Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

Экономика

Орусия 10 миңдей мигрантты согушка салды
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:00 0:00

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин эмгек мигранттарын өлкөдөн кетирүү үчүн Москва аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду.

mandatory phone registration in Kyrgyzstan
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:12 0:00

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү жараяны башталды. Ишти Мамлекеттик идентификациялоо системасы алып барат. Ал системага УКМК, ИИМ, Салык кызматы, Бажы кызматы, байланыш операторлору жана идентификациялоо оператору кирет.

Өкмөт уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо менен рынокту жасалма телефондордон коргоп, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын алдын алуу максатын көздөөрүн билдирүүдө.

25-июндан тарта мобилдик телефондор Мамлекеттик идентификация системасына катталышы керек. Атап айтканда, ушул күндөн тарта өлкөгө кирип жаткан телефондор чек арадан каттоого алына баштайт. Ал эми өлкө ичинде колдонууда жүргөн аппараттар эки айдын ичинде каттоодон өткөрүлүшү керек. Антпесе катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албай калат.

Мамлекеттик идентификациялык система өлкөгө аткезчилик жол менен, жасалма телефондордун киргизилишин алдын алат. Сатыкка мыйзамдуу алып келинген, пайдаланууга коопсуз жана IMEI-коду менен катталган телефондор гана чыгарылат.

Телефонду каттатуу: Коопсуздук жана купуя маалымат
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Телефондорду «Инмобайлс» компаниясы каттайт

Ал эми телефондорду каттоону «Инмобайлс» жеке компаниясы жүргүзө турганы маалым болду.

Компания аппаратты идентификациялоо боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыккан мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдирүүдө.

«Кыргыз Республикасында катталган «Инмобайлс» ЖЧКсы бул иштерди чечүү максатында интеллектуалдык менчикке ээ. Жана дүйнөдө, анын ичинде Жакынкы Чыгышта, Африкада, Перс булуңунда жана Евразияда патенти бар InMobiles эл аралык уюмунун өкүлү болуп саналат. GSMAнын ассоциациялык мүчөсү болуп эсептелет» деди аталган компаниядан.

Кыргызстанда 2021-жылы катталган «Инмобайлстын» негиздөөчүлөрү - Шарбель Эль Литани жана Татьяна Козырская.

Компания системаны ишке киргизүү, техникалык кызмат көрсөтүү, GSMA базасынын маалыматтарынын негизинде аппаратты идентификациялоо жана верификациялоо иштерине жооптуу болот.

Анткен менен бардык уюлдук телефондорго тиешелүү маалыматтарга мамлекеттик эмес компаниянын ээ болушу кооптуу эмеспи деген суроо да коюлууда. «Инмобайлс» жарандардын жеке маалыматына коркунуч туулбайт деп ишендирип жатат:

«Маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү. Белгилей кетсек, тутум жарандардын жеке маалыматтарын камтыбайт жана жарандардын жеке жашоосуна болгон конституциялык укуктарын бузбайт. IMEI код аппараттын техникалык мүнөздөмөлөрүн гана камсыз кылат».

Идентификациялоо операторунун маалыматы боюнча телефондордун IMEI коддору сакталган базага УКМК кызмат ээлик кылат. Эгер уюлдук телефон уурдалган учурда милицияга арыз түшсө, анда ички иштер кызматкерлери уурдалган телефонду аралыктан өчүрүп кое алышат.

Мамлекеттик адистер да телефондорду милдеттүү түрдө каттоо аппараттын техникалык мүнөздөмөлөрүн гана камтыгандыктан жеке маалыматтар үчүн кооптонууга негиз жок экенин белгилешүүдө.

Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Турсун Мамбетакунова антип чочулай бере турган болсо, азыр ансыз деле уюлдук телефондордо жарандардын маалыматтары бар экенин белгилейт:

"Бардык уюлдук байланыш операторлору жарандардын маалыматтарына ээ. Аларда бир гана телефондун номерин эмес, жарандардын өздүк маалыматын дагы катташат. Тагыраагы, алардын системасына деле коркунуч туулушу мумкүн. Толугу менен коопсуздук чаралары сакталган деп эч ким айта албайт. Бирок биз башка мамлекеттик органдар менен биргеликте, ошондой эле улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет менен чогуу бул багытта иш алып барып жатабыз".

Телефон аппараттарын каттоо кандай жүрөт?

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз катталат. 25-июндан тартып, эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттата алышат. Чет өлкөдөн сатылып алынган телефондорду ишкерлер www.imei.kg. сайтында каттатышы керек.

"Учурда аппаратты Мамлекеттик реестрден каттоо кызматы үчүн төлөм 528 сом, анын үстүнө кошумча нарк салыгы кошулат. Баасы IMEI коддорунун санына карабастан бир түзмөк үчүн түзүлөт. Ишкердик жүргүзүү максатында алынып келинген бардык аппараттар импорттоочулар тарабынан каттоодон өткөрүлөт", - деп “Инмобайлс” ЖЧКсы "Азаттыкка" маалымдады.

"Акчабар" басылмасы бул жерде өтө чоң суммадагы акча каражаты жөнүндө сөз болуп жатышы мүмкүн экенин белгилеген. Анын маалыматына караганда, 2019-жылдан 2023-жылаг чейин өлкөгө 23 млн 827,5 миң телефон аппараты кирген. Ал эми быйыл 4 айда 705 телефон алып келинген.

Уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоого байланыштуу "Азаттык" Бишкек шаарынын тургундарынын пикирин сурап көрдү.

- Коркунуч деле жок. Тиешелүү органдар керек болсо, бардык жактан таап алат да.

- Пайдасы, зыяны жөнүндө айтканда, эми мунун баары системалаштырылышы керек да, менимче. Мамлекет үчүн пайдалуу эле болсо керек. Ал эми жеке маалыматтарга токтолсок, аларды уурдап кетип жатышпайбы. Эл шылуундардан жапа чегип жатышат.

- Макул же каршы экенимди айта албайм. Ал жөнүндө маалыматым жок. Каттаса мүмкүн жанагындай жоголуп, неме болгондор табылып калабы дейм да.

- Жаман жагы бир чети эми телефон адамдын жеке буюму да.

- Менимче бул жакшы. Өкмөт канча телефон кирип жатканын көзөмөлдөп турат. Алардан салык алат. Акча болсо мамлекеттин казынасына түшөт.

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү маселеси алгач 2018-жылы көтөрүлгөн. Анда бул багыттагы мыйзам 2013-жылы эле киргизилгени айтылган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG