Сталиндик репрессия учурунда атылгандар жапырт көмүлгөн жердин сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева 96 жашында дүйнө салды. Каарман апа Чоң-Таштагы кыш заводуна 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.
Бүбүйра Кыдыралиева тарыхый сырды ачкандан кийин "Ата-Бейитти" ачууга катышкан коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, тарых илимдеринин доктору, "Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору Болот Абдрахманов менен маектештик.
Орусиянын Украина менен чектеш дагы бир - Белгород облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өкүл атасы делген Азим Ройго козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды. “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады.
Парижде өткөн Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык спортчулар, машыктыруучулар менен дарыгерлер 13-августта Кыргызстанга кайтып келишти. Борбордогу эски аянтта спортчуларды сыйлоо аземи өтүп, андан кийин атлеттер журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ишкер Жалил Атамбаев менен экс-депутат Салайдин Айдаров "уюшкан кылмыштуу топту каржылаган" деген шек менен кармалды. Орусиянын бийлиги Украина менен чектеш аймактардан элди эвакуациялоону тапшырды. Блогер Адыл Акжол уулу эки айга камалды. Парижде 33-жайкы Олимпиада аяктады.
Соңку жылдары өлкөдө балдар адабиятын жандантуу аракети жүрүп жатат. Былтыр өкмөт бул багытта кошумча каражат бөлүнөрүн айткан. Учурдагы жагдай кандай? Интернет доорунда балдардын көңүлүн китепке кантип бурабыз?
Бишкекте Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев кармалды. Курск аймагында "федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал" жарыялады. Парижде эркин күрөштөн 57 кг чейинки салмакта Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Дагы жүктөңүз