Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Экономика

Украина АКШ жана Жапония менен коопсуздук макулдашуусуна кол койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:45 0:00

Кемпир-Абад ишин караган судья 27 айыпталуучунун 22син актады. Киев Вашингтон жана Токио менен коопсуздук макулдашуусуна кол койду. Орусиянын финансы институттары АКШ санкциясына кабылгандан Кыргызстандагы айрым банктар орусиялык акча которуу системасына чектөө киргизди. Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соту уланды.

Орусиянын борбордук банкы
Орусиянын борбордук банкы

13-июндан тартып Москва биржасында доллар жана евро соодасы токтотулду. Буга АКШнын чектөө чаралары себеп болгону мекеменин сайтындагы расмий маалыматта айтылды. Финансылык инструменттер, акциялар, баалуу металлдар боюнча эсептешүү доллар жана евро менен жүргүзүлбөйт.

12-июнда Москва биржасы, Орусиянын Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи АКШнын Каржы министрлигинин Орусияга Украинага согуш ачканы үчүн жарыялаган санкция тизмесине кирди.

Алар Орусиянын валюта рыногунда доллар менен соода жүргүзүүдө ортомчулук роль ойноп келген структуралар.

Жаңы санкциялар Орусиянын каржы системасындагы “коргоо өнөр жайына инвестицияга көмөктөшүүгө бурулган архитектурага каршы” багытталганы белгиленди.

Орусиянын Борбордук банкы доллар жана евро менен операциялар биржадан тышкары деңгээлде жүргүзүлөрүн билдирди. Рублге карата расмий курстарды бул мекеме банк отчеттуулугунун жана биржадан тышкаркы сооданын санарип платформасынын маалыматынын негизинде аныктап турары маалымдалды.

Доллар жана евро менен операциялар биржадан тышкаркы рынокто жүргүзүлөрү айтылды.

Жарандарга жаңы эреже боюнча түшүндүрмөсүндө өлкөнүн башкы банкы компаниялар жана жеке жарандар орусиялык банктар аркылуу доллар жана евро сатууну, сатып алууну уланта алышарын билдирди.

"Жарандардын жана компаниялардын эсебиндеги, депозитиндеги бардык доллар жана евро каражаты коопсуз бойдон калууда. Жарандардын жана уюмдардын доллар жана евро депозиттеринен акча каражатын чыгарууда Орусия Банкы аныктаган мурунку режим сакталып кала берет", - деди мекеме 12-июнда.

Санкция рублдин конвертация болуу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, Орусиядан валюта чыгаруу наркынын жогорулашына, валютанын орусиялык экспорттоочуларга ыңгайлуу курс менен сатылышынын оорлошуна алып келерин Европалык саясатты талдоо борборунун (CEPA) илимий кызматкери Александр Коляндр айтып берди:

"АКШнын мындай чектөө чараларынын максаты ар бир орусиялыктын жашоосун кыйындатуу гана эмес, Орусиянын согушун улантуу үчүн зарыл нерсенин баарын импорттоону татаалдаштыруу, мунай экспортунан түшкөн кирешени кыскартуу. Ал эми рублдин курсу боюнча мен азыркы учурда кандайдыр бир так божомол берүүдөн карманат элем. Рубль мурдагыдай эле фундаменталдык көрсөткүчтөр менен аныкталып жатса, анда Москва биржасынын чечими курсту олуттуу өзгөрүүгө алып келбейт. Азыркы дүрбөлөң абал бара-бара ордуна келет. Себеби, импорттоочулар да, экспорттоочулар да эч жакка жок болуп кеткен жок, алар маселени ич ара макулдашып, чечип алат. Рублдин узак мөөнөттөгү оор көйгөйлөрү экспорттон түшкөн валюта агымы азайганда же импорт өзгөргөндө башталат".

Кыргызстандык фирмалар "кара тизмеде"

Жаңы санкция тизмесине жалпысынан 300 компания, 33 адам кирди. Алардын арасында Орусиянын каржы мекемелеринен тышкары орусиялык ишканалар үчүн алтын чайкоочу, учкучсуз учактардын өндүрүшүнө жардам берүүчү, Орусиянын химиялык жана биологиялык курал программасына зарыл болгон маанилүү материалдарды сатып берүүчү эл аралык түйүндөрдөн ондон ашуусу бар.

Орусияга каршы санкциялар анын өзүндөгү гана эмес, Борбор Азия аймагындагы юридикалык жактарга да тийиштүү болду.

Кыргызстанда, мисалы, "Нова проект" жана "Транзит Сервис Бишкек" деп аталган эки ишканага чектөө киргизилди.

Расмий маалыматка караганда, "Нова проект" 2022-жылдын августунда негизделген жана курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу менен алектенери жазылган.

Бирок АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында, аталган фирманы орусиялык ишкер Дмитрий Алиханов ортомчу структура катары колдонуп келди. Ал аркылуу Орусиянын аэрокосмостук өнөр жай тармагына станокторду сатып алып турушкан.

Ал эми "Транзит Сервис Бишкек" санкцияга эмне себептен кабылганын АКШ өкүлдөрү түшүндүрүшкөн жок. Бул компания 2015-жылы катталган, кайсы бир багытка байланбаган дүңүнөн соода жүргүзүүгө адистешкен.

Казакстандан АКШнын санкциялык тизмесине бул жолу "КБР-Технологии" фирмасы кирди. Ал Орусиянын санкция жарыяланган "Остек" корпорациясына жарым өткөргүчтөр өндүрүшүнө зарыл машиналарды жана башка жабдыктарды жөнөтүп турганы кабарланды.

Москва биржасы банктар валюта сатып алып жүргөн негизги аянтчалардын бири болчу. Алар доллар же евро сатуу же сатып алуу үчүн биржага электрондук арыз жөнөтүшчү. Бул биржадагы валюта соодасын карап Борборук банк валюталардын рублге карата курсун аныктап турчу.

Эми Москва биржасы да, Улуттук клиринг борбору да чет жактан валюта сатып алууда же сатууда ортомчулук кызматын көрсөтө алышпайт.

"Орусиядан оолактаган оң болот..."

12-июнда Орусиянын бир нече банкы доллар баасын жогорулаткан. Борбордук банк аныктаган расмий курс 1 долларга 89 рубль, ал эми акча алмаштыруучуларда 200 рубль болгон.

Кыргызстанда 13-июнда Улуттук банк 1 рублди 97 тыйын деп баалады. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда 1 рублди 50-80 тыйынга сатып алып, 98 тыйындан сатып жатты.

Орусиядагы жаңы эреже Кыргызстанда орус рублинин курсуна кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Бул тууралуу пикири менен "Настоящее время Азия" каналына курган маегинде жергиликтүү экономист Марат Мусуралиев бөлүштү.

Марат Мусуралиев.
Марат Мусуралиев.

- Негизи түздөн-түз бул маселе Москва биржасынын өзүнө гана тиешелүү. Кыргызстандын банктарында, адатта, жетекчилери өзүлөрүнүн профилдик кызматтарынан корутунду сурашат жана ошонун негизинде Москва биржасы менен кызматташтык зарылдагы, анын кандай форматта болору тууралуу чечим кабыл алат. Эгер оң корутунду берилсе, кызматташтык уланат, ал эми эгер андай корутунду болбосо азаят. Балким, андан ары таптакыр токтойт.

- Азыркы тапта кандай корутунду берилиши мүмкүн деп эсептейсиз?

- Азырынча пауза кармашат го дейм. Курс маселесинде эки компонент бар. Биринчиси көз боёмочулук деп аталат. Ал азыркыдай форс-мажор жагдай менен мүнөздөлөт жана айрым чайкоочулар курс менен ойной башташат. Экинчиси – реалдуу суроо-талап болгондо же, тескерисинче, суроо-талап азайганда курс өзгөрүшү мүмкүн.

Бизде мамлекеттик регулятор койгон шарттар өтө катаал болгондуктан чайкоочуларда мүмкүнчүлүк дээрлик калбайт. Болгону талап катуулаганда жүгүртүү көлөмү төмөндөп кетиши ыктымал. Адамдар доллардын курсу жогорулашы мүмкүн деп ойлосо аны сатпай, кармап турушат.

- Айрым эксперттер рубль эми конвертацияга жарабаган валютага айланганын, анын реалдуу наркын доллар–юан же рубль–юан деп эсептеп билсе болорун айтып жатышат.

- Андай деле эмес. Биздин Орусия менен байланышыбыз Москва биржасына гана барып такалбайт да. Сырттагы эмгек мигранттарынан түшкөн акча которуулардын 90% жакыны бизге Орусиядан келет. Бул жылына 2,5 миллиард доллардай акча. Ал жерде Москва биржасынын тиешеси дээрлик жок. Күйүүчү-майлоочу майдын 90% да Орусиядан алабыз.

Маселе башкада. Экинчи даражадагы санкцияларга кабылбаш үчүн биздин өлкө экономикалык кызматташтыктын бардык багыттарында Орусиянын үлүшүн бара-бара азайтууга өтүшү зарыл.

Ооба, Москва биржасы олуттуу инструмент, бирок ал валюта курсун аныктоодо эң негизги жана жалгыз мекеме эмес.

Санкцияга кабылуу, албетте, валюталар курсунун айланасында кыска мөөнөткө көз боёмочулук жаратпай койбойт.

- Рублдин бүгүнкү реалдуу наркын кантип биле алабыз?

- Чайкоочулук дайым болгон жана боло берери анык. Аны эске албастан реалдуу суроо-талап жана сунушту карап көрсөк, ал Москва биржасы гана аркылуу аныкталбайт. Соода жүргүзүү аянтчалары өтө көп. Москва биржасы олуттуу аянтча болгону менен негизги инструмент эмес.

Чайкоочулук аракети болот, бирок Кыргызстандын мамлекеттик регулятору рыноктогу оюнчуларга, банктарга жана акча алмаштыруучу жайларга өтө эле аша чаап кетүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Бирок суроо-талап жогорураак болуп турган шартта, мейли кыска мөөнөттүү, негизсиз болобу же кымгуут түшөбү, колунда доллары барлар наркы жогорулаганын көрсө аны кармап турушат, сатып жибербегенге мүмкүн болушунча аракет кылышат.

Курстун чукул арада өтө олуттуу өзгөрүүлөрү болбойт, бирок жүгүртүү да төмөндөй баштайт.

Жалпысынан, албетте, республика экономикасы Орусиядагы кырдаалдан азыраак көз каранды болушу үчүн Орусиядан кызматташтыктын бардык багыттарында – эмгек миграциясында да, акча которууда, күйүүчү-майлоочу май импортунда, тигүү тармагынын продукциясын сатууда да болушунча оолакташы зарыл.

Орусия Украинадагы согушунун айынан экономикалык санкцияга улам көбүрөөк кабыла баштайт. Санкцияны АКШ гана эмес, Европа Биримдиги да, башка өлкөлөр да салышы мүмкүн.

Албетте, анын терс таасири бизге да тийбей койбойт. Анткени Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү катары биз Орусия менен бир бажы союзундабыз, бирдиктүү эмгек рыногундабыз.

Албетте, кайсы бир өлкө менен бирдиктүү мейкиндикте болсок, ал өлкө кайра-кайра санкцияга кабылып жатса, ошол экономикалык союздун башка мүчөлөрү учүн коркунуч деңгээли да жогорулайт.

-Ал эми валюта рыногунда абал кандай болот? Рубль арзандайбы же тескерисинче, кымбаттайбы?

- Менин жеке пикиримде, доллардын рублге карата курсу улам жогорулай берет. Себеби, өзүңүздөр ойлоп көрсөңүздөр, Орусиянын мамлекеттик бюджетинин 30% жакыны согушка жумшалууда. Мындайды бир да экономика көтөрө албайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG