-“Азаттык”: -Палестинада бир нече күндөн бери согуш жүрүп жатат. Турсунбай мырза сиз ал согушка кандай баа берип жатасыз?
Турсунбай Бакир уулу: - Бул согушка биринчи кезекте Израил деген мамлекетти түзгөн Бириккен Улуттар Уюму жана улуу мамлекеттер күнөөлүү. Өзү БУУнун долбоору боюнча Палестина жергесинде эки мамлекет түзүлүш керек эле, Палестина жана Израил деген. Бирок Израилге шарт түзүп беришип, ал коңшу өлкөлөрдүн жерин басып алганда да ошол мамлекетти түзгөн өлкөлөр, уюмдар унчукпай коюшту. Бүгүнкү күнү ошонун кесепетин көрүп жатабыз.
Израил эч кимди тоготпой, эч кимди сыйлабай, Газа тилкесине өз аскерин алып кирип, күнөөсү жок 500 жакын атуулдарды өлтүрдү. Ошондуктан биз (Кыргызстан мусулмандар бирикмеси) Бириккен Улуттар Уюму жана АКШ, Россия, Кытай жана башка чоң өлкөлөрдүн президенттерине кайрылдык. Бүгүнкү күнү чукул убакытта согуш токтотулуп, Израил өз аскерлерин алып чыгыш керек.
Экинчиден, Куранда да жазылган, эгерде башка бир мусулмандарга душман кол салса, калган мусулмандар жардам бериш керек деп.Эми Палестина бизден алыс, анын үстүнө биздин мамлекеттик саясат да түшүнүксүз болуп жатат. Ошондуктан эгерде эл аралык уюмдар жана чоң өлкөлөр таасир этип согушту токтотпосо, биз Кыргызстанда да митинг, демонстрацияларды баштайбыз.
“Азаттык”: - Газа тилкесинде ХАМАС негизги саясий күч. Ал ошол жерде бийликте турат. Бул уюм күчүнүн жетишсиздигин билип туруп, эмне үчүн чагымга барды, же убактылуу жарашууну бузууга барды?
Турсунбай Бакир уулу: - Эми ХАМАСты Израил сыйлайбы, сыйлабайбы бирок аны эл шайлаган. Ал эми эл шайлаган бийликти күч менен жоготуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн Израил туура эмес кылып жатат. Эл бир адашат, эки адашат анан туура шайлоо кылышат. Мына мисалга Кыргызстандагы шайлоону алсак, биздин эл да бир адашат, эки адашат, үчүнчү жолу мүмкүн элдин көзү ачылат. А ХАМАСты эл шайлаган.
Ошондуктан аны Израил сыйлаш керек эле. Эгерде ХАМАСты жаман көрсө, ал өзүнүн жеке иши. Бирок элди азапка салып, согуш кылыш керек эмес эле. Бул жерде мурдагы окуя кайталанып жатат да, Жорж Буш да Саддам Хусейинди жаман көрүп, Иракка кол салды. Жеке жек көрүүчүлүктөн пайда болгон согуштун айынан бүгүнкү күнү Ирак тынчыбай жатат. Ошондуктан бир өлкө экинчи өлкөну эч качан үйрөтпөш керек.Ар бир өлкөнүн өзүнүн каада-салты, тарыхы, маданияты бар.
“Азаттык”: - Сиздер Палестинадагы согушка каршы акцияларды качан жана каерде өткөрүшүңүздөр мүмкүн?
Турсунбай Бакир уулу: - Алебетте, Кыргызстан борборунда болот. Анткени бул жерде элчиликтер, эл аралык уюмдар бар. Андан
сырткары бул жерде жергиликтүү еврей уюмдар бар. Аларга да кайрылабыз.Аларды да кош көңүл болбоого чакырабыз. Экинчиден, Кыргызстандын мусулмандар көп чоң-чоң шаарларында өткөрөбүз. Себеби Иракка Америка кол салганда биз чоң шаарларда кол чогулткан элек. Мен ойлоймун, ыйман жолундагылардын баары колдоп беришет.
“Азаттык”: - Палестин элине араб, мусулман өлкөлөрү жетиштүү колдоо көрсөтүп жатабы?
Турсунбай Бакир уулу: - Жок. Биздин билишибиз боюнча, көп эле өлкөлөрдө падышалар өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, напсисин тыя албай, душмандар менен келишим түзүп алып, базаларга жол берген. Андан сырткары бир диндеги, бир жолдогу туугандарын колдобой, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп жатат. Ошол эле Сауд Аравия, ошол эле башка өлкөлөр.
Газа тилкесиндеги согуштук аракеттер тууралу Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхмандын маегин бул жерден окусаңыз болот.
www.azattyk.org/content/Article/1366982.html