Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

Орусиядан чыгарылгандар былтыркыга караганда эки эсе көбөйдү


Орусия. Архивдик сүрөт.
Орусия. Архивдик сүрөт.

Орусияда быйыл жыл башынан тартып апрель айына чейинки аралыкта былтыркы жылдын ошондой эле мезгилине салыштырганда дээрлик эки эсе көп чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылды. Жалпысынан быйыл алгачкы төрт айда 22 миңдей чет элдик чыгарылганын бүгүн 28-майда "Верстка" басылмасы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды.

Мындан тышкары 6,8 миңдей киши мигранттар үчүн ачылган атайын жайларда мекенине жөнөтүлмөкчү. Бул сан да былтыркыга караганда эки эсе көп.

Орусияга кирүүгө тыюу салган чечимдер да көбөйгөнү маалымдалды. Былтыр алгачкы үч айда 55 миң чет элдик Орусияга кире албаган болсо, быйыл төрт айда бул көрсөткүч 79 миң кишини түздү. Орусияда убактылуу жашоого уруксат берүү 40,9%, жашап туруу укугун берүү 20,1% азайды.

Күч органдары "мыйзамсыз миграция" уюштурган деген шек менен аныктаган чет элдиктер 2,5 эсе көбөйдү.

22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусиянын ар кайсы аймактарында чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерине текшерүү күчөгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG