Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:29

Экономика

Бишкек шаардык соту Мадумаровдун арызын карай баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:54 0:00

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтан кетти. Президенттин басма сөз катчысы ал "өз каалоосу менен кеткенин" айтса, Зулушев өзү түшүндүрмө бере элек. Израилдин өкмөтү АКШ сүрөөнгө алган тынчтык планына макул болду, бирок ХАМАС радикал тобун жок кылуу максатынан кайтпай турганын билдирди. Бишкек шаардык соту экс-депутат Адахан Мадумаровдун аппеляциялык арызын карай баштады

Бишкектеги тигүү цехтеринин бириндеги иш ыргагы
Бишкектеги тигүү цехтеринин бириндеги иш ыргагы

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы жөнүндө кайрылуу жасап, соңку эки жылда айрым кийим тигүү, курулуш компанияларынын иши токтой баштаганын билдирди. Жүздөгөн жарандары миграцияда жүргөн Кыргызстанда эмнеге жумушчу күчү жетишпей жатат?

Бишкекте 18-майдагы чет элдиктер сабалган окуядан кийин бир нече тигүү цехтери жумушчулар кетип калып, иш токтой баштаганын айтып чыгышкан.

Президенттин билдирүүсү

Президент Садыр Жапаров иш таппай жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырды. Ал 30-майда Фейсбуктагы баракчасына министрлик сунуштаган жумуштарда айлык акы 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун жазды.

"Тейлөө тармагына кызматкерлер жетишпей жатканы боюнча кайрылуулар түшүп, компания жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүүнү суранышууда. Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүрсө, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар", - деп жазды президент.

"Эмгек биржасында" акча көппү?

Бишкекте жумуш издегендер же күнүмдүк жумуштарга жалданып иштегендер Лев Толстой көчөсүн бойлой турушат. Алардын көпчүлүгү күнүмдүк ар кандай жумуштарга жалданып иштейт.

Кочкорбай Тилешбаев туруктуу жумуштун айлыгын аз деп эсептейт.

“Азыр айлык деген жок дегенде 70-80 миң болушу керек. Ошондо батир ижарасына, азык-түлүккө жетет. Иш туруктуу болгону менен 30 миң сом эч нерсеге жетпейт. Ал жактарда дагы иштеп көргөнбүз, жакшы төлөшпөйт”.

“Эмгек биржасындагылар” айына болжол менен 50 миң сомдон көп табарын айтышат. Шаар тургуну Гүлмира соңку жылдары ири шаарларда кара жумуш көбөйүп, алардын шартын айлык акысына карап тандоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонун белгиледи.

“Азыр жумуш табуу жакшы болуп калды. Мурдагыга караганда эл дагы жакшы жашап жатат окшойт. Туруктуу жумуш деле жакшы бирок, көпчүлүк кызыкпайт", - деди ал.

Кыргызстан: иш көп, жумушчу күч тартыш, маяна аз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

Бишкектеги курулуш компанияларынын биринин жетекчиси Замир Чаргынов жумуш күчүнүн тартыштыгы негизги көйгөйлөрдүн бирине айланганын айтууда.

“Негизи 2-3 жыл ичинде жумушчулардын аздыгы бир топ эле сезилди. Мисалы, курулуш тармагында биз графиктерди 3-4 жолу алмаштырууга мажбур болобуз. Анткени жумушчу жок. Өткөн жылдан баштап Түштүк Азиядан келген жумушчуларды алып жатабыз. Бирок, тажрыйбасы, адистиги жок болууда. Аларды жөнөкөй, кара жумуштарга гана алабыз. Жумушчулардын аздыгы курулуш тармагын жайлатып жатат", - деди ишкер.

Ишкер көйгөйдү чечүү үчүн Кыргызстан чет өлкөлүк жумушчулардын квотасын көбөйтүү маселесине такаларын кошумчалады.

Мигранттар эмнеге келбейт?

Бишкекте 17-майдан 18-майга оогон түнү болгон тополоңдон кийин чет элдик эмгек мигранттары өлкөдөн чыгып кетип, бир катар тигүү ишканалары токтоп калды. Кыргызстандыктар бул жумуш орундарына кызыкпайт экен. Серепчилер чет элдиктерге кол салган башаламандыкка экономикалык эле эмес, жеке жана социалдык себептер да түрткү болду деген пикирлерин айтышууда. Ошол эле учурда чет элдик жумушчулар көбөйүп, алардын катышы бизнеске таасирин тийгизе баштады.

Кыргызстанга ишке келип, алданып калган пакистандыктар
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:19 0:00

Кыргыз Республикасынын эмгек базарында жергиликтүү эл же чет жактан кайтып келгендер өз мекенинде калбай, кайра эле чет өлкөгө иштегени кеткен жагдай бар. Айрымдар Кыргыз Республикасында ылайыктуу жумуш жоктугунан же айлык акынын аздыгынан ушундай болууда деп айтышат.

Алсак, төрт жыл Орусияда иштеп келген Асылбек Арабаев азыр Бишкекте жол салган ишкананын чоң машинесин айдайт. Мигранттардын мекенине кайтып келбей жатканын мындай түшүндүрдү.

“Мен деле 3-4 жыл чет жакта эмгектенип, былтыр күзүндө келдим. Ички рынокту караганда Орусия менен айырмасы жок болуп калыптыр. Бирок Орусияда айлыкты көп төлөйт. Эң жок дегенде 80-90 миң рубль. Ал жакта деле батирдин ижарасы Бишкектегидей 30-40 миң сом. Бизде базарда баалар Орусиядагыдай, ал эми айлык аз. Айла жок баары кетип жатат. Мектепти бүткөн карындаш, инилерим да кетип жатат”, - деди ал.

Жалдаганга аргасыз

18-мартка караган түндөгү окуядан кийин эле Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде жергиликтүү эмгек базарындагы кырдаалды кыскача талдап, эмне үчүн башка мамлекеттердин жарандарын жумушка алыш керек болуп калганын чечмеледи.

Ал май айына карата Кыргыз Республикасында 6,5 миңге жакын жумуш орун бош калганын жана мекеме чет элдиктерге квота берүүгө аргасыз болгонун билдирди:

“Биздин жарандар көп учурда туруктуу иштебейт. Мисалы, тигүү цехтеринде иштеп, үйрөнүп алгандан кийин өз өндүрүшүн ачып, кетип калышат. Буга эч ким каршы эмес, бирок көбү жумушка өз убагында келбей, айлык алгандан кийин 2-3 күн дайынсыз жоголуп, аш-тойго, туулган күнгө барам деп сурана беришет. Ал эми бизнес ээлери иштин бир калыпта жүрүшүн каалайт. Туруктуу иштебей, акчасы колуна тийгенде эле изин сууткандардын айынан канча ишкана банкрот болот... Жеке бизнес ээлери чет элдиктер жумушка дайыма кечикпей келип, кээде белгиленген графиктен да ашыкча иштеп жатканын айтышат. Биздин жарандардын көбү Орусияга жана башка коңшу өлкөлөргө иштегени кетип, ал жакта туруктуу жашап калган. Кыргызстанга кайтып келип иштегиле деп чакырганыбызга жооп беришпейт... Чет мамлекеттерде биздин жарандар деле эмгек миграциясында жүргөнүн эске алып, чет элдиктерге терс мамиле кылуудан алыс болушубуз керек”, – деген министр.


Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров да акыркы жылдары кыргызстандык иш берүүчүлөр чындап эле айрым өлкөлөрдөн келгендерди жумушка жалдоону туура көрүп жатканын айтат.

“Биздин тигүүчүлөр чет элдиктерди жумушка алган негизги себеби туруктуулук жана сапат экенин айтышат, анткени бул жумушчулардын көбү мурда өз мекенинде тигүүчүлүк менен алектенип келишкен. Болгондо да алар бир жерден экинчи жерге өтө качпайт, сөзгө бек, ошондуктан ишкерлер буюртманы коркпой эле алышат. Улутуна карабастан, тигүүчүлөргө иштегенине жараша орто эсеп менен 400-500 доллар айлык төлөнөт. Бирок ар кандай кырдаалдар болот. Мага бир ишкер келди. Ал чет элдик жалданма жумушчуларды алып келип, мыйзамдуу түрдө каттоодон өткөрөбүз дегендерге ар бири үчүн 1000 доллардай төлөп бериптир. Бирок бир-эки жумадан кийин келгендердин жарымы качып кетиптир. Ошончо акча короттум, эми кантем деп санаага батып жатат. Демек, тараптардын милдеттерин жана чыгашанын ордун толтуруу жагынан мыйзамдарды жеткире иштеп чыгуу зарыл окшойт”.

Депутат майдагы тополоңдон кийин тигүү ишканаларынан чет элдик жумушчулардын кеткени тууралуу эки башкача маалымат бар экенин айтып берди:

“Мен [бул сектордогу] көптөгөн тааныштар менен сүйлөштүм. Коркконунан кетип калгандар бар дешет, бирок алар аз. Негизинен мыйзамдуу уруксат албагандар, башкача айтканда, документтери туура таризделбегендер өлкөдөн чыгып кетишкен. Мындайча айтканда, алар кырдаалдан пайдаланып калышты, анын үстүнө ошол учурда жол киреси бекер болуп калбадыбы. Ал эми биздин жарандар айлыгы көбүрөөк жумуш издегени жөндүү эле көрүнүш. Бул суроо-талап менен сунуш мыйзамы. Демейки, табигый процесс. Бангладештин же Пакистандын ошол эле жарандары көбүнчө Орусияга иштегени бара албайт, биздикилер барып, жумушка орношо алат, ошондуктан кетип жатат. Башкача айтканда, бул жерде жөн гана базар мыйзамдары иштейт”, – деп жыйынтыктады ал.

Бишкек: 60тай тигүү цехинин иши токтоп калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

Акчаны үйдөн эле тапса болбойбу?

Бул арада Москванын жанындагы "Крокус Сити Холлго" теракт жасалып, андан соӊ орус бийлиги эмгек мигранттарына карата мамилесин катаалдаштыргандан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинен Кыргызстандан барып иштеп жүргөндөрдүн көбү Орусиядан кете башташты же кетүүнү ойлонуп калышты. Эки жыл мурун Украинадагы согуш башталганда да ушундай абал байкалган.

Эмгек миграциясы, социалдык камсыздоо жана миграция маселелери боюнча чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башкы адиси Элиза Тургуналиева “Азаттыкка” 2023-жылы Кыргыз Республикасына кайтып келген эмгек мигранттарынын ичинен 1547 адам ушул мекемеге кайрылганын айтты:

“Алардын көбү (1392) Орусиядан кайтып келишкен, калгандары Түркия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн келген. Биз 143 арыз берүүчүнү кесиптик окууга, 233 жаранды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга жөнөттүк. Арыз бергендердин 886сы жумушсуз деп табылды”.

Айтмакчы, май айынын башында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жыл сайын 250 миңге чейин жумуш ордун түзүү боюнча тапшырма бергени белгилүү болгон.

“Буйрукту ишке ашыруунун нугунда эмгек акынын деңгээли көтөрүлүп, тигүү тармагы, курулуш, туризм жана экономиканын квалификациялуу адистерге жана жумушчу күчкө муктаж башка тармактары активдүү өнүгүп жатат... Бүгүнкү күндө биздин мекеме 127 кесип боюнча окутуу, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатууга шарт түзүп жатат. Иш менен камсыздоонун жаңы чарасы катары жаштарды өндүрүштө эле окутуп-үйрөтүү менен тажрыйбасын арттыруу иши сынактан өткөрүлүп жатат”, – дешти Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) өкүлдөрү.

Алар мамлекет каржылап, чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган “Социалдык келишим” программасы бар экенин, анын алкагында 2024-жылы 23 миң жумуш орду түзүлөрүн да эске салышты.

Бирок иш жүзүндө, барган жеринен кетүүгө аргасыз болгон учурда деле, кыргызстандыктар өз мекенине келип иштөөгө шашылбайт.

Мындай абал карапайым адамды таң калтырат, анткени көп адамдар Кыргызстанда жумуш жок деп даттанган чакта өз тилин гана билген чет өлкөлүк жарандар опоӊой эле жумуш таап жатышат. Айрымдар муну мекенине кайтып келген мигранттар үчүн бул жактагы айлык акы аздык кылары менен түшүндүрүшөт. Бирок негизги себеп экономикага деле тиешеси жок деген пикирлер да бар.

Ololo компаниялар тобунун бизнес-багытоочусу Данияр Аманалиев бул таӊкалычтуу жагдайдын маданий өӊүтүнө көӊүл буруп, Кыргызстан коомунда “муундар аралык чоң ажырым бар” деген пикирин айтты:

Данияр Аманалиев.
Данияр Аманалиев.

“Алыска кетип, бөтөн жерде жашоодон коркпогондор бул жакта калууга анча кызыкпайт. Алардын көбү, айрыкча аялдар, жакындарынын психологиялык кысымына кабылышы мүмкүн. Ал эми чет өлкөдөгү жашоо таризи башкача эмеспи. Мен Санкт-Петербургда беш жыл окугам (Данияр Аманалиев – Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университетинин бүтүрүүчүсү-ред.), ошондо өзүм кандай жол тандаганым эсимде. Көнүп калган жашоонун көптөгөн артыкчылыктары бар. Ошондуктан минтишиӊ керек, тигиндей кылган жарабайт деп башкалар кийлигише берген чөйрөгө кайтып келүү абдан кыйын. Бул жогорку билими жок жөнөкөй жумушка барган эмгек мигранттарына эле эмес, бир нече тил билген, маданий себептерден улам кетип жаткан кыргызстандыктарга да тиешелүү. Ырас, биздин өлкөдө жумуш бар. Ал эми рубль курсу төмөндөп жатканын, Орусияда калгандагы тобокелдиктерди эске алганда, тияктагыга салыштырмалуу Кыргыз Республикасында эч кыйналбай эле жакшы жашоого болот деп ойлойм. Бирок бул жерде мигранттарды эле эмес, алардын колун караган үй-бүлөлөрүн да эске алышыбыз керек. Анткени алар көнүп калган жашоо мүнөзүнөн баш тарта албай кыйналышат. Үйгө телефон чалып, эми келе берейин десе, жакындары жок, ошол жакта эле иштей бер дешет... Ооба, [мигранттар] которуп турган акча ички дүӊ өнүмүнүн (ИДӨ) 30% ашыгын түзөрүн жана өлкөдөгү керектөөнүн чоң бөлүгүн камсыздап жатканын эске албай коюуга болбойт. Бирок бул жерде өлкө лидерлери коомго кандай ишарат жасап жатат деген суроо туулат. Эгер алар четтеги жарандарга кайрылып, “кайтып келгиле, бизде жумуш бар” десе, албетте, бул таасир этет. Бирок алар ошентүүгө даярбы, азыр бул зарылбы? Менимче, бул маселе талданып жатат, анткени биз азырынча мындай ишаратты байкай элекпиз”.

Ишкердин айтымында, балким, “көп адамдар кайтып келип, көпчүлүгү жумуш таппай калса эмне болот деген кооптонуу маанайы бар”. Ошондуктан ал мигранттарды мекенге келгиле деп чакыра бергендин да опурталдуу жагы бар экенин айтты:

“Мен буга чейин берген маегимде Орусиядагы мигранттарыбыз ал өлкөнүн экономикасына кандай салым кошуп жатканы боюнча болжолдуу эсептерди айткан элем. Ал сумма Кыргызстандын ИДӨcүнөн эки эсе көп. Башкача айтканда, четтеги жарандарыбыз – эбегейсиз чоӊ экономикалык күч, болгондо да алар үйүнөн алыс чыкпай, мусапырчылыкты баштан өткөрбөгөндөргө караганда кыйла тартиптүү, жоопкерчиликтүү болушу мүмкүн... Бирок бул жерде көп нерсе [бийликтин] экономикалык саясатындагы багыттарга байланыштуу. Менин оюмча, адамдардын жакшы жашап, ишкердик менен алектенип, экономикалык жактан бакубат болуу, өз алдынча өнүгүү ж.б.у.с. жөндөмүнө ишенүү зарыл окшойт. Ушундай ишеним бар болсо, анда четтеги мекендештерди келгиле деп чакырасың. Эгерде ГЭС куруу, кендерди иштетүү жана башка ири экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашат деген ишеним күчтүү болсо, анда бул маселе менен көбүрөөк алектенесиӊ... Бийлик өрт өчүргөндөй өтө зарыл милдеттерди аткарып жатканын, балким, кыйла алгылыктуу жана тез натыйжа берет деп эсептеген чечимдерди кабыл алып жатканын көрсөтүп жаткандай”.

“Өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү”

Кыргыз Республикасынын бийлиги жарандардын эмгек миграциясын жөнгө салуу жагынан жигердүү иштеп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Март айынын башында Ош шаарында миграциялык ресурстук борбор иштей баштаганы белгилүү болду. Ал эми 2023-жылы декабрь айында ЭСКММ Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 10 билим берүү жана миграцияга чейинки даярдоо борборун ачты.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 8-майда Москвада Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин юбилейлик жыйынында сүйлөп жатып, миграциялык саясат маселесине токтолуп, “Кыргыз Республикасы үчүн эмгекчилердин журт которуу маселелери принципиалдуу мааниге ээ” экенин белгиледи, ошондуктан ЕАЭБ жөнүндөгү келишимдин жоболорун бузууга же начарлатууга жол бербөөгө чакырды.

Буга чейин, апрель айынын аягында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Москвада Кыргызстандан келген эмгек мигранттары үчүн “жагымдуу шарттарды түзүү” маселесин көтөргөн.

Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) май айынын башында жарыялаган “Дүйнөлүк миграция жөнүндө баяндама – 2024” документине ылайык, “эл аралык миграция адамдык өнүгүүнүн жана экономикалык өсүштүн кыймылдаткыч күчү бойдон калууда, муну эки жыл ичинде эл аралык акча которуулардын көлөмү 650% ашык өсүшү далилдейт”. Мындан тышкары, талдоо көрсөткөндөй, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө бул акча которуулар “ИДӨнүн олуттуу бөлүгүн түзүшү”, айрым жерлерде бул чет өлкөлүк тикелей инвестициялардын көлөмүнөн ашып кетиши мүмкүн.

Анда “миграция тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө орчундуу мааниге ээ болуп кала берет, бирок негизги маселелер чечилбей турат” деп айтылат. Алсак, “мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү пайда тапканы менен, олуттуу кыйынчылыктарга да учурашы мүмкүн; анткени адамдар барган жеринде коомго аралашып, жумуш орундары үчүн атаандашуу, социалдык тейлөө маселелерине жана каржылык чыгымдарга дуушар болушу ыктымал” деп айтылат. Баяндаманын авторлору миграция жумушчу күч сунушун көбөйтүү жана оош-кыйыштарды жөнгө салуу аркылуу эмгек базарына оң таасирин тийгизип жатканын да жокко чыгарбайт.

Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасына ылайык, өлкө бийлиги жумушсуздуктун деңгээлин 5,8%-5% чейин төмөндөтүүгө ниеттенүүдө. Бул биринчи кезекте миграциянын эсебинен ишке ашырылмакчы. Бир жыл мурда ЭСКММ Кыргыз Республикасынын 1,5 миллиондон ашык жараны чет өлкөдө иштеп жатканын жана алардын саны жыл сайын көбөйүп баратканын билдирген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын эсебинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирген. Ошол эле маалда расмий маалымат боюнча 60 миңдей адам жумушсуз катары каттоодо турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG