Даргин жазуучусу Ахмедхан Абу-Бакардын жумшак юморго ширелген көркөм баяндарында тоолуктардын турмушу ушунчалык кызык, эсте каларлыктай элестүү тартылган. Алардын бир топтомун жазуучу "Тоолуктардын эрмеги" деп атаган.
Жакында эле Кыргызстанда балдарга арналган "Чыныгы башчы" аттуу китеп жарык көрдү. 72 беттик иллюстрациялуу китепте курт-кумурскалардын жашоосу, баш каарман Алп Кара Коңуздун айкөлдүгү, камкордугу, үлгүлүү мамилеси сүрөттөлөт. "Азаттык" жомоктун автору Насыпбек Асанбаев менен маек курду.
Улуу Үркүн деген ат менен тарыхта калган 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө быйыл 108 жыл болду.
Окууну бүтөрдө үйлөнмөкчү болуп жүргөн эки жаштын арасы ажырап, сулуу кыз байдын баласын тандап кеткен. Аны ашыгы биле элек.
Кыргыз акындары Гүлзада Станалиева жана Нуриза Өмүрбаева 20-21-июлда Берлиндеги Поэзия үйүндө өткөн чыгармачыл кечеге катышты. Ага улай кыргыз-немис адабият алакалары, немис тилине которулуп жаткан ырлары, жалпы поэзия жанрындагы жаңылануу-изденүүлөр тууралуу "Азаттыкка" маек курушту.
Акын, публицист, котормочу Алым Токтомушев таланты, окумалдыгы, билермандыгы, бийик сабаты менен кыргыз адабиятына жана журналистикага өрнөктүү эмгектерин калтырып кетти.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде италиялык сүрөтчү Луиза Пильоненин “Жашыруун күндөлүк – күзгү артында жашоо” деп аталган көргөзмөсү өтүүдө. Ал өзү дагы үй-бүлөлүк зомбулукту башынан кечиргендиктен, эмгектерин эркиндик, аялдардын өз укугу үчүн күрөшүнө арнаган.
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов болду.
1920-1930-жылдардагы репрессияда “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, лагерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар камалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган.
Бишкектен 500дөй чакырым алыста, Кытай менен Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагы 1937-жылы түптөлгөн. Бул айыл аймагына Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай айылдары жана бир нече кыштоо конуштары кирет.
Дастанчы Улукбек Токтоболот уулу соңку кездери кенже эпосторду азыркы заман талабына ылайыктап өз вариантында иштеп чыгууда. Өнөр адамы учурда дастан уккан адамдардын катары калың экенин, алар өз сунуш-пикирлерин байма-бай билдирип турарын айтат.
Дагы жүктөңүз