Ташкенттик Диана рак илдетине чалдыкканын быйыл жазында билген. Ал аталган жаңы программа пландагыдай илгерилесе, миңдеген бейтаптардын жашоосуна чоң таасир этиши мүмкүн экендигин айтат.
"Ушунчалык убара болом деп ойлогон эмесмин"
30 жаштагы Диана 3-майда Ташкент шаардык онкологиялык ооруканасына барган. "Мен өзүм сезген шишикти көрсөттүм. Анда ушунчалык убара болом деп ойлогон да эмесмин", - деп эскерет Диана.
Өзбек келинди кошумча анализ берүүгө жөнөтүшөт. Ал ооруканага түшкөн биринчи күнү эле 6 миллион сум (500 доллар тегерегинде) төлөгөн.
"Мен анализдердин тез чыга турган жыйынтыгына, процедуралардын баарына акча төлөдүм. Алсак, иммуногистохимия деген анализге үч миллион сум (250 долларга жакын) бердим. Бекер эч нерсе жок", - дейт ал.
"Эмчек рагы" деген диагноз коюлганда, Диана кайда дарылануу керек деп санаага баткан. Ал кандай болгон күндө да, алдыда оор процедуралардан өтүп, ири чыгымдарга дуушар болорун сезген.
"Туугандарым Түркияда же Израилде дарылан деп кеңеш беришти. Бирок мен балдарым үчүн бул жакта эле калууну чечтим. Алар али кичинекей. Мен аларды таштап кетким келген жок. Эч болбосо калган өмүрүмдүн бир бөлүгүн балдарым, апам жана үй-бүлөмдүн жанында өткөрөйүн деп чечтим", - дейт Диана.
Ал Ташкенттеги жеке клиника менен сүйлөшүп, жергиликтүү дарыгерлерге көрүнө баштаган.
Диананы менчик ооруканага көрүнүүгө дагы бир жагдай түрткү болгон.
"Мени менен ачык сүйлөшкөнү абдан маанилүү болду. Алардын унчукпай, маалыматты жашырышын же эч нерсе түшүндүрбөй, бир жакка жөнөтүшүн каалаган жокмун. Тилекке каршы, шаардык онкология бөлүмүндө суук мамилеге жана кайдыгерликке туш болдум", - дейт Диана.
Дарылоого кеткен чыгымдар эселеп өсө баштаган. Диана метастаз бар-жогун аныктоого мүмкүндүк берген позитрондук эмиссиялык томографияга (ПЭТ) эле 7 миллион сум (болжол менен 550 доллар) төлөгөн.
Ошондой эле ал утур-утуру эмчек, жатын, боорун УЗИден текшертүүгө муктаж. Ар бири болжол менен 580 миң сум (45 долларга жакын) турат.
Диана жаздан бери 1400 доллардан 2800 долларга чейин акча төлөп, жети ирет химиотерапиядан өткөн. Натыйжада шишиктер кичирейген, бирок боору иштебей калган. Бул кайра өзүнчө дарылоону жана кошумча чыгымдарды талап кылган.
"Дарыланууга акча жетсин деп унаа, батирин сатышат"
Өзбекстанда Диана сыяктуу миңдеген аял бар. Расмий маалыматтар боюнча, 2022-жылы өлкөдө эмчек рагы менен ооруган 4164 жаңы учур жана жатын моюнчасынын рагынын 1851 жаңы учуру катталган. Бул илдеттер оорунун жана өлүмдүн көрсөткүчү боюнча биринчи жана экинчи орунда турат.
Оору менен алпурушкан бейтаптар үчүн медициналык кызматтардын жана дары-дармектердин кымбаттыгы да алда канча маанилүү.
Диана шаардык ооруканада процедуралардын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болгондуктан, ал жакта дарыланган 32 жаштагы келиндин окуясын эске салат. Бирок ал бейтап каржылык жүктү көтөрө албай көз жумганын айтат.
"Ал дарыланууга акчаны кайдан табам деп абдан капаланчу. Бир химиотерапиядан экинчисине улам акча издеп, карыз алчу. Акыры мындайга чыдабай, жүрөгү токтоп калды", - дейт Диана.
Атын атагысы келбеген диагностик жана медицина илимдеринин кандидаты Р.К. да ракты дарылоого көп каражат кетерин жашырбайт.
"Айрыкча химия терапия. Эл каражат эптеп жетсин деп батир, унааларын сатышат. Бул өтө кыйын", - дейт Р.К.
Келерки жылдан тарта Өзбекстанда атайын программанын ишке ашырылышы пландалып, ал ишке кирсе аялдар рак оорусуна бекер текшерүүдөн өтүп, оору аныкталса, бекер дарыланышат.
Ноябрдын аягында президент Шавкат Мирзиёев 30 жаштан 50 жашка чейинки аялдарды жатын моюнчасынын рагына акысыз текшерүү боюнча документке кол койгон. Тесттин жыйынтыгы терс чыккан кыз-келиндер 10 жылдан кийин кайра текшерилет. Оң жыйынтык чыкса, документте белгиленгендей, бейтаптар кошумча текшерүүгө жиберилет.
Ошондой эле эгерде башка онкологиялык оорулар аныкталса, аялдар Республикалык адистештирилген эне мененбаланы коргоо илимий-практикалык медициналык борборуна жана анын аймактык филиалдарына амбулатордук дарылоого жөнөтүлөт.
Документте айтылгандай, аялдардын эмчегин эки жылда бир жолу текшерүүдөн өткөрүү үчүн 30 жаштан 65 жашка чейинкилер тандалат. 45 жашка чейинки келиндерди УЗИ, ал эми 45 жаштан ашкан аялдарды маммография менен текшерүү пландалууда.
Бул программанын демилгечилеринин бири, Өзбекстандын президентине караштуу Стратегиялык реформалар агенттигинин алдындагы бөлүмдүн башчысы Азиза Умарованын айтымында, аталган долбоор бир жылда иштелип чыккан. Aл жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгында cоциалдык тармактардагы баракчасына: "Өзбекстан папиллома вирусун аныктоочу тестти жалпы мамлекеттик деңгээлде скриниң ыкмасы катары тандаган мурдагы Союздагы биринчи өлкө болду", - деп жазды.
Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхамов да аталган чечимди кубаттап, бирок "кечигип калганын" белгиледи:
"Бирок жалпысынан бул документти аялдардын социалдык-экономикалык укуктарын жакшыртууга жасалган кадам катары кароо керек", - деп белгиледи серепчи. Анын айтымында, дары-дармектердин баасын коюу жараяны да абдан маанилүү, анткени алар биринчи кезекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн кыз-келиндерине жеткиликтүү болушу керек".
Дарыгер Р.К. жаңы программаны "караңгыда чыккан күн" деп сыпаттайт. "Бул аялдарга керектүү медициналык жардам көрсөтүүдө олуттуу кадам болушу мүмкүн" деди ал.
"Эң негизгиси, мындай дымактуу пландарды ишке ашыруу үчүн бюджетте акча жетиштүү болушу керек", - деп кошумчалайт ал.
"Мамлекет муну кантип чечет билбейм. Дары-дармек канчалык жеткиликтүү болот? Эгер бул ишке аша турган болсо, анда аялдардын рак оорусун дарылоо жагынан биздин өлкө алдыга озот", - дейт атын атагысы келбеген өзбекстандык догдур.
Ал эми каржылоо маселеси кандай чечилери документте толук айтылган эмес. Анда "скриниңдин жыйынтыгында онкологиялык оорулууларды аныктоого жана дарылоого байланышкан бардык чыгымдар мамлекеттик бюджеттен каржыланат" деп гана белгиленет.
Ошондой эле кошумча чыгымдарга муктаждык жаралса, Саламаттык сактоо министрлиги Экономика жана каржы министрлиги менен биргеликте Министрлер кабинетине "каржы булактарын тактоо" боюнча "негиздүү сунуштарды" бериши керектиги белгиленген. Муну менен катар эл аралык уюмдардын каражаттарын тартуу да сунушталууда.
Жаңы программа - жаңы үмүт
"Бул чоң колдоо. Аялдар мындан ары химия терапия же анализдерге акчаны кайдан табууну ойлонбой калышат. Бул алардын дарылануусуна жана калыбына келүүсүнө шык берет", - дейт Диана. Бирок өкмөт мамлекеттик органдарда жаңы программанын алкагында көрсөтүлө турган кызматтардын баасына эле эмес, сапатына да көңүл бурушу керектигин эскертет.
"Эгер ал чындап эле бекер болуп, эл жакшы тейленсе, анда баары өзгөрөт", - деп баса белгилейт өзбек келин.
Өзбек өкмөтүнүн жаңы программасын күтүп отурган Диана дарылануунун кийинки этабына өткөн. Октябрь айында бир энелик бези алынган, ал эми март айында экинчисин алуу пландалууда.
Операциядан кийин ага нур терапиясынын кереги жок экени аныкталган.
"Мен бактылуу адаммын", - дейт Диана.
Диана анын окуясы оор жагдайга кептелген башка аялдарга өрнөк болуп, жаңы мамлекеттик программа кагаз жүзүндө эле калбастан, илдет менен күрөшүүнү улантып жаткандар үчүн чыныгы колдоо болоруна ишенет.
Автор Умида Тилляева. Макаланы орус тилинде бул жерден окуй аласыз.
Шерине