Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:07

Бээжиндик тарыхчылар кыргызстандык кесиптештери менен кызматташтыкты өрчүтөт


 Кыргыз жана кытай тарыхчылары ОшМУда. 18.7.2024.
Кыргыз жана кытай тарыхчылары ОшМУда. 18.7.2024.

Кытайлык тарыхчылар тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун чакыруусу менен дээрлик бир аптадай Кыргызстанда болду. Алардын илимий сапары ишембиде (20-июлда) карыды. Ханзу тарыхчылары менен баарлашуудан кийинки тарыхчынын блогу.

Ушул аптада Кытай Коомдук илимдер академиясынын байыркы жана орто кылымдардын тарыхын жана чек аралаш өлкөлөр менен алакаларды иликтөө институттарынын өкүлдөрү Бишкекте жана Ошто жолугушуулар өткөрүштү. Алар Ала-Тоого Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун чакыруусуна ылайык келишкен.

Кыргызстандык жана кытайлык тарыхчылар КУУда. 17.7.24.
Кыргызстандык жана кытайлык тарыхчылардын Ж.Баласагын атындагы КУУдагы жыйыны маалында. Бишкек, Кыргызстан. 17.7.2024.

Илимпоз конокторду Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын башчысы, Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси, тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңсесине караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси, тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымов кабыл алышты. Бээжиндик кесиптештер менен алатоолук бир катар тарыхчы окумуштуулар жолугушуп, эркин баарлашты.

Бишкектеги баарлашууларды ханзуча суудай билген кытайлык кыргыз илимпоз Дабыт Абдылбаары мырза которуп берип жатты.

Кытайлык тарыхчылар КУУда. 17.7.24.
Кытайлык тарыхчылар Ж.Баласагын атындагы КУУдагы жыйында. Солдон: профессор Сун Хао (Sun Hao), профессор Чу Доңмей (Chu Dongmei), доцент, доктор Чи Хүйжун (Qi Huijun), доцент, доктор Фан Цзичиаң (Fan Zhiqiang) жана бишкектик котормочу Дабыт Абдылбары. 17.7.2024.

Бээжиндик топту Кытай Коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институтунун өкүлү, доктор, профессор Сун Хао (Sun Hao) мырза жетектеп жүрдү. Аны менен англисче да баарлаша алдык. Сун Хао ушуну менен үчүнчү ирет Кыргызстанга келип жатканын айтты.

Топтун курамында Кытай Коомдук илимдер академиясынын Кытайдын чек ара аймактарын изилдөө институтунун профессору, доктор, орусча дурус сүйлөгөн адис Чу Доңмей (Chu Dongmei) айым, Цин сулалеси доорундагы булактардын негизинде казак, тыргоот (калмактын бир уруусу) жана кыргыз тарыхын изилдеп жаткан, монгол тилин да билген доцент, доктор Фан Цзичиаң (Fan Zhiqiang) мырза жана Жапонияда илимий изилдөө жүргүзгөн, жапон тилин билген жана Кытайдын айтылуу Таң сулалесинин доорундагы кыргыз жана уйгур тарыхына таандык булактарды иликтеп жаткан доцент, доктор Чи Хүйжун (Qi Huijun) айым бар.

Кыргыз жана кытай тарыхчылары ОшМУда. 18.7.24.
Кыргызстандык жана кытайлык тарыхчылардын тобу ОшМУдагы жыйын башталаар алдында. Ош, Кыргызстан. 18.7.2024.

Бээжиндик коноктор оболу Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, андан соң Ош мамлекеттик университетинде кыргызстандык тарыхчылар менен жандуу пикир алмашкандыгын белгилөө керек.

Кытайлык тарыхчылар “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымовдун кытай жана манжу тилдериндеги булактардан кыргыз тарыхы жаатындагы бөлүмдөрдү топтоо жана кыргызчага которуу иштери боюнча келишим алдыдагы беш жылга карата узартылгандыгы жөнүндөгү маалыматын тастыкташты жана бул келишимди жогору баалашты.

Азыркы тапта кыргызстандык жаш синолог Канат Абдыжапар уулу Бээжинде ханзуча тексттерди которуу иштеринен тышкары манжу тилин жана манжу булактарын изилдөө ишине киришүүдө.

2019-жылы кытайлык жана кыргызстандык тарыхчылардын көөнө жана орто кылымдардагы кыргыз тарыхы жаатындагы илимий макалалары Кытай Коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарыхты изилдөө институту тарабынан атайын журналдык сандын алкагында англис жана кытай тилдеринде жарык көргөн.

“Эл аралык Евразия таануу журналынын” (“International Journal of Eurasian Studies”) 2019-ж. №9 санынын мукабасы.
“Эл аралык Евразия таануу журналынын” (“International Journal of Eurasian Studies”) 2019-жылдагы №9 санынын мукабасы. Мында профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз этноними тууралуу макаласы бар. 10.6.2019.

Эми бул журналдык маалыматтарды кеңейтүү менен кыргыз тилине которуу иштери дээрлик аяктап калды.

Айтмакчы, дал ушул илимий журналдын санында бээжиндик профессор Ю Тайшандын көөнө кыргыз тарыхынын мезгилдик алкагын б.з.ч. X кылымга чейин кеңейткен илимий жоромолу камтылган ханзуча макаласы да жарык көргөн.

Байыркы кытай тарыхчылары Сыма Цян, Бан Гу ж.б. авторлор көөнө кыргыздардын этнонимин ханзу иероглифтеринде киан-кун (Jiankun 堅昆), кек-кун, гекун (Gekun 鬲) ж.б. түрлөрдө транскрипциялап жазышкан эле. Ал эми профессор Ю Тайшандын 2019-жылы маалымдашынча, бул байыркы түрк тилдүү элдин – кыргыздардын этностук аталышы Сыма Цянга чейинки ханзуча жазмаларда “кивэн-хэн” (Juanhan 鄄韓) деп транскрипцияланып берилген деп эсептөө керек:

“"Juanhan 鄄韓" [кивэн-хэн] жана "Gekun 鬲昆" [кек-кун], же болбосо "Jiankun 堅昆" [киан-кун] – бирдей, б.а. ошол эле этностук аталыштын өз ара айырмалуу транскрипциялары катары көрүнгөнсүйт”, – деп жазат Ю Тайшан.

Профессор Ю Тайшандын кыргыз таануу жаатында жаңы саамалык болуп калган бул макаласынын урунттуу бүтүмдөрү тууралуу ушул саптардын ээси Кыргызстан, Түркия, Орусия, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдө илимий жыйындарда шардана кылып, кыргыз, англис, түрк, орус тилдериндеги макалаларында да чагылдырган эле.

Бээжиндик конокторго профессор Ю Тайшанга Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору наамы ыйгарылгандыгы жөнүндө да маалымдалды.

Учурда 79 жаштын чайын ичип жаткан профессор Ю Тайшандын ханзуча жана англисче эмгектеринин жыйнагы быйыл Бээжинде 12 томдук болуп жарык көрдү. Бул аалым байыркы кытай иероглифтерин мыкты чечмелеген өзгөчө беделдүү адис экендигин бизге бээжиндик кыргыз илимпоздор Жаркын Турсун айым жана Адыл Жуматурду уулу мырза дагы тастыкташкан болчу.

Кыяс Молдокасымовдун маалымдашынча, Ош мамлекеттик университетинде 18-июлда өткөн илимий баарлашуу дагы өзгөчө кызыктуу жүрдү.

Кыргыз жана ханзу тарыхчылар КУУда. 17.7.24.
Ж.Баласагын атындагы КУУдагы жыйынга катышкан кыргызстандык жана кытайлык тарыхчылардын бир тобу. Бишкек, Кыргызстан. 17.7.2024.

Кытайлык коноктор мындан ары Ала-Тоодогу ар кыл илимий мекемелер жана окумуштуулар менен ар тараптуу кызматташтыкты өөрчүтүүгө ынтызар экендиктерин билдиришти жана кыргыз кесиптештерин Бээжиндеги өз мекемелерине келип, дарстар окуп, илимий жыйындарга катышып кетүүгө чакырышты.

Ал эми Кыргызстандын Президентине караштуу Тарых илимдерин өнүктүрүү боюнча комиссиянын башчысы Арслан Капай уулу Койчиев Кытайдын чек ара аймактарын изилдөө институту Кытайдын коңшу өлкөлөр менен чек араларын тактоосунун тарыхы боюнча ханзу булактарынын маалыматтары менен үлөшсө мыкты болоор эле, өз кезегинде кыргыз окумуштуулары да өз карамагындагы архивдик жана башка тарыхый булактардын маалыматтары менен бөлүшүп турмак; мындай биргелешкен илимий долбоорлорду жүзөгө ашыруу эки тарап үчүн тең алгылыктуу болоор эле, деп айтты.

Кыргызстан УИАсынын Бегимаалы Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун жетекчиси, этнограф, академик Абылабек Асанканов өзүнүн Кытайдагы кыргыздар тууралуу монографиясы КЭРде кыргыз жана орус тилдеринде жарыялангандыгын, эми анын ханзуча котормосу да басмага берилип жаткандыгын айтып, орток этнографиялык изилдөөлөрдү ургаалдуу улантуу зарылдыгын белгиледи. Ал Женевадагы эл аралык бир жыйындагы өз сөзүндө КЭРдеги кыргыздардын маданий кызыкчылыктары дурус корголуп жаткандыгы тууралуу баса айткандыгын да кошумчалады.

Биз азыркы тапта Кытайдын археологдору Кыргызстанда кыргыз кесиптештери менен биргелешкен казууларды байсалдуу жүргүзүшүп жаткандыгын белгилеп, эми ушундай эле ыраатта кыргызстандык археологдор ШУАРдын аймагында гана эмес, Дунхуан, Ордос сыяктуу чыгыштагы аймактарда дагы орток археологиялык казууларга чакырылышы талапка ылайык болоор эле, деп айттык.

Сөз арасында биз кытайлык кыргыздардын ичинен чыккан таанымал окумуштуу, фолклор таануучу, адабиятчы жана этнограф, профессор Мамбеттурду Мамбетакун дагы эле ШУАРда абакта кармалып жатат, кытайлык айдыңдар аны бошотууга салым кошсо жакшы болоор эле, деген тынчсызданган пикирибизди да кошумчаладык.

Кыргыз тарыхы жалаң гана азыркы Кыргызстандын аймагы менен чектелбестигин, Евразиянын кеңири аймагындагы кыргыздар жайылган тарыхый аймактарды иликтөө иштери ар тараптуу жүрүп жаткандыгын бээжиндик кесиптештерге маалымдадык.

Айтмакчы, Кыргызстандын окумуштуулары Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университети жана башка орусиялык, казакстандык ж.б. шериктер менен бирдикте “Кең Алтай” илимий долбоорун жүзөгө ашырып жатышат. КУУда “Кең Алтай” илимий долбоорунун өкүлчүлүгү ачылган.

Андан тышкары башкеңсеси Монголиянын ордосу Улаан-Баатар шаарында жайгашкан жана ЮНЕСКОнун колдоосу астында иш жүргүзүп жаткан Көчмөндөр цивилизациясын изилдөө институту да эл аралык кызматташтыкты өөрчүтүүдө.

Бул эки башка эл аралык илимий топ тең Кытайдагы кесиптештери менен тыгыз кызматташуу үчүн ачык, деп баса белгиледик.

“Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Сатар уулу Молдокасымов Кытайдагы баалуу тарыхый булактардын кыргыз тарыхына таандык бөлүктөрүн иргеп, изилдөө багытында салым кошуп жаткан бардык кытайлык кесиптештерге жана бул булактарды кыргызчалоого астейдил каржылык көмөк көрсөтүп жаткан Кыргызстандын азыркы бийликтерине терең ыраазычылык билдирди.

Албетте, бул өтө зор көлөмдөгү булактык маалыматтарды көз ачып-жумгуча иликтеп салууга эч мүмкүн эмес. Ошондуктан чыгыш таануучулардын жаңы муунун тарбиялоону ырааттуу жүзөгө ашыруу милдети күн тартибинде турат.

Бул – көп тарамдуу ишмердик. Кытайдын мекемелери жогоруда сөз кылынган Канат Абдыжапар уулу сыяктуу дагы далай чыгыш таануучу адистерди даярдап бере алышат.

КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, профессор Туратбек Сырдыбаев мырза өзү жетектеген мекеме дагы кытайлык жаш адистерди магистратурага жана PhD диссертациясын жактоо үчүн аспирантурага кабыл алууга ынтызар экендигин баса айтты.

Бээжиндик кесиптештер өз ара пайдалуу илимий кызматташтыкты мындан ары дагы улантуу керек, деген ойлорун байма-бай билдирип жатышты.

Кызыл-Суу шаар чалдыбарында. 20.7.24.
Кытайлык тарыхчылардын тобу Чүй өрөөнүндөгү Красная Речка (Кызыл-Суу) археологиялык казуу жайын кезишти. Бул шаар чалдыбары орто кылымдардагы Невакет (“Жаңы шаар”) аттуу шаардын урандылары болуп саналат. 20.7.2024.

Алар 20-июлда оболу Чүй боорундагы Кызыл-Суу (Красная Речка) шаар чалдыбарына келишти. Орто кылымдардагы Невакет шаарынын орду болгон бул жайда учурда кыргыз жана кытай археологдору казуу жүргүзүшүүдө. Коноктор археологдор менен баарлашты.

Карлук мамлекети доорунда мында бутпарас ыбаадатканасы да орун алган эмеспи.

Андан соң бээжиндик тарыхчылар орто кылымдардагы Суйаб шаарынын орду болгон Ак-Бешим шаар чалдыбарын кезишти. Кытайлык уламыштардын бирине караганда, бул шаарда Таң сулалеси доорунда жашаган айтылуу кытай акыны Ли Бо (Ли Бай; 701—762/763) туулган делет.

“Бурана мунарасы” музейинде. 16.9.2016.
Жусуп Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий жыйындын катышуучуларынын тобу “Бурана мунарасы” музейинде. Чүй облусу, Кыргызстан. 16.9.2016.

Кытай тарыхчылары андан кийин Бурана шаар чалдыбарын кезишти. Мында X кылымдын ортосу – XII кылымдын башында Карахандар каганатынын түндүк ордо шаары – Баласагын (Куз-Ордо, Куз-Улуш) шаары жайгашкан. 1128-жылдан тартып Теңир-Тоону каратып алган кара кытайлар (кытаңдардын Батышка журт которгон бөлүгү) Баласагын шаарын өздөрүнө борбор кылышып, анын атын “Куз-Балык” деп атап алышкан эмеспи.

Бурана тарыхый архитектуралык музей комплекси да бээжиндик конокторго чоң таасир тийгизди.

Күнүмдүк саясат тигил же бул өлкөдө маал-маалы менен өзгөрүп тураары айдан ачык. Бирок узак мөөнөттүү илимий кызматташтыкты тигил же бул өлкөдөгү күнүмдүк саясаттагы убактылуу алай-дүлөй, бороон-чапкындарга алдырбастан, ырааттуу улантууга жетишүү – илимий мекемелердин жетекчиликтеринин жана карапайым окумуштуулардын парызы болуп саналат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG