Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды.Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап, кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.
Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук жана Сузак райондук сотунун жетекчилерине тартиптик жаза колдонууну чечти. Сатыев былтыр жыл соңунда Ош жана Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барганда аймактагы судьялар акча жыйнаганы ачыкка чыкты.
АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде аскердик аракеттерге тыюу салуу боюнча макулдашуу жетишилгенин жарыялады. Андан тышкары эки тарап бири-биринин энергетикалык жайларына сокку урууну токтотуу боюнча чараларды көрүүнү макулдашты. Ошентсе да азырынча тынчтыкка жетүү үчүн тоскоолдуктар арбын.
Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камакка алынгандан кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Соңку он жылдагы эң масштабдуу демонстрациялар Стамбул, Анкара жана Измирде алты күндөн бери өтүп жатат. Түркиянын президенти демонстрацияларды "зомбулук кыймылы" деп атап, оппозицияны айыптады.
Бишкектин бийлиги жолду кеңейтүү деген жүйө менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан айрым үйлөрдүн жерин кескени жатат. Мэрия жол жээгиндеги үйлөр "кызыл сызыктан" чыгып кеткенин билдирүүдө. Тургундар мэриянын аракетин "мыйзамсыз" деп атап, менчик укугу бузулуп жатканына нааразы.
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Москванын четиндеги "Крокус Сити" концерттик борборундагы терактка бир жыл болду. Бул кандуу окуядан кийин Орусияда миграциялык саясатты катаалдаштырган бир катар мыйзамдар кабыл алынып, мигранттар кыйын кырдаалга туш болду.
АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Киев менен Вашингтон сейрек кездешүүчү минералдар жана табигый ресурстар боюнча келишимге кол коёрун билдирди. Киев азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Нооруз белгиленип жатат. Кыргызстандын Бишкек, Ош баш болгон шаарларында, аймак, айылдарда да майрам түрдүү оюн-зоок менен коштолду. Ошто быйыл Нооруз президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү. "Азаттык" Бишкек, Ошто тартылган сүрөттөрдүн айрымдарын топтоду.
Эми Украинадагы кырдаалдан кабар алалы. Украина жана Орусия соңку суткада да бири-биринин аймагына сокку урууну улантышты. Күн мурун Украина жана АКШ президенттери телефондон сүйлөшкөн.
Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда колдоду. Добуш берүүгө катышкан 85 депутаттан ичинен Султанбай Айжигитов каршы болуп, калганы “макул” деп добуш берди.
Дагы жүктөңүз