Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Экономика

Кыргызстанда 1-июлдан баштап бардык соода иштеринде милдеттүү түрдө ККМ колдонулушу керек.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ири базар ээлери, соодагерлер менен жолугуп, ККМ, электрондук коштомо кагаздары, электрондук эсеп-фактуралар боюнча жыйын өткөрдү.

Базар ээлеринин тынчсыздануусу

Салык мыйзамындагы жаңы эрежеге ылайык, эми ККМ колдонбогон соодагер үчүн базар ээлерине дагы айып салынат.

"Дордойдогу" “Алкан” базарынын ээси Чыңгыз Алканов салык мыйзамын бузган соодагерлер үчүн базар ээлерин жазалоо акыйкатсыз болуп каларын айтты.

Ал айып пул салуунун мөөнөтүн жылдырууну жана суммасын азайтууну сунуштады.

Чыңгыз Алканов.
Чыңгыз Алканов.

“Эч нерсе жасабаган киши гана жаңылбайт. Менин миңдей ижарачымдын арасынан жаңылып калгандар болот. Алар 1% же ондой киши болсо, 10 млн сом айыпка жыгылабыз. Мындан “банкрот” болобуз деп айткандан алысмын, бирок чоң тобокелдик бар. Айып пул салууну бир жылга жылдырууну жана суммасын азайтууну сунуштайм. Анткени сумма өтө чоң болуп жатат”, - деди Алканов.

Алканов азыр ишкерлер салык маселесине олуттуу мамиле кылып калганын, айрымдары өкмөттүн чараларына тынчсызданып жатканын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров айып пулдун суммасы – 1 млн сом кандай негиз менен аныкталганына кызыкты.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ири базарларда атайын режим менен салыктык жеңилдетүүлөр каралганын белгилеп, ишкерлер менен “жоопкерчиликти дагы тең бөлүшүү” керектиги айтты.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганын белгилеп, анын суммасы боюнча буларга токтолду:

Жыйынга катышкан өкмөт мүчөлөрү.
Жыйынга катышкан өкмөт мүчөлөрү.

“Базар ээси менен ошол контейнердин ээси келишим түзүп жатканда ККМди сураш керек. Эгерде бар туруп колдонбосо, буга базар ээлери жооп бербейт. Андыктан 1 млн сомго сарсанаа болбошуңар керек. Мисалы, шаардагы соода борборлордун биринде дагы айып болгон жок. ККМ жок болсо, келишим түзбөгүлө. Ошондо бул жерде чоң маселе болбойт”.

Жыйында президент ишкерлерди салык маселесине байланыштуу көйгөйлөрдү ачык айтууга чакырды. 1-июлдан кийин буга чейинки ири базарлардагы акциялардай түшүнбөстүк болбошу керектигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров ККМ, ЭТТК боюнча ишкерлер менен жолугушту. 6-июнь, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров ККМ, ЭТТК боюнча ишкерлер менен жолугушту. 6-июнь, 2024-жыл.

Жыйында сүйлөгөн айрым ишкерлер базарда жашы өткөн соодагерлер басымдуу экенин айтып, ККМ, электрондук коштомо кагаздары, электрондук эсеп-фактураларды колдонууну жөнөкөйлөтүүнү суранышты. Ошондой эле бардык базарларда салык кызматынын түшүндүрүү бөлүмдөрүнүн зарылдыгы айтылды. Ишкерлердин бири салык кызматынын сайтынын иштешине нааразы болду.

“Иштеш аябай оор. Кээде катып калат, кээде иштебейт. Буга чейин дагы айтып келгем. Программа көп баскычтуу болуп жатат. Логин жана сыр сөздү берет. Ал кээде иштейт, кээде иштебейт”, - деди соодагер.

"Ар бир экинчи соодагер кирешесин жашырат"

Салык кызматынын өкүлү salyk.kg сайтына мүнөтүнө миңдеген документтер келерин, үзгүлтүксүз иштеп жатканын айтты. Президент көйгөйдү айтып чыккан ишкер менен сайт боюнча иштешүүнү тапшырды.

Өлкө жетекчиси Садыр Жапаров өкмөт менен ишкерлердин ортосунда калыс адам болорун, мындай жыйындар дагы улантыларын айтты:

“Салыкчылар ишкерлерди өтө кыйнап жибербегиле. Акылдашып, макулдашып жасагыла. 1-июлдан баштап бул системаны киргизгенден кийин карап турабыз. Мен калыс болом. Эгерде ошончолук эле кыйын болуп баратса, сиздер менен кеңешип башка чечимдерди кабыл алабыз”, - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн көмүскө экономикадан чыгууга ири базарлардагы соодагерлер тоскоол болуп жатканын белгиледи.

Жапаровдун айтымында соода тармагындагы ар бир экинчи ишкер чыныгы кирешесин жашырат.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Азыркы учурда мамлекетке салык түшүүдө базарлардын үлүшү 1 млрд сомго жетпейт. Салык кызматы чогулткан 185 млрд сомдун 0.5% гана түзөт. Базар эсеп фактураларды бербесе, товар алып, соода кылган кийинки ишкерлерге кыйын болууда. Өлкөдөгү соода тармагындагы дээрлик ар бир экинчи ишкер салыктан качат же кирешесин төмөндөтүп көрсөтөт”, - деди Акылбек Жапаров.

Өкмөттүн базарга ККМ киргизүү аракети

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өткөрмөк.

Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек.

Бул мөөнөт жакындаганда - 2023-жылы ноябрдын аягында жана декабрдын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш таштаган. Президент “Дордой” базарына барып, соодагерлер менен жолуккан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат.

ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салык документи.

 Ош: Матраимовдун үйү турган жер тилкеси мамлекетке алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:54 0:00

Бээжинде үч өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун биргелешип куруу боюнча макулдашууга кол коюшту. 20-30 жылдан бери кагазда калып, бирок ишке ашпай келген долбоор быйыл күздө баштала турганы кабарланды. Газада БУУнун мектебине сокку урулганда 30га жакын киши набыт болду. Имаратта жер которгон палестиналыктар баш калкалап жаткан. Ошто Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жана экс-спикер Акматбек Келдибековго тиешелүү үйдүн жерин кайтаруу иштери башталды. Матраимов менен Келдибековдор бул тууралуу комментарий бере элек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG