Линктер

 
"Орусияда полицияга түшүп калган уулумдун дайыны согуштан чыкты". Украинадагы кыргызстандык согуш туткуну
ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

"Орусияда полицияга түшүп калган уулумдун дайыны согуштан чыкты". Украинадагы кыргызстандык согуш туткуну


Орусия. Украинадагы чогушка чакырган жарнама. Архив
Орусия. Украинадагы чогушка чакырган жарнама. Архив

Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.

Жакындары А.И. кыргыз жараны экенин ырастап, он жылдан бери Орусияда эмгек миграциясында жүргөнүн айтышты. Алар уулу жол кырсыгына кабылып, сот жообуна тартыларда согушка барууга аргасыз макул болгон дешет.

Өзүн Кыргызстандын жараны экенин айткан адам Украинада туткунга түшүп калганын украиналык журналист Юрий Бутусовдун Ютуб каналына айтып берген. Өткөн айдын аягында интернетке жарыяланган видеодо ал Орусиянын аскерлеринин катарында согушуп жүрүп, эки жолу жараат алганын, ага карабай майданга кайра жөнөтүлгөнүн билдирген.

Бул видео интернетте тарагандан кийин туугандары дароо эле аны таанышкан. "Азаттык" атасы менен байланышып, окуянын чоо-жайын тактады. Жашы 70ке таяп калган атасынын айтымында, туткундагы баласы Чүйдө туулуп-өскөн. Төрт бир туугандын кичүүсү. Кыргызстанда мектепти аяктап, армияда кызмат өтөгөн. 2014-жылдары Орусияга иштегени кеткен экен. Соңку он жыл Орусияда жүк ташуучу машине айдап, акыркы жылдары такси айдап жүргөндө кырсыкка кабылганын айтып берди.

"Мен Фрунзе шаарында төрөлгөм. Өмүр бою ушул жерде жашагам. Үч балам, бир кызым бар. Бул балам эң кичүүсү. Ал өзү токтоо, удуң-шудуңу жок бала болчу. Петропавловкада (Жайыл, Чүй облусу - ред.) чоңоюп, ошол жерден мектепти бүткөн. Андан соң окуу жайда окуп, айдоочу, кранчы, ширетүүчү деген кесиптерди алган. Кыргызстанда армияга барып келген, Балыкчыда танк полкунда кызмат өтөгөн. Кийин бул жакта иштеди, менин жанымда жүрүп жүк ташуучу машине дагы айдады. Өзү техникага жакын, машиненин башынан аягына чейин билет. Классташтары, достору Орусияга кетип, балам дагы 2014-жылдары ошол жакка кеткен".

Туткунга түшкөнү айтылган А.И. жана атасы К.И.
Туткунга түшкөнү айтылган А.И. жана атасы К.И.

Туткунга түшкөнүн айткан кыргызстандык мигрант орус кызына баш кошуп, Новосибирск шаарынан ипотекага үй дагы алган экен.

"Дайыма эле келиним, балам менен сүйлөшүп турчумун. Эс алууга 2-3 жолу келип кетип турчу. Иштеп жүрүп Новосибирскиде жол кырсыгына кабылып калат. Ал жерде 2-3 машине зыян тартып, адамдар дагы жеңил жараат алыптыр. Эми башка өлкө, өзү дагы Кыргызстандын жараны болгондуктан сурак бергенден кийин аны убактылуу кармоочу жайга отургузуп коет. Моралдык, материалдык чыгымдын баарын карагандан кийин ага кылмыш иши козголот. Кайсыл берене экенин мен билбейм. Ошондон кийин сурак алган кызматкер Новосибирск шаарындагы подполковник Шумилов деген менен чогуу барып, Украинага барганга келишимге кол коёсуң же абакта отурасың деп басым кылышыптыр. Келишимге кол койгондон кийин эле дароо Орусиянын аскер билетин бериптир. Мен башында билбей калдым да, мени кыжаалат болот деп көп айтышчу эмес. Кийин келиним ыйлап чалды, мен болгондо барба, келишимди айрып ташта деп көндүрөт белем... Кийин аны башкалар менен кошуп алдыңкы катарга жөнөткөн. Биринчи жолу ал бутунан жараат алат. Бирок келинимдин айтымында, госпиталда 10 күндөй жаткандан кийин жарааты жакшы боло электе эле кайра эле алдыңкы катарга жөнөтүшөт".

Туткунга түшкөнгө чейин А.И. бир айдай жакындары менен байланышка чыкпай калган. Быйыл 4-февралдан тарта дайынсыздардын тизмесине кошулганы кийин билинген. Ал украиналык журналистке курган маегинде согушка баруу үчүн келишимге 2024-жылдын 16-октябрында кол койгонун айтып жатат. Бир айга жетпеген машыгуудан өткөрүп, ноябрдын ортолорунда Орусиянын Кемеров облусунун Юрга шаарынан согушка алып кетишкенин баяндайт.

“Мен Кыргызстандын жаранымын. Жарандык алайын дегем”, - деп айтып берген туткун.

Украинада туткунга түшкөнүн айткан А.И. аттуу кыргызстандык жаран. 2025
Украинада туткунга түшкөнүн айткан А.И. аттуу кыргызстандык жаран. 2025

"Азаттыктын" колуна тийген документтерге караганда, 38 жаштагы жаран 2024-жылдын 3-ноябрынан ушул күнгө чейин Орусиянын аскер бөлүгүндө кызмат өтөйт.

"Донецк элдик республикасы, Украинадагы атайын аскердик операцияга катышат" - деп жазылган анда.

Журналисттин суроосуна жооп берип жатып кыргызстандык жаран Украинанын Торецк шаарында алардын ротасындагы 40тай кишинин 30дан ашууну каза болгонун, сегиз киши тирүү кайтканын айтып жатат. Орусиянын паспортун ала электигин, согушка жөнөтөр алдында аскер билетин, паспортун, колунда болгон бардык документтерин алып койгонун билдирүүдө. Ал кыргызстандыктарга кайрылып, Орусияда полицияга түшкөн учурда эч кандай келишимге кол койбоого чакырган.

"Эч кандай келишимге кол койбогула. Бул жакта согуш такыр башка. Бул жакка такыр согушка келбегиле", - деди ал.

Бирок ал туткунда кандай шартта маек бергенин биз айта албайбыз. Анын айткандарын башка булактардан тактоого мүмкүн болгон жок.

Туткунга түшкөнү айтылган А.И.
Туткунга түшкөнү айтылган А.И.

Украин армиясынын Башкы штабы февралдын башында Торецк үчүн айыгышкан кармаш уланып жатканын кабарлаган. Шаар тургундарынын көбү чыгып кеткен. Калгандары соңку күндөрү эвакуацияланган.

Урандыга айланган Украинанын Торецк шаары.
Урандыга айланган Украинанын Торецк шаары.

Биз Орусиянын сот чечимдери жарыяланган порталына кирип, И.А.К. деген кишиге козгологон иштин чоо-жайы менен тааныштык. Иштин кыскача мазмунунда жол кырсыгына байланыштуу иш 2023-жылы апрелде каттоого алынганы жазылып турат. Бул иште эки киши айыптуу деп белгиленген. Алардын бирөө, "Мазда" үлгүсүндөгү унаанын кожоюну, туткунга түшкөн кыргызстандык экени жазылган. Машинени башка киши башкарып баратканы айтылган. Сот жалпы жонунан 338 миң рублдей зыяндын ордун толтурууга милдеттендирген.

Туткунга түшкөнү айтылган А.И. атасы К.И.
Туткунга түшкөнү айтылган А.И. атасы К.И.

"Бала чоңойтуш биздин милдет. Ар кандай абалга кабылган учурда аталык милдетти аткарыш керек. Азыр ары-бери чуркап, документтерин даярдап жүрөбүз. Бардык эшикти каккылап жатабыз. Бутусовго маеги чыкпаганда дайынсыз деп издеп жүрө берет элек да. Орусия деле кимиси каякта экенин тактап, өздөрү деле билбейт окшойт. Кырсыкка кабылгандан кийин моралдык чыгым тууралуу бизге айткан эмес, айтса үйдү деле сатып бермекмин. Кыргыз бийлигине, президентке, УКМК жетекчисине кайрылып, Кыргызстандын жараны, менин баламды экстрадиция кылып, Кыргызстандын мыйзамдары менен соттосун же ага туткунда деген макам берип, туткундагыларды алмашууга туш болуп калабы деп суранып жатабыз. Ал туткунда болсо дагы эң башкысы тирүү",- деди анын атасы.

Учурда жакындары Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жана Орусиянын, Украинанын Бишкектеги элчиликтерине кайрылышты.

"Азаттык" Тышкы иштер министрлигине кайрылып, жалпы эле согушка кетип, дайынсыз болгондор, туткунга түшкөндөр тууралуу сурады.

"Кыргызстанда соттолсун". Украинадагы согуш туткунунун ата-энеси жардам сурайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:03 0:00

Мекеме согушка тартылгандар жана дайынсыздар тууралуу так маалымат берген жок. Болгону Орусиядагы элчилик, консулдуктар жана кыргыз диаспоралары аркылуу Кыргызстандын бул өлкөдө жүргөн жарандарына Украинадагы атайын аскердик операцияга катышпоого чакырды. Дипломаттар чет мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы жөнүндө тынымсыз маалымат берилип жатканын белгилешти.

"Бүгүнкү күндө кыргыз жарандарынан атайын согуштук операциялар маселелери боюнча массалык кайрылуулар болбогонун белгилейбиз. Бирок ага чет өлкөлүк жарандарды басымдуу учурда материалдык жардам менен орус жарандыгын жеңилдетилген шартта алуу кызыктырат. Ошондуктан Орусиянын Коргоо министрлиги менен өздөрү ыктыярдуу келишим түзүүдө. Ибраимов Алтынбек тууралуу анын агасы кайрылгандыгын ырастайбыз. Бул маселе боюнча министрлик Кыргызстандын Орусиядагы жана Украинадагы элчиликтери, ошондой эле Орусиянын Бишкектеги элчилиги менен тийиштүү иштерди алып барат. Жооптор арыз ээсине жөнөтүлөрүн маалымдайбыз", - деп жазылган ТИМдин жообунда.

Согушта дайынсыз болгондорду издөөгө көмөктөшкөн Украинанын “Хочу жить” өкмөттүк долбоорунун өкүлү Виталий Матвиенко дайыны чыкпай жаткан жана туткунга түшкөндөр тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берген.

"Биздин долбоорго жакынын издеп, 100дөн ашуун кыргызстандык кайрылган. Баса, бул “Хочу найтиге” гана 13 ай ичинде кайрылгандардын саны. Долбоорго бул аралыкта жалпы 60 миң 600 адам жазды. Алардын ичинен 400гө жакын адам туткунда экени аныкталган. Алардын теңи Украина менен Орусиянын ортосундагы туткун алмашууга ылайык кайтарылган. Бирок кыргызстандыктар арасында туткунга түшкөн бир же эки гана учур болгон. Биздин оюбузча дайынсыз жоголгондор жана аларды издегендердин саны мындан бир топ көп".

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) согушка катышкандар Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуштук аракеттерге катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) менен жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренесинде жалданма согушка азгыруу, каржылоо жана катышуу аракеттери үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Согуш башталгандан бери дайынсыз жоголгондор же туткунга түшкөндөр тууралуу Москва дагы, Киев дагы маалыматтарды ачык жарыялабайт. Буга чейин “Медиазона басылмасы” 2024-жылкы Орусиядагы сот чечимдерин тариздеп отуруп, былтыр дайыны чыкпай жаткандар жана каза болгондорго байланыштуу сотторго кеминде 20 миң адамдан арыз түшкөнүн аныктаган. Бул согуш башталгандан бери Орусиядагы дайынсыз жоголгондор тууралуу биринчи ачык маалымат болуп саналат.

Январь айында украин өкмөтү орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөн 50дөн ашуун теги борборазиялык жоокер туткунга түшкөнүн кабарлаган. Алардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 30дан ашуун жараны бар экени айтылган. Кыргызстандын жараны ар кандай шартта согушка тартылып, Украинада туткунга түшкөн учурлары буга чейин дагы болгон.

2024-жылдын май айында Ютубдагы “Пленные СВО” деген украиналык каналга жарыяланган видеодо өзүн Алишер Турсунов деп тааныштырган киши Орусияга балдарына барганда көчөдө аны полиция кармап, согушка мажбурлап алып кеткенин айтып берген. Өзбек жана орус тилдеринде сүйлөгөн 57 жаштагы киши Кыргызстандын жараны экенин, Ош шаарынан болорун белгилеген. Андан эки ай өткөндөн кийин Украина туткундарды айырбаштоонун алкагында Алишер Турсуновду Орусияга өткөрүп берген.

Шерине

XS
SM
MD
LG