Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Экономика

Кыргызстанда буга чейин чуу жараткан мамлекеттик «КТ Мобайл» уюк компаниясы ишин баштады.

Быйыл май айында өлкөдө чуу жаратып, депутаттык комиссия түзүүгө чейин жеткен «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасына караштуу «КТ Мобайл» оператору ишин баштады.

«Салам» деген соода бренди менен иштей баштаган уюк оператору 15-августтан тартып SIM-карталарды сатыкка чыгарды.

Компаниянын маалымат кызматынын өкүлү Чынара Усупбаеванын айтымында, ушул тапта уюк оператору сыноодон өтүп жатат:

«“Салам” уюк оператору 15-августта ишин баштады. Ушул аптанын жума күнүнө чейин (23-август) апробация жүрүп жатат. Бардык сыноолордон өтүүдө. Учурда SIM-карталар «Мегакомдун» соода түйүндөрүндө сатылып жатат. Бул мезгилге чейин 300гө жакын SIM-карта сатылды».

Усупбаева жаңы ишке кирген оператордун өзгөчөлүгү катары «Кыргызтелеком» ишканасынын стационардык телефондору менен байланышта иштеп, чөнтөк телефондон бекер чалууга мүмкүнчүлүк ачылганын кошумчалады.

«Салам» өз алдынча техникалык тейлөө борборун курбайт. Мамлекеттик «Альфа Телеком» компаниясынын техникалык жабдуусун, станцияларын колдонот. Ошондуктан, виртуалдык оператор катары иш жүргүзөт.

Буга чейин дал ушул виртуалдык оператор эмес, өз алдынча толук уюк компаниясы болуу планы «Альфа Телеком» менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилигинин ортосундагы чырга негиз болгон.

Бул чыр саясий маселеге айланып, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге да сөз тийгизген.

Чырдын таржымалына токтолсок, кыргыз өкмөтү былтыр ноябрь айында мамлекетке караштуу «КТ Мобайл» ишканасы менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялаган.

Сынакка «Скай Мобайл» («Билайн» уюк оператору) жана «Альфа Телеком» («Мегаком» уюк оператору) компаниялары катышып, соңунда «Альфа Телеком» жеңип чыгат.

Анын жыйынтыгы менен «Мегаком» «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктарды пайдалануу укугуна ээ болмок. Бул үчүн «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек.

Бирок техникалык маселелерге келгенде эки компаниянын ортосунда түшүнбөстүк келип чыккан. Тагыраагы, «КТ Мобайл» өз алдынча уюк оператору болорун жарыялаган.

Кийин бул компаниянын вице-президенттигин премьер-министр Абылгазиевдин бажасынын уулу Эрназар Иманкадыр уулу ээлеп турганы, ал эми ишкананын ишине анын атасы, «Ачык өкмөт» долбоорунун катчысы Иманкадыр Рысалиев аралашканы айтылган.

Мындан соң бул маселе парламентте каралып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен «КТ Мобайлдын» ошол кездеги жетекчилиги жана өкмөткө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Иманкадыр Рысалиев кызматтан кеткен. Ал эми өкмөт болсо улуттук виртуалдык операторду түзүү демилгесин улантуу зарыл экенин айтып келген.

Бул чырдан соң «КТ Мобайлдын» жаңы жетекчилиги менен «Альфа Телеком» мунасага келип, виртуалдык оператор ишин баштады. «Альфа Телекомдун» башкы директору Акылбек Жамангулов буга чейин өлкөдөгү маалымат каражаттарынын бириндеги маегинде мунасанын шарттары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген:

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

«Биринчи келишимге ылайык, «КТ Мобайлга» виртуалдык оператор болгонго бардык шарттарды түзүү милдеттенмесин алганбыз. Ал милдеттенмени акыркы эки ай ичинде толугу менен аткардык. Бардык чечилбеген маселелерди жокко чыгарып, биздин компаниянын техникалык базасынын негизде «Салам» оператору иштей баштады».

Ошентсе да коомчулукта жаңы түзүлгөн мамлекеттик оператордун натыйжалуу иштеп кетерине ишенбеген пикирлер айтылып келет. Маселен, эксперт Чоробек Сааданбек өлкөдө мамлекеттик уюк компаниясын натыйжалуу иштете албай жатып, экинчисин түзүүнүн маанисин көрбөй жатканын айтты:

«Ишкана натыйжалуу иштеши керек. Анткени технология тармагы тез өнүгүп, күн сайын жаңыланып турууну талап кылат. Бизде «Альфа Телекомго» топтолгон каражатты өнүгүүгө салбай, «байланыш абдан начарлап кетти» деп айтылып жаткан учурда анын акчасын башкага салып, мамлекеттик мамиле болуп жатат. Ушул маселе бизди кабатыр кылат».

Кыргызстанда буга чейин үч уюк оператору иштеп келген. Алардын ичинен «Скай Мобайл» (Beeline) жана «Нуртелеком» (O) жеке менчик болсо, «Мегаком» деген бренд менен белгилүү «Альфа Телеком» 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң толугу менен улутташтырылып, мамлекетке өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Баткендик ишкер чакан ГЭС курат
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

Бул Баткен облусундагы жеке ишкер салып жаткан алгачкы чакан ГЭС.

Жергиликтүү жеке ишкер өз каражатынын эсебинен куруп баштаган чакан ГЭСтин жарымынан көп иши аяктап калды. Кийинки жылга ишке берилгени жаткан ишкана жылына 5 миллион киловатт электр энергиясын өндүрөт. Бул электр кубаты менен бир топ жаңы жерлерди өздөштүрүү каралууда.

Лейлек районунун Козу-Баглан дарыясына чакан ГЭС куруу мүдөөсү менен иш баштаган ишкер Асан Халбеков буга чейин көмүр шахтасын иштетип келген. Андан түшкөн пайдага Белес участкасынан агып өткөн сууну максаттуу колдонууну көздөп, чакан ГЭС курган. Учурда чет өлкөдөн 30 млн. сомго шаймандарды алып келип дээрлик 60 пайыз жумуш аяктап калды.

Ишкер шахтадан түшкөн каражат курулушту дароо бүтүрүүгө жетпесе да, иш аз-аздан алдыга жылып жатканын айтты:

«Бизде мурда иштеп турган көмүр шахтасы бар эле. Андан түшкөн кирешеге ушул ири долбоорду баштадык. Негизги максатыбыз - электр энергиясын өндүрүп, кайракы жерлерге суу чыгаруу. Каражат жетишинче аракет кылабыз. Козу-Баглан дарыясы жөн эле агып жатат. Элге пайдасы тийсин деген ниетибиз бар. Мындан ары ишти токтотпой, ири долбоорлорду улантабыз. Ар бир жасаган ишибиз эл үчүн», - деди Асан Халбеков​.

Бул долбоордун жалпы сметалык баасы 70 млн. сомго бааланып, курулуш бүтүп ишке кирсе, жылына 5 млн. киловатт саат электр энергиясын иштеп чыгат. Өндүрүлгөн энергия насостук станцияларга, ашканаларга жана жеке колдонуучуларга сатылмакчы. Чакан ГЭСтин өзүндө 20дан ашык жумушчу орун түзүлөт.

Асан Халбеков кийинки жылы ишкана пайдаланууга берилсе, андан түшкөн пайда менен көмүр шахтасынын кирешесин кошуп, район аймагына пайда алып келе турган ГЭС куруу максаты бар экенин белгиледи:

«Ак-Суу деген дарыябыз бар. Ал жерде суу пайдаланылбай эле агып жатат. Ошол дарыяга 6 мегаваттык ГЭС куруу планы менен долбоор даярдадык. Ага 2 млн. сомго жакын каражат жумшадык. Азыркы демилгебиз ишке кирсе, аны да баштайбыз. Тобокел кылбасак жүрө беребиз да? Биз эми өкмөттөн бир аз колдоо болсо дейбиз. Азыр пайызы азыраак, мөөнөтү жана суммасы көбүрөөк насыя ала албай жатабыз».

Район акими Баймурат Бекмуратов учурда ички инвестор ишке ашырып жаткан демилге башка ишкерлерге үлгү болорун белгиледи. Ал бул долбоор аймактагы калктын турмушун оңдоого салым кошуп, туруктуу ишкана түптөп, айдоо аянттарын өздөштүрүүгө шарт түзөрүнө ишеним артып турат.

«Асан Халбековдун долбоору - элдин турмушун жакшыртууга чоң салым, - деди ал. - Бул чакан ГЭС ишке кирсе, миндеген гектар кайракы жерлерди өздөштүрүүгө шарт түзүлөт. Биз да колдон келишинче кубаттап жатабыз. Анткени бул долбоордун келечеги жакшы. Аймакка экономикалык пайдасы зор».

Чакан ГЭСтерди куруу боюнча жергиликтүү бийлик да иш пландарын түзүп, эки жерден электр энергиясын алууну болжолдоп жатат. Муну менен жаңы жерлерди өздөштүрүү да каралган.

Баткен облусунун аймагынан беш чоң өзөн агып өтөт. Бирок дарыялар тоолуу аймак аркылуу өткөндүктөн анын 10 пайызы гана облустун аймагындагы эгин аянттарына сугат суу катары пайдаланылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG