"Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын мурунку алып баруучусу. Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.
Түндүк Кореядан келген жоокерлер орусча 100дөй аскердик терминди үйрөнгөн соң Украинадагы согушка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу 29-октябрда Сеулдун расмий адамдары чалгын кызматынын маалыматына таянып билдирди. Пентагондун эсебинде Орусиянын чыгышында 10 миңдей корей аскери машыгуудан өтүп жатат.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан. Украинадагы согушта окко учкан кыргызстандыктар кимдер?
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 51 киши набыт болгонун аныктады. Алардын 25и Кыргызстандын гана жараны. Айрымдарынын колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бири кийинчерээк толук орус жарандыгына өткөн. Украинадагы согушта каза тапкан кыргызстандыктар кимдер?
Эл аралык коомчулук түндүк кореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу кабарды кескин сынга алууда. Маалыматтарга караганда, алар андан ары Украинага айдалышы мүмкүн. Сеул катаал жооп кайтарарын убада кылды. Пхеньян бул маалыматты четке какты.
25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык диниятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада жок кылынгандан кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга чакырды.
АКШ жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун лидери Яхья Синвар Газада өлтүрүлгөндөн кийин Иран Израилге каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялады. АКШ Синвардын жок кылынышын кубаттап, эми Газадагы ок атышууну токтотууга үндөдү. Израилдин бийлиги азырынча согуш токтобостугун ишарат кылды.
Израилдин армиясы менен "Хезболла" (Ливандын түштүк аймактарынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөгөн жоочулар тобу жана саясий партия) бири-бирин ракеталар менен аткылоону күчөттү.
АКШнын Флорида штатында “Милтон” бороонунан улам 10дон ашуун адамдын өмүрү кыйылганын CBS телеканалы аймак бийлигине таянып кабарлады. Эки миллиондон көп киши коопсуз жактарга чыгарылса, үч миллиондой үй-жай жарыксыз калды. "Азаттык" Кошмо Штаттагы кыргызстандыктар менен байланышып, кырдаалды сурады.
Казакстан Борбор Азиядагы алгачкы АЭС курууга дагы бир кадам жакындады. Өзбекстан да Орусия менен чогуу чакан АЭС курууну көздөп жатат. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү АЭС куруу үчүн коомчулукта түшүндүрүү иштерин баштаганын билдирди. Эмне себептен Орусия регионго АЭС курууга кызыкдар?
Италия үчүн Кыргызстан менен бекем алака түзүү маанилүү, ошол эле учурда расмий Бишкек дагы экономикалык жана саясий жактан алганда өнөктөштөрүнүн санын көбөйткүсү келет. Мындай пикири менен Борбор Азия боюнча италиялык изилдөөчү Давиде Канкарини бөлүштү.
Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи 4-октябрдагы жума намазда кайрылуу жасайт деп күтүлүүдө. Израил Ливанга аба соккуларын күчөтүп жатканда, Жакынкы Чыгышта жаңжал ырбап кетиши мүмкүн деген кооптонуу күч алды.
Орусиянын армиясы Украинанын аймактарын абадан аткылоону улантууда. НАТОнун жаңы башчысы Марк Рютте Киевге күтүүсүздөн барды. Аскердик аналитиктер Угледарды басып алгандан кийин орусиялык күчтөр чабуулун улантып, алдыга баратканын маалымдашты.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктарына арналган Варшавадагы жыйынында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, “чет элдик өкүл” тууралуу мыйзамдын кесепети сыяктуу маселе көтөрүлдү.
Иран Израилге каршы ракеталык чабуулун токтотту. Расмий Тегеран 2-октябрда тараткан маалыматка караганда, зарылчылык болбосо чабуул кайра жанданбайт. 1-октябрдын кечинде Израилдин абадан коргоо системасы Ирандын 180 ракетасынын көбүн атып түшүргөнү кабарланды.
1-октябрдын кечинде Иран Израилдин бир катар аймактарын баллистикалык ракеталар менен аткылады. Тегерандын бул кадамы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" тобуна каршы Израил армиясынын Ливандагы операцияларына жооп катары каралууда.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШ террордук уюм деп тааныган жана "Хезболла" радикал тобунун лидеринин өлтүрүлүшүн аймактагы коопсуздук үчүн зарыл кадам катары сыпаттады. 29-сентябрда эртең менен Бейрутта абадан сокку урулганы кабарланды.
Temirov Live каналынын тогуз айдан бери тергөө абагында отурган журналисти Айке Бейшекеева эл аралык "Гратиас Тиби" сыйлыгынын лауреаты болду. Чехиядагы “Зарлаган адамдар” бейөкмөт уюму 23 жаштагы кыргызстандык журналистке адам укуктарын коргоо жаатындагы каармандыгы үчүн бул сыйлыкты ыйгарды.
Кремл Орусиянын өзөктүк доктринасын өзгөртүүдө. Президент Владимир Путиндин сунушуна ылайык, эми Орусияга каршы кадимки курал-жарак колдонулса да өзөктүк сокку менен жооп кайтарылышы мүмкүн. Киев муну “опуза” деп атады.
Жакында эле, тактап айтканда, 28-августта расмий Бээжин чет өлкөлүктөргө кытай балдарын асырап алууга мүмкүнчүлүк берген программаны токтотконун жарыялады. Бир кезде Кыргызстанда дагы чет элдиктерге бала асыроого убактылуу чектөө киргизилип, кийин кайра жанданган.
Дагы жүктөңүз