Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Бозгундагы динаятчы, Эрдогандын эски өнөктөшү Гүлен дүйнө салды


Фетхулла Гүлен
Фетхулла Гүлен

25 жылдан бери АКШда бозгунда жүргөн түркиялык динаятчы, өз мекенинде 2016-жылы бийликти төңкөрүү аракетине айыпталган Фетхулла Гүлен 83 жашында көз жумду. Ал бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жакын санаалашы болгон.

Фетхулла Гүлен дүйнө салганы тууралуу маалыматты алгач анын насааттарын жарыялап келген келген Herkul сайты жазды.

“Насаатчыбыз 2024-жылы 20-октябрда саат 21.20да узактан бери бери дарыланып жаткан ооруканада дүйнө салды”, - деп жазылат 21-сентябрда X социалдык түйүнүндө жарыяланган билдирүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада дарыгерлер кошумча билдирүү жасай турганы белгиленген.

Маалыматта Гүлен эмне менен ооруп жүргөнү такталган эмес. Динаятчы 1999-жылдан бери Кошмо Штаттарда бозгунда жашаган жана 2017-жылы түрк жарандыгынан ажыратылган.

Гүлендин жээни CNN Turk телеканалына Herkul сайтынын билдирүүсүн ырастады.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан түрк чалгын кызматы Гүлендин өлүмүн ырастаганын билдирип, маркум динаятчыны “карасанатай уюмдун” лидери катары мүнөздөдү.

Эрдоган Гүленди бийликти төңкөрүү аракетине айыптаган, динаятчы дооматтарды четке каккан

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Анкара төңкөрүш аракети үчүн Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын "Хизмет" кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

  • Хизмет түркчөдөн которгондо “кызмат” дегенди билдирет.
  • Гүлен жана анын кыймылы бийликтин дооматтарын кескин четке каккан.

“Мен бийликти төңкөрүү менен демократияны орнотуу мүмкүн эмес деп эсептейм. Мындай жол республиканы коргоп, Түркиянын дүйнөгө интеграция болуусуна жардам бербейт. Ошондуктан мен аскердик төңкөрүшкө каршымын жана бул боюнча ар дайым өз пикиримди айтып келгем”, - деген эле Гүлен 2016-жылкы билдирүүсүндө.

Ал окуялардан кийин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүлендин кыймылын "саткындар" деп атап, адамдын денесиндеги "залалдуу шишикке" салыштырган.

Ал ошондой эле аларды каякта болбосун түп тамырынан бери жок кылууну убада кылган.

Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин Гүленге байланышы бар делген 77 миңдей киши камалган, 150 миңдей мамлекеттик кызматкер, анын ичине мугалимдер, соттор, аскерлер кызматтан алынган. Жүздөгөн мектептер, компаниялар, маалымат каражаттары, ишканалар жабылып, активдери конфискацияланган.

Гүленге каршы кампания Түркиянын аймактагы өнөктөштөрүнө да жайылган. Борбор Азиянын айрым мамлекеттери динаятчыга байланыштуу окуу жайларга каршы басымды күчөткөн.

Алтургай соңку жылдары Гүленге байланышы бар делген адамдардын Түркияга күчтөп чыгарып кетип, камаган учурлар болду. Буга Кыргызстандан уурдалган Орхан Инандынын окуясын мисал келтирсе болот.

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап жүргөн, "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Инанды 2021-жылы 1-июнда Кыргызстанда жоголгон.

Ошол жылы 5-июлда Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып келгенин билдирген.

Түркиянын Жогорку соту 2023-жылы 16-июнда Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыраткан.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Бишкекке кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук коргоо органдарынын аны жоопко тартканы мыйзамдуу экенин билдирген.

Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон. 2024-жылы 1-апрелде бул боюнча кылмыш иши токтотулганы маалым болгон.

Эрдогандын мурунку санаалашы

Өз тарапташтарынын арасында Кожо эфенди (Хожа эфенди) же "ардактуу мугалим" катары таанымал Гүлен Түркиянын чыгышындагы Эрзурум провинциясында 1941-жылы төрөлгөн. Атасы имам болгон, ал Куранды бала чагынан окуп үйрөнгөн.

1959-жылы Гүлен өлкөнүн түндүк-батышындагы Эдирне шаарындагы мечиттин имамы болуп дайындалган.

Ал эми 1960-жылдары динаятчы катары Измир провинциясында таанымал боло баштаган. Ал студенттик жатаканаларды негиздеп, чайканаларды кыдырып насаат айтчу.

Гүлендин кыймылы мына ошол студенттик жатаканалардан башталган.

Гүлен бир кезде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана анын "Адилет жана өнүгүү" партиясынын жакын өнөктөшү, санаалашы болгон.

Бирок алардын ортосунда карама-каршылык чыгып, 2013-жылдын этегинде курчуп кеткен. Буга Эрдоганга ымала санаган министрлер менен аткаминерлерге каршы коррупциялык иликтөөлөрдүн жарыя болгону, анда көп нерсе ачыкка чыкканы себеп болгон. Айрым маалыматтарга караганда, ал иликтөөлөрдүн артында “Хизметке” ("Кызмат") кирген прокурорлор жана полиция кызматкерлери турган.

2014-жылы Гүленди камоого ордер чыккан. Анкара узак жылдардан бери аны Кошмо Штаттардан экстрадицияланышын талап кылып келди.

2017-жылы Пенсильваниянын Поконо тоосундагы жабык комплексте сүйлөп жатып, Гүлен АКШдан кетейин деген ою жок экенин айткан.

Ошол кезде ал бир аз алсырап, бутун араң сүйрөп басып жүргөн, дарыланып жатканы айтылган.

XS
SM
MD
LG