине калды. Анткени фракция лидерлери да президенттин сунушунан кийин демилгесин токтотконун жарыялашты.

Президенттин кайрылуусунан кийин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да билдирүү менен чыгып, өкмөттү Суу кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча демилгеден баш тартууга чакырды.

Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев
Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев

Бийлик турмушка ашырууну көздөгөн мына ушул эки демилге тең коомчулукта карама-каршылыктуу пикир жаратып, негизгиси парламенттик шайлоо алдында бийлик партиясын ыңгайсыз позицияга кириптер кылып жаткан.

Мисалы, Конституцияны өзгөртүү демилгесине жарандык коомдун жана оппозициянын өкүлдөрү кескин каршы чыгып, алар өткөн аптада Ак үйдүн алдында пикет өткөрүштү. Алар мындай акция дагы уланарын белгилешти. Жарандык активисттерге улай Венеция комиссия конституциялык реформага бир жактуу баа беришкен эмес.

Колу-бутунан тушаган демилге

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун билдирүүсүнө караганда, Венеция комиссиясы 20 барактан турган көлөмдүү сунушун берген. Анда сунушталган реформага бир жактуу бар берилген эмес. Маселен, Венеция комиссиясы Конституциялык палатаны ордунда калтырууну, депутаттык иммунитетти сактоону жана депутатты фракциядан чыгаруу боюнча жобону кабыл албоону сунуштаган.

Абдыжапар Бекматов депутаттардын кол тийбестигин камсыздоо боюнча Венеция комиссиясынын сунушун туура деп эсептейт:

- Депутаттарды токтоосуз эле сот жообуна тартып, кылмыш иштерин ачып, камап жаткан учурлар бар. Ошон үчүн азыркы норма депутаттардын кол тийбестигин кепилдей албайт. Венеция комиссиясы да депутаттар өзүнүн сөзү, пикири үчүн жоопко тартылбашы керек дейт. Депутаттар берген добушу, айткан пикири үчүн куугунтукталбашы үчүн аларга кол тийбестик керек.

Бегматов Конституцияны өзгөртүү зарыл болсо, анда атайын кеңешме түзүп, коомчулуктун кеңири катышуусу менен чечим кабыл алыныш керектигин айтат.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси кийинки парламенттин кароосуна калды.

Кагазда калган көз карандысыздык

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору Рита Карасартова конституциялык реформаны токтото туруу фракция лидерлери эмес, президент тараптан сунушталышы ойго салганын айтат:

- Эгер лидер фракциялар "коомчулуктун үнүн уктук, ошондуктан артка чакырып жатабыз" десе туура болмок. Президент алардан суранып, анан президенттин сөзүн эки кылбай артка тартканы менде чоң кооптонууну жаратты. Демек бүгүнкү күндө 2010-жылдан кийин парламенттик мамлекетке аттанганыбыз калп эле сөз болуп атабы? Биз мурункудай эле бир президенттин алдында иштеп, "ал ак десе биз ак дейбиз, ал көк десе көк дейбиз" деп кала бердикпи?

Депутаттар берген добушу, айткан пикири үчүн куугунтукталбашы үчүн аларга кол тийбестик керек.

Рита Карасартова түзүлгөн кырдаал парламент жана сот бийлиги президенттин алдында калганын көрсөтүп, кооптонуу жаратып жатканын кошумчалады. Карасартова Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан бошотуудагы терс көрүнүштөр мына ошондой пикирлерге түртүп жатканын белгиледи. Маалым болгондой, 29-июнда Жогорку Кеңеште Клара Сооронкулованы кызматтан алуу боюнча эки жолу добуш берүү болуп, экөөндө тең 80 добуш чогултулган эмес. КСДП фракциясы жана парламент жетекчилиги бул маселени 30-июнда дагы добушка коюуну көздөп жатат.

Клара Сооронкулованы кызматтан алууга "Ата Мекен" фракциясы каршы чыгып, алар Сооронкулованы бошотуу боюнча Соттор кеңешинин жүйөсүн жетишсиз деп эсептөөдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG