- Балдар дүйнөсү үчүн кезектеги жаңы чыгармаңызды сунуштап турасыз. Мында курт-кумурскалардын жашоосун, башкы каарман катары кара коңузду тандап алганыңыз кызык болуп турат.
- Бул чыгарманы жазууну атайын деле тандап алган жокмун. Негизи чыгармачылык кээде атайын башталса, кээде капилеттен эле бир ойлор, илинчектер келип башталып кетет. Бул чыгарма да ошондой башталды. Эң биринчи «Алп кара коңуз» деген сөз кайдан-жайдан оюма келип калды. Карап көрсөм чын эле коңуздар курт-кумурскалардын жашоосундагы алпы экен. Кудум алп кара куштай эле бар. Анан бул табылганы куру кетиргим келген жок.
Ал эми бул чыгармамдын балдар дүйнөсүндөгү мааниси анын эң сонун чагылдырылган сүрөттөрүндө деп ойлойм. Бизде мындай сапаттуу китептер дээрлик жокко эсе болуп жатпайбы. Биз балдар адабиятына такыр маани бербей келебиз. Алар үчүн сүрөттүү, сапаттуу китептер өтө аз чыгарылууда. Мунун бирден бир себеби чыгымынын көптүгүндө жана элде китепке болгон талаптын жоктугунда. Баасы деле укмуш кымбат деп айтууга болбойт. Ар кандай той-ашка, тамакка, кийимге, оюн-зоокко, машинага акчаны кенен эле коротуп жаткан элибиз балдардын китебине келгенде эле кымбатсынып калат. Болбосо, биздеги баалар чет өлкөдөгү балдар үчүн чыгарылган китептердин баасынан эки-үч эсе арзан.
- Сиздин буга чейин да балдар адабияты үчүн жазылган аңгеме, жомокторуңузду, котормолоруңузду билебиз. Азыр балдар үчүн жазылган чыгармаларда эмнелер эске алынышы керек?
- Балдар үчүн чыгармаларда баланын жаш курагы эске алыныш керек экен. Чыгарма кайсы курактагы балага жазылып жатса, чыгармадагы каармандар дагы ошол куракта болгону жакшы.
Болбосо ошол курактагыдай сезилген жан-жаныбарлар болгону дурус. Мисалы, курттар балдар үчүн баладай эле сезилет. Же коёндор, мышыктар кичинекей болгону үчүн балдарга өзү курактуу, же өзүнөн кичине сезиле берет. Беш кар баскан, далай жолу тукумдаган мышык болсо деле ал балдар үчүн кичине. Экинчиден, чыгармада балдарга акыл-насаат айта бербеш керек. Биз балага тарбия бергибиз эле келип турат. Жакшы бала бол, анан акылдуу бол, эмгекчил бол деп эле насаат айткыбыз келет. Жеринен эле биз бирөөгө акыл-насаат айтканды жакшы көргөн элбиз. Бирок бул балдар үчүн анчалык деле кызыктуу болбойт. Айрыкча, азыркы телефондон, телевизордон укмуш мультфильмдерди, кыска тасмаларды көрүп жаткан балдар үчүн биздин насааттар супсак, тажатма сезилет. Балага китеп оку, сабак оку деп коюп, өзүбүз бир да жолу китеп бетин ачпайбыз. Үйгө китеп алып келбейбиз. Балага китеп алып бербейбиз. Бул адатыбызды чыгармаларда да карматып жиберебиз. Жок, балдарга жөн гана кызыктуу, керек болсо курч окуялуу чыгармалар керек. Болгону бирөөнү келекелеген, мазактаган, басмырлаган, терс мүнөздөрдү шардана кылган нерселерден алыс болушубуз керек.
Үчүнчүдөн, балдар адабиятында бала каармандар кандайдыр бир көйгөйгө кабылганда, аны атасы, апасы, чоң атасы, байкеси деген сыяктуу улуулар келип чечип бере калбашы керек.
Башына түшкөн көйгөйдү бала каармандар өздөрү чечкени окуп жаткан балдар үчүн дагы таасирдүү. Кандайдыр бир жолун таап өздөрү чечсин. Бирөөдөн үлгү алсын, изденсин, аракет кылсын, бирок өзү чечсин. Өзү чече алгыдай маселе тууралуу жазылсын. Балдар үчүн ансыз деле балдардын маселеси тууралуу чыгырма жазылат да туурабы? Анан ошону дагы кайсы бир чоң киши келе калып чечкени туура болбой калат.
- Дегеле азыркы балдарды жомоктор дүйнөсү кызыктыра алабы? Оң каарман, терс каарман деген түшүнүк азыркы балдарга деле таасирдүүбү?
- Жомоктор дүйнөсү балдар үчүн дайыма эле таасирдүү деп ойлойм. Болгону аны балдарга кызыктуу кылып бергенди билишибиз керек. Азыр укмуш деп тартылган мультфильмдердин көбү эле жомоктордон алынган. Алар жомоктор кызыксыз деп таштап салган жок. Тескерисинче, аны кызыктуу кылып иштеп чыгып, азыркы заманга ылайыктап берип жатышат. Андан сырткары, жомокторду дагы баланын жаш курагына жараша иштеп чыгыш керек. Мисалы, 1-2 жашар балдар үчүн чоң-чоң сүрөттүү, кагаздары калың, китептер керек. Мындай курак үчүн толук бир жомокту чагылдырып берүүгө болбойт. Бирок бир бетте бир окуя, бир көрүнүш болуп турса, апасы, же атасы аны балага түшүндүрүп айтып берсе болот. Негизи бизде ушул көрүнүш жетишсиз. Бала тамга таанып, мектепке, же бакчага барганга чейин китеп алып бербейбиз. Чынында, балага тээ бөбөк кезинен эле китептерди алып берип, аларга чогуу отуруп айтып берип, түшүндүрүп, ошону менен анын акыл-эсин өстүрүп, кыял дүйнөсүн байытып, китепке жакындатып көндүрүшүбүз керек. Анан бала чоңойгон сайын окуялары да көбөйүп отурса. Мисалы, 3-4 жашка чыкканда кыскараак жомоктор сүрөттөр менен чагылдырылса, ата-энелер аны балага көргөзүп айтып берсе. Андан кийин 5-6 жашта кичине тексти бар, калганы сүрөттөрдөн турган жомоктор чыкса. Ошентип отуруп тексти көбөйүп, бала акырындап китепке көнүп, кызыгып отуруп окуп кетсе болот.
Бул технология деген укмуш өнүккөн, туш тарабы технологияга чылк эле курчалып калган батыш өлкөлөрүндө болуп жаткан көрүнүш. Алар балдарын ушундай жол менен телефондон, телевизордон алыстатып келатышат. Алардын балдары китеп окубай таштап салган жок. Маселенин баары бизде. Ал эскирди, бул болбой калды, балдар окубайт, телефон көрөт деп эле наалыйбыз. Бирок, ага каршы кенедей да чара көрбөйбүз. Балдар суперменди, жөргөмүш кишини кумир тутат, Манасты, Эр Төштүктү, Кошойду тааныбайт дейбиз. Албетте, тааныбайт. Аларды таанытыш үчүн бир жолу аракет кылдыкпы? Бул үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз керек эле. Балдар үчүн ушуга чейин жамандыр жакшыдыр далай китеп чыкты. Бирок эл албайт. Балдарына китеп алып бербейт. Анан албетте, талап болбогон жерде өндүрүш деле болбойт. Эл улам чыкканын улам алып, улам дагы барбы деп турса, балдарын китепке чукулдатса, көндүрсө, өзүнүн балдары үчүн кам көрсө эле, бул тармак деле дүркүрөп өсүп өнүкмөк. Манасыбыз дагы, Төштүгүбүз дагы, Алп Кара Кушубуз дагы, ал тургай Акыл Карачачыбыз дагы ар түркүн китеп болуп, балдарга таанылып калмак.
Ал эми оң каарман менен терс каармандар балдарга таасирдүү эле. Аларга жаман менен жакшыны башкача кантип берет элек? Болгону балдарга мыкаачылыкты, мерездикти үйрөтпөш керек. Жаман каармандарды даңазалабаш керек. Терс каармандарга да боорукерлик менен, түшүнүү менен мамиле кылганды үйрөтөлү. Алардын да бир чындыгы бар экенин, эмне себептен мындай терс каарман болуп калганын айтып түшүндүрүп берсек дагы жакшыраак болор. Кыскасы, оң каарман, терс каармандар балдардын чыгармаларында болушу керек, бирок терс каарманды аябай эле жамандап, жектеп, шыбап жатып калбай, оң каарман баары бир айкөлдүк кылып, адамгерчилик мүнөздү көргөзүп, аны туура түшүнүүгө, ага боор ооруп, керек болсо анын дагы бир жакшы жагын таап, жакшы каарман болуп чыгуусуна жардам берсе, эң сонун болот деп ойлойм.
- Ар бир ата-эне баласынын аң-сезими сергек, дүйнө таанымы терең болушун тилейт эмеспи. Бул үчүн алар эмнелерге маани бериши керек?
- Бул өзү педагогдорго берилчү суроо. Бирок, акыркы убактарда бала тарбиялоо, педагогика жаатында бир канча китепти которгон, редакциялаган жана анча-мынча балдар адабиятына тиешелүү окууларга барып калган киши катары оюмду айта кетейин.
Баланын аң-сезими сергек, курч болуш үчүн эң биринчи кезекте анын сезимдик, акыл-эстик өсүүсүнө тоскоол болбош керек. Аны кагып силкип, аны кылба муну кылба деп чектеп, суроолоруна жооп бербей, эптеп мага жолтоо болбой тынч отурчу деп телефон кармата коюп кутулбай, аны менен сапаттуу убакыт өткөрүш керек. Сапаттуу убакыт деген бала менен чогуу отуруп, чогуу бир нерсе кылып убакыт өткөрүү деген сөз. Аны менен чогуу ойноо, суроолоруна жооп берүү, ага көңүл буруу, сүйлөшүү, кеңешүү, чогуу китеп окуу деген сыяктуу бала менен чогуу жасалчу иштер. Баланын миң бир түркүн суроолору болот. Ошого жооп бериш керек. Анын баарын бала ата-энеден үйрөнбөгөндө кимден үйрөнөт. Биз балабыз эрке болуп кетет, чалчаңдап кетет деп аны урушуп, тыйып, кагып турабыз. Көрсө так ошол көңүл бурбаганыбыз, ага өз алдынча киши сыяктуу мамиле кылбаганыбыз аны даана чалчаңдатат экен. Ал өзүнө көңүл бурдургусу келгенде, өзүнүн дагы бир киши экенин билдиргиси келгенде ошентип ар кандай кылыктарды кылып башкалардын көңүлүн бурдургусу келет тура. Же болбосо биз ага аябай эле өнтөлөп, үзүлүп түшүп, сураганын берип, айтканын кыла берсек дагы ошондой чалчаңдап кетет. Кыскасы, биз балага өзүнчө бир кишидей мамиле кылып, бир нерсе сураса анын туура же туура эмес экенин айтып түшүндүрүп турсак, ошондо бала да өзүн ошол чоң кишидей кармаганды үйрөнөт.
Экинчиден, акыл-эсти, дүйнө таанымды өстүрүш үчүн баланы ойнотуш керек. Телефондо эмес, кадимкидей кыймылдуу оюндарды ойнош керек. Бизде балдарды эрте жашынан эле окутуп, ийримдерге берип, тилдерди үйрөтүп башташат. Каяка шашып атабыз? Балдар балалыгын жашап алсын. Алар ойноп атып өнүгөт. Алардын ой чабыты, башкалар менен карым катнаш кылуу, көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү, деги эле бардык жөндөмү оюндар аркылуу өнүгөт. Аларды тыйып, чектеп, жолтоо болуп отуруп ого бетер кыжырына тийип, агрессиялуу кылып бүтөбүз. Же ар кимдин айтканын угуп, ар кимдин көзүн карап жашап калган көз каранды кишиге айлантабыз.
Ал эми бул жараяндардын арасында балага китеп окуп берүүнүн, же окутуунун пайдасы өтө көп. Себеби, китеп окуп менен отурганда баланын мээси укмуштай иштейт. Ал бардык окуяны, каармандарды мээсинде жандандырып, элестетип, бири-бирине байланыштырып турат. Мээсин иштетет. Акыл-эси жетпей калган жерлерин сурайт. Ошол эле маалда ал кунт коюуну, бир ишти аягына чыгарган чыдамдуулукту үйрөнөт. Ал эми телефон чукулап, улам бир кыска видеону көрүп, улам бир көрүнүшкө аттап турган бала узунураак бир нерсени аягына чыгара албаган чыдамсыз, бир нерсеге узакка кунт коюп көңүл бура албаган чалагайым болуп өсөт.
Андан сырткары, телефондо, телевизордо ага бардык нерсе даяр көрсөтүлүп тургандыктан, ал өзүнүн мээсин, ой чабытын, кыял дүйнөсүн иштетпейт. Ага бардык нерсе даяр берилет. Окуялар, көрүнүштөр бүт баары дапдаяр болуп бет алдында турат. Демек, ал мээсин иштетпей эле ошол экрандагы нерсени карап отура берет. Натыйжада, анын аң-сезими деле өнүкпөйт.
- Учурдагы биздин балдар адабиятына кандай баа бересиз? Бул жаатта эмне өсүштөр, эмне өксүктөр бар?
- Учурдагы биздин балдар адабияты мышык ыйларлык. 7 млн элибиз болсо, миң нуска китеп чыгарсаң, ошол да өтпөйт. Ата-энелер балдарын ээрчитип алып китеп дүкөнгө келип, балага китеп алып бербейт. Кээде-кээде китеп дүкөнгө кирген кичинекей балдарды көрүп калабыз. Аларга дагы ата-энеси китеп алып бербейт.
Ага караганда кайдагы бир боёктор, зыяндуу бир нерселер кошулган пайдасыз таттууларды көп алып берет. Ошого акча коротушат. Айыл жерлеринде болсо көрүп ката койгонго китеп жок. Болсо-болсо окуу китептери барат. Диний китептер барат. Болду. Балдар үчүн китептер барбайт. Себеби, талап жок. Талап болсо эле бармак. Эгер бизде балдар адабиятына талап болгондо, анда Кытайдан фура-фура китептер келе баштамак. Биздин жазуучулар, китепчилер эч аракет кылбаса да, бул тармакты ошол кытайлар толтуруп бермек.
Бул жааттагы өсүштөр анча-мынча бар. Кыргыз тилинде китептер пайда болуп, мультфильмдер аздан болсо да чыга баштады. Бирок, бул азыркы дүйнөнүн өсүү темпине салыштырганда өтө начар. Өтө жай.