2021-жылдан бери чет өлкөлүктөр 36 кыргызстандык баланы асырап алышты. Ал эми америкалык үй-бүлөлөр багып алган айрым кыргызстандык балдардын алды мектепти аяктайын деп калышты. Алардын кээ бирлери тууралуу алдыда баяндайбыз.
Азамат же Айдан Шимкус ата-энеси, беш бир тууганы менен Пенсилвания штатынын Скрантон шаарында жашайт. Мектептин жогорку классынын окуучусу. Кыргызстанда балдар үйүндө алты жашка чейин чоңойгон Айдандын Америкадагы үй-бүлөсүнө барганына быйыл туура он жыл болду.
Үстүңкү ээрди жырык, таңдайы жок төрөлгөн Айданды Кыргызстандан асырап, алып кетүү анын ата-энеси Франк жана Габриэл үчүн бир топ эле кыйын болгон. Алар Азаматты 2008-жылы ноябрда асыроого уруксат алышкан. Бирок ошол кезде кыргыз бийлиги чет өлкөлүктөргө бала багып алууга мүмкүнчүлүк берген программаны токтотуп салышкан.
“Биз “Кыргыз-65” деген топтун мүчөсү болчубуз. 2008-жылы Кыргызстан чет өлкөлүктөргө бала асырап алууга мүмкүнчүлүк берген программаны жаап салганда 65 башка америкалык ата-эне менен ара жолдо калганбыз. Биз Кыргызстанга барып Айданды беш айлык кезинде көргөнбүз. Бир аз убакыттан кийин сот аны алып кетүүгө уруксат бермек эле. Ошол учурда бул программа кандайдыр бир саясий маселелерден улам токтоп калды. Анан биз күтүүгө аргасыз болдук. Ошентип күттүк, күттүк. Анан, албетте, балабызды алып кетүү үчүн болгон күчүбүздү үрөдүк, аракеттендик. Айданды үйгө алып келүү 6,5 жылдык убактыбызды алды. Кыргызстанда өкмөттүн, министрлердин алмаша берүүсү аябай тоскоолдук жаратты",-дейт Айдандын апасы Габриэл.
Анын айтымында Азамат учурда мектепте абдан жакшы окуйт. Өзгөчө математика менен испан тилине кызыгат. Театралдык ийримге барат. Бийлегенди жакшы көрөт. Апасы аны менен канчалык сыймыктанарын айтып бүтө албайт.
Жыл сайын америкалык үй-бүлөлөр асырап алган кыргызстандык балдар үчүн уюштурулган «Kyrgystan Heritage Weekend» деген иш-чарага катышып, бири-бири менен баарлашып турушат.
“Биз ал жакта боз үй тигип, ар кандай оюн-зоокторго катышып, кыргыз ыр-күүлөрүн угуп, бийлейбиз, улуттук тамак-аштарды даамдайбыз. Бул Айдан үчүн Америкада жашаган кыргызстандыктар менен байланышып, баарлашуу үчүн мыкты мүмкүнчүлүк. Ошондой эле ал азыр америкалык болуп, жашоосу бул жакта болсо да теги Кыргызстандан экенин, киндик каны тамган жер ошол жак бойдон каларын эсине сактап жүргөнгө да мыкты шарт”,-деген Габриэл Шимкус Айдан менен Кыргызстанга барууну кыялданып жүргөнүн, убакыт-мүмкүнчүлүк болгондо сөзсүз барышарын айтат.
Ал ошондой эле Айданды төрөгөн ата-энесине терең ыраазычылыгын билдирет.
“Мен анын ата-энесине абдан ыраазымын жана таазим этем. Анткени алар Айданды асыроого бербесе, менин ушундай балам болбойт эле. Кайсы бир күнү Кыргызстанга барганда алар менен жолугарыбызга ишенем. Биз үчүн алар Айдандын дагы жакшы көргөн адамдары, ага бакыт каалаган адамдар. Айдан менин жашоомдун мааниси-маңызы. Ал мага эне бактысын сездирген тун уулум. Ал менин бүтүндөй дүйнөм. Айдан абдан жакшы бала. Өтө аракетчил, кыйынчылык жаратпаган керемет бала. Ушундай уулум бар экенине аябай бактылуумун”,-дейт Габриел.
Жози: "Комуз черткенди кыялданам"
Ал эми америкалыктар Кыргызстандан асырап алган Жози учурда 16 жашта. Ал криминалдар үчүн психолог болууну кыялданат. Комуз черткенди үйрөнгүсү келет. Баарынан да боорсокту жакшы көрөт.
Үй-бүлөдө жаш курагы боюнча жети бир туугандын бешинчиси. Бирок асырап алгандардын ирээти боюнча үчүнчү. Өзүнөн улуу төрт агасы, эки иниси жана сиңдиси бар.
Жозини асырап алуу тарыхын анын апасы Эллисон айтып берди.
“Биз Орусиядан 2003-2004-жылдары эки баланы багып алганбыз. Ошол эле Орусиядан дагы бир кыз багып алалы деп жатканда расмий Москва чет өлкөлүктөргө бала асыроого мүмкүнчүлүк берген программаны жаап салды. Биз башка жактарды караштырып Жозини 2008-жылы Кыргызстандан таптык. Анда ал алты жумалык экен. Биз аны менен эки жума чогуу өткөрдүк. Кийин үйгө кайттык. Жарым жылдан кийин сот бизге асырап алууга уруксат берди. Ошентип алты айлык кызыбызды үйгө алып келдик. Жозини биз Токмоктогу балдар үйүнөн алганбыз”,-дейт ал.
Эллисон кошумчалагандай, Жози менен 5-6 жыл мурда Кыргызстанды кыдырып келишкен. Жози өмүрүнүн алгачкы күндөрүн өткөргөн Токмоктогу балдар үйүнө да барган.
“Кыргызстан абдан тоолуу өлкө. Мага аябай жакты, эли, ыр-күүлөрү, маданияты жалпы жакты. Андан тышкары ат мингенди жактырдым”,-дейт Жози.
Бир аз убакыттан бери алардын үйүндө Кыргызстандан алмашуу программасы менен келген Эржан аттуу студент жашайт.
"Биз чакан шаарда жашайбыз. Мен Жозинин кыргыз маданияты менен көбүрөөк тааныш болуусун кааладым. Биз ага Америкалык маданият тууралуу көбүрөөк үйрөтүп, ал эми Жози андан кыргыз тилин, маданиятын үйрөнсүн дедик. Баары сонун болуп жатат десек болот. Ал абдан мыкты бала. Ал тез аралашып кетти. Кыргызстандан толтура белек ала келиптир. Жакында Жозини кыргыз улуттук тамактарын даярдаганды үйрөтөт деп ойлойм", - дейт апасы Эллисон.
Кызыгы, Жозинин бир тууган бөлөсү да Америкада жашайт. Аны да Токмоктогу балдар үйүнөн америкалыктар асырап алышкан. Алардын жакын туугандар экенин ДНК тест дагы аныктаган. Жозинин үй-бүлөсүндө бардык балдардын мекенинде белгиленчү майрамдар өткөрүлөт. Маселен, Кытай жаңы жылы, орустардын рождествосу, кыргыздардын Ноорузу. Андан тышкары балдарды асырап алган күндү белгилөө да салтка айланган.
Кыргызстанга жана саясатка кызыккан Одри
Одри болсо 17 жашта. Быйыл мектепти аяктайт. Баарынан да китеп окуганды жакшы көрөт. Мектептеги оркестрда флейтада ойнойт. Ар кандай таттуу токочторду жасаганды, тамак жасаганды жакшы көрөт. Университетке тапшырганда саясат, философия же экономика багытында билим алсам деп кыялданат. Андан тышкары орус, француз сыяктуу чет тилдерге, эл аралык мамилелерге кызыгат. Апасы Кара Хангдын айтымында, алар жарым жыл Кыргызстанда жашап келишкен.
"Атасы Фулбрайт программасы аркылуу Борбор Азия Университетинде изилдөө жүргүзүүгө грант утуп алып, 2018-жылы алты ай Бишкекте болдук. Одри эл аралык мектепке барып жатты. Жарым жыл ичинде өлкөнү аябай кыдырдык, көп дос күттүк, кыскасы абдан жакшы убакыт өткөрдүк. Одри 12 жашта эле, көп эле нерсени эстеп калды. Андан тышкары Кыргызстан тууралуу YouTubeдан ар кандай видеолорду көрөт, маалыматтарды окуйт. Одрини биз Кыргызстандан атайын агенттик аркылуу тапканбыз. Одри абдан дүйнө таанымы кенен, көп нерсеге кызыккан кыз",-дейт Кара.
2021-жылдан бери расмий маалыматка караганда, кароосуз калган 36 кыргызстандык баланы чет өлкөлүктөр асырап алышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетектөөчү адиси Алия Чокоева билдирди. Анын айтымында, ата-энелерди баш тарткан балдардын тизмеси алгач кыргызстандыктарга көрсөтүлөт. Эгер өлкө ичинде багып алууну каалагандар болсо аларга артыкчылык берилет. Үч айдан кийин гана тизме чет өлкөлүктөр үчүн ачылат.
Учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, чет өлкөлүктөргө бала асырап алууга көмөктөшкөн үч эл аралык уюм каттоодон өткөн.
Кыргызстандык балдардын чет өлкөлүк жарандар тарабынан асыралышына 2009-жылы “кыргызстандык балдар чет мамлекеттерге мыйзамсыз жөнөтүлүп жатат” деген жүйө менен мораторий киргизилген. Буга коррупциялык иштер себеп болгону белгиленип, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери камакка жатып чыгышкан эле.
2011-жылдын июнь айында парламент тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизген соң, бул милдет Билим берүү министрлигинен Социалдык өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилген. 2012-жылы балдарды чет өлкөлүктөргө асыроого берүү ишмердиги жаңы жобонун негизинде кайрадан жанданган.
Кытай чет өлкөлүктөргө бала асырап алууга тыюу салды
28-августта расмий Бээжин чет өлкөлүктөргө кытай балдарын асырап алууга мүмкүнчүлүк берген программаны токтотконун жарыялады. Кытай бийлиги бул кадам “эл аралык стандарттарга” шайкеш келерин билдирип, буга чейин кытайлыктарды асырап алгандарга ыраазычылык билдирди. Бир топ жылдан бери америкалыктар эң көп бала асырап алган өлкөлөрдүн сап башында Кытай турчу. Маселен, 1999-2023-жылдары америкалыктар Кытайдан 83 миңдей бала багып алышкан. Кытай бийлиги чет элдиктерге бала асырап алууга уруксат берген программаны 2020-жылы ковид пандемиясы маалында убактылуу токтоткон. Мындан улам 2022-жылга чейин бир да кытайлык бала чет жакка асыранды болуп кеткен эмес.
1992-жылы Кытай чет өлкөлүктөргө бала асырап алууга уруксат берген. Ал кезде өлкөдө "бир үй-бүлө - бир бала" деген катаал саясаты күч эле. Муну менен расмий Бээжин калктын санынын өтө тездик менен өсүп баратышын токтотууну көздөгөн. Мындан улам кытайлыктар бирден көп төрөлгөн балдарынан, өзгөчө кыздарынан баш тартууга аргасыз болушкан. Болбосо очойгон айып пул төлөшмөк.