Эмне себептен Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралды? Айрым дарылардын баасы кескин кымбаттап кетти? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу директору Алмаз Алтыбаев жооп берди.
Мьянмада 28-мартта күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен катуу жер титирөөдө мерт болгондордун саны 1600дөн ашты. Би-би-си өлкөнүн бийлигине шилтеме кылып дагы 3,5 миңге чукул адам жараат алганын кабарлады.
Кыргызстанда Орозо айт намаздары өлкөдөгү мечиттерде окулду. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды бул майрам менен куттуктап жатып, бул жолку Орозо айы жапатырмак киришкен кайрымдуулук менен эсте калганын белгиледи. Орозо быйыл 1-мартта башталып, 29-мартта аяктады.
Бишкек шаар башкармалыгы Чыңгыз Айтматов көчөсүн кеңейтүү аракетин көрүүдө. Ал үчүн жол боюнда жайгашкан 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгү сүрдүрүлөрү айтылды. Киргизия конушунун тургундары "кызыл китепте" көрсөтүлгөн чектен чыкпаганын жүйө келтирип, жеке менчик укугу бузулуп жатканын айтууда.
Энергетика министрлиги 1-майдан тартып электр энергиясынын баасы өсө турганын билдирди. Муну ал электр кубатынын сатуудагы баасын өздүк наркына теңөө үчүн жасалып жаткан чара деп түшүндүрүүдө.
Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды.Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап, кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.
Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук жана Сузак райондук сотунун жетекчилерине тартиптик жаза колдонууну чечти. Сатыев былтыр жыл соңунда Ош жана Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда аймактагы судьялар акча жыйнаганы ачыкка чыкты.
АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашуу жетишилгенин жарыялады. Андан тышкары эки тарап бири-биринин энергетикалык жайларына сокку урууну токтотуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты. Ошентсе да азырынча тынчтыкка жетүү үчүн тоскоолдуктар арбын.
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камакка алынгандан кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Соңку он жылдагы эң масштабдуу демонстрациялар Стамбул, Анкара жана Измирде алты күндөн бери өтүп жатат. Түркиянын президенти демонстрацияларды "зомбулук кыймылы" деп атап, оппозицияны айыптады.
Бишкектин бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан айрым үйлөрдүн жерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндеги үйлөр "кызыл сызыктан" чыгып кеткенин билдирүүдө. Тургундар мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп атап, менчик укугу бузулуп жатканына нааразы.
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Дагы жүктөңүз