Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

"Италия Борбор Азияны экспорттук хаб кылгысы келет"


Кыргыз делегациясын тосуп алган Италиянын ардактуу кароолунун аскерлери.
Кыргыз делегациясын тосуп алган Италиянын ардактуу кароолунун аскерлери.

Италия үчүн Кыргызстан менен бекем алака түзүү маанилүү, ошол эле учурда расмий Бишкек дагы экономикалык жана саясий жактан алганда өнөктөштөрүнүн санын көбөйткүсү келет. Мындай пикири менен Борбор Азия боюнча италиялык изилдөөчү Давиде Канкарини бөлүштү.

Жапаровдун Италияга расмий сапарынын маанилүүлүгү, Рим менен Бишкектин ортосундагы соода-сатыктын өсүшү, санкция жана адам укуктары маселелери боюнча Давиде Канкарининин кеңири маеги.

- Давиде мырза, Садыр Жапаров 25 жылдан бери Италия менен Ватиканга барган алгачкы Кыргызстандын президенти болуп кады. Сиз бул сапардын маанилүүлүгүн жана максатын кандай баалайт элеңиз?

- Ооба, Жапаров 25 жылдан бери Италияга расмий сапар менен келген Кыргызстандын биринчи президенти. Буга чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы 2000-жылдардан мурда, демек абдан көп жыл мурда Италияда болгон экен. Ошондуктан бул сапар Италиянын көз карашынан алганда бир катар себептерден улам абдан маанилүү. Өзүңөр билгендей, былтыр июндан баштап Түркмөнстандын лидери Сардар Бердымухаммедовдон башка борборазиялык лидерлер Италияга келип кетишти. Былтыр июнда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, андан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Римде болду. Быйыл мартта Москвадагы “Крокус Сити Холлдо" болгон теракттан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон расмий сапар менен келип кетти. Ошондуктан Жапаров Италияга келген акыркы Борбор Азия лидерлеринин бири десем болот. Борбор Азия Италия үчүн абдан маанилүү болуп баратат. Италиянын аймактагы кызыкчылыгы көп жылдан бери эле уланып келет, бирок соңку беш жылда бул алакалар абдан өнүгүп кетти. Маселен, Италия Казакстандын соода-сатык боюнча өнөктөштөрүнөн Кытай менен Орусиядан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

- Италия Кыргызстан менен кызматташуудан эмнени күтөт?

- Менимче Италия үчүн Кыргызстан менен бекем алака түзүү маанилүү. Анткени Кыргызстан Орусияга тарыхый, аскердик-экономикалык жана башка себептерден улам жакын болгондуктан Борбор Азияда өзгөчө орду бар. Ошол эле маалда ал Кытайга да жакын. Италия үчүн Кыргызстан менен жакшы алакада болуу Орусия жана Кытай менен мамилесинде пайдасын тийгизиши мүмкүн.

Борбор Азия боюнча италиялык эксперт Давид Канкарини.
Борбор Азия боюнча италиялык эксперт Давид Канкарини.

- Соңку бир нече жылда Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү дээрлик үч эсе көбөйүп, 90 миллион долларга жетиптир. Бул эми өтө чоң деле көрсөткүч болбошу мүмкүн. Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы экономикалык алакалардын мындан аркы потенциалы, келечеги кандай?

- Италиялык жана башка европалык компаниялар Кыргызстанды Украинада согуш башталган күндөн тарта пайдаланып келет. Маселен, Брукингс институту бир нече күн мурда жарыялаган маалыматка ылайык, 2024-жылдын биринчи жарымында Италиянын Кыргызстанга экспорту 2019-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1600% өскөн. Бул эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатыктын көбөйүшүн гана эмес, Италия Кыргызстанды Орусияга жетүү үчүн транзиттик хаб катары колдонуп жатышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Борбор Азия Италия жана италиялык компаниялар үчүн абдан маанилүү. Себеп дегенде айтып өткөндөй, ал Казакстандын үчүнчү соода өнөктөшү. Андан тышкары Өзбекстан жана Түркмөнстан менен да соода алкалары жакшы. Италия Борбор Азияны экспорттук хаб катары колдонгусу келет. Италия бир гана кийим-кече жана тамак-аш өндүрбөйт. Экспорттой турган өнүмү көп.

- Италиянын өкмөтүн Украинадагы согуштан улам Орусияга каршы салынган санкцияларды буйтап өтүү үчүн Борбор Азия мамлекеттерин колдонушу мүмкүн деген маселе тынчсыздандырабы?

- Менимче, Италия бир катар башка европалык мамлекеттердей эле бул темага прагматикалык көз карашта. Анткени айтып өткөндөй эле италиялык компаниялар Кыргызстанды жана башка Борбор Азия мамлекеттерин санкцияларды айланып өтүп Орусияга жетүү үчүн колдонуп келет. Италиялык компаниялар муну улантышы мүмкүн. Мен Италия өкмөтүн айтып жаткан жокмун. Бул жерде италиялык компаниялар тууралуу сөз болууда.

(3-октябрда Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эл аралык санкциялык тизмедеги товарларды киргизбей, өз милдетин аткарып жатканын билдирди-ред.)

- Кыргызстан өзүңүз айтып өткөндөй Орусиянын стратегиялык өнөктөшү. Азыркы глобалдык кырдаалды эске алганда эл аралык окуялар Евробиримдиктин мүчөсү болгон Италия менен алакаларга канчалык деңгээлде таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Кыргызстан Борбор Азиянын башка мамлекеттериндей эле Орусия Украинага кол салган соң тышкы саясатын бир аз өзгөртө баштады. Алар Орусия мындан ары ишенимдүү өнөктөш эмес экенин түшүнүштү. Көптөгөн себептерден улам Кыргызстан Орусия менен алаксын үзө албайт. Ошол эле учурда эл аралык өнөкөштөрдүн санын көбөйткүсү келет. Бир гана экономикалык эмес, саясий перспективадан да алганда. Жапаров Италияга жалгыз эмес, чоң делегация менен келди. Юстиция, маданият министрлери, Кыргызстандын Инвестиция агенттигинин башчысы сыяктуу адамдар ээрчип жүрүшөт. Бул деген Бишкек Италияда инвестиция издеп жүргөнүн белгилейт. Жапаровго кандайдыр бир инвестиция тартуу керек. Менимче ал муну ишке ашырат. Анткени Италия чөлкөмдөгү өз турумун кеңейткиси келет.

- Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү демократия жана адам укуктарына байланыштуу кырдаалды Италия кандай баалайт жана бул маселе Италияны соңку эки жылдан бери ашыкча оңчул өкмөт жетектеп жатканын эске алганда расмий Рим үчүн канчалык маанилүү?

- Мен адам укугу жаатындагы эксперт эмесмин. Ошентсе да белгилеп өткөнүмдөй, Борбор Азияга карата Италиянын күн тартиби абдан прагматикалык. 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийин бир нече күн саясий жана социалдык толкундоолор болуп турганда Италиянын ошол кездеги өкмөтү өтө сейрек билдирүү жасап, Кыргызстандагы окуяларга тыкыр көз салып жатканын маалымдаган. Мен билгенден бул Италия өкмөтү тараткан өтө сейрек билдирүүлөрдүн бири болгон. Албетте Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы адам укуктарына жана демократияга байланыштуу айрым тынчсыздануулар бар. Бирок экономика биринчи орунда турат. Айтайын дегеним, адам укуктары жана демократия, ушул эки теманын айланасындагы маселелер Италиянын күн тартибинде алдыңкы орунда эмес.

- Убакыт бөлүп, маек куруп бергениңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG