Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Израил "Хезболланын" лидери Насралла өлтүрүлгөнүн жарыялады


Хасан Насралла "Хезболла" тобуна таандык "Аль-Манар" телеканалында сүйлөп жаткан учур, 19-сентябрь 2024-жыл.
Хасан Насралла "Хезболла" тобуна таандык "Аль-Манар" телеканалында сүйлөп жаткан учур, 19-сентябрь 2024-жыл.

Израил армиясы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" жоочулар тобунун лидери Хасан Насралла бир күн мурда Ливандын баш калаасы Бейрутка урулган соккуларда өлтүрүлгөнүн 28-сентябрда билдирди.

Израил армиясы АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" жоочулар тобунун лидери Хасан Насралла бир күн мурда Ливандын баш калаасы Бейрутка урулган соккуларда өлтүрүлгөнүн 28-сентябрда билдирди.

Израил армиясынын араб тилдүү басма сөз катчысы Авичай Адрае X социалдык түйүнүндөгү билдирүүсүндө Насралладан тышкары "Хезболланын" түштүк канатынын командири Али Карки сыяктуу бир нече кол башчысы өлтүрүлгөнүн белгиледи.

"Билдирүү так: Изрилдин жарандарын түндүктөн, түштүктөн жана андан алыс аймактардан коркуткандардын баарына жетебиз", - деп жазды Адрае.

Израилдин Куралдуу күчтөрү (ЦАХАЛ) X социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу: "Хасан Насралла дүйнөнү мындан ары террорчулук менен коркутуп-үркүтө албайт", - деп билдирди.

"Хезболла" лидери өлгөнүн ушул эле күнү кечирээк расмий ырастады. Ага чейин уюмга жакын булак Насралла менен байланыш жуманын кечинде үзүлүп калганын 28-сентябрда "Франц пресс" жаңылыктар агенттигине айткан.

“Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. АКШ “Хезболланы” террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Соңку чыңалуунун чоо-жайы

Былтыр октябрда “Хезболланын” өнөктөшү, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан бери Израил Газада ХАМАС менен, коңшусу Ливандын түштүгүндө "Хезболла" менен кармашып келатат. ХАМАСка тилектештигин билдирген “Хезболла” тобунун жоочулары болсо Ливандын түштүк-чыгыш аймактарынан Израилдин түндүгүн көздөй утур-утур ракета учуруп келди. Израил да “Хезболланын” Ливандагы турумдарына сокку уруп турду.

Бирок соңку он күн ичинде Израил менен Ливандын чек аралаш аймактарында кырдаал кыйла курчуй түштү. Апта башынан бери Израил армиясы Ливандын негизинен түштүк аймактарына сокку уруп, бул райондордо курал-жарактар жана “Хезболланын” жоочулары бар экенин белгилеп жатат. Жай тургундардын үйлөрүн пайдаланып жатканын четке каккан "Хезболла" да Израилди көздөй ракеталарды учурууда.

Расмий Тель-Авив бул аба соккулары аркылуу "Хезболланын" ракеталарынан качкан жайкын тургундарды кайрадан Израилдин түштүгүнө кайтарууну максат кыларын билдирип жатат.

Израил армиясы 27-сентябрда Бейруттун жака белиндеги "Хезболланын" борбордук кеңсесине чоң сокку урганын билдирген. ЦАХАЛДын өкүлү Даниэл Хагари "Хезболланын" кеңсеси карапайым тургундар жашаган үйлөрдүн алдында жайгашканын айткан. Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги бул чабуулдан кеминде алты адам набыт болуп, 91 адам жараат алганын жарыялаган.

Чабуулдун алдында эле Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында АКШ террордук топ санаган уюмга каршы аскердик аракеттер токтобой турганын эскерткен.

Чабуулдан кийин Насралла кайда экени тууралуу эч кандай маалымат чыкпай жатты. Нетаньяхунун кеңсеси премьер-министр АКШдагы сапарын токтотуп, дароо Тель-Авивге жолго чыкканын маалымдады.

Насралла жетектеп турган маалда "Хезболла" Ирандагы ишенимдүү адамдар, Тегеранга таянган башка куралдуу топтор менен тыгыз алакаларды түзүп, ал уюмдардын жоочуларын машыгуудан өткөрүүгө жана курал менен жабдууга жардамдашып келген.

"Хезболлага" караштуу Al-Manar TV телеканалы авиасоккуда кеминде төрт имарат талкаланып, оор жоготуулар болгонун, жерине "Тез жардам" жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Интернетке жарыяланган видеолордон талкалоонун масштабы чоң экенин көрүүгө болот.

Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх Израил АКШга бул сокку тууралуу алдын ала эскертпегенин билдирген.

"Кошмо Штаттар бул операцияга катышкан эмес, бизге алдын ала эч кандай эскертүү болгон жок", - деди Сингх журналисттерге.

Буга чейин Нетаньяху БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөндө "максатыбызга толук жетмейинче "Хезболланы" жок кылууну уланта беребиз" деген.

Ливанда бир үй-бүлөдөн тогуз өмүр кыйылды

27-сентябрга караган түнү жана таңга жуук Израилдин борбордук бөлүгүндө, Тел-Авив шаарында абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилди. Армия өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, Йемен тараптан учурулган ракета Израилдин аймагына жете электе атып түшүрүлдү.

Ал эми өлкөнүн түндүк тилкесинде жайгашкан Хайфа шаарына, аскердик мекеме билдиргендей, Ливан тараптан 10 ракета учурулду. Алардын айрымдары кармалганы, калгандары эл жок жерге барып түшкөнү маалымдалды. Шаардын кээ бир жерлеринде түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Ливан: Израил соккусун улантты, Бейрут дүйнөдөн жардам сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Израил жума күнү Ливан тараптан учурулган согуштук төрт дрон да кармалганын билдирди. Бир киши жараат алганы маалымдалды.

Ливандагы “Хезболла” жоочулар тобу бул соккуларын Израилдин Ливандын айыл-кыштактарына, жайкын тургундарына жасаган "чабуулдарына жооп" деп атады. Ал эми Израил "Хезболланын" согушкерлерине гана каршы күрөшүп жатканын айтууда.

Израилдин абадан коргонуу системалары чабуулдардын көбүнүн мизин кайтарып келатат, бирок өлкө түндүгүндө ракета жана дрон коркунучунан улам кадимки күнүмдүк жашоо токтоп тургандай.

Ал тапта Ливан бийлиги Израилдин соңку аба чабуулдарынан чыгыштагы чек ара аймагына жакын жердеги Шебаа шаарында жашаган бир үй-бүлөдөн тогуз киши мерт кеткенин, алардын төртөө балдар экенин 27-сентябрда билдирди. Мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, түштүктөгү Тир (Сур) шаарына да чабуул жасалды.

Reuters агенттиги Ливандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып, жума күнү маалымдагандай, 23-сентябрдан бери Израилдин чабуулдарынан кеминде 600дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

25-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн лидерлери чогулган сессиясында 11 өлкө жана Европа Биримдиги Израил менен "Хезболла" ортосундагы атышууну тез арада токтотуп, үч апталык элдешүү жарыялоого, бул убакыттын ичинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырышкан. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө Израил менен “Хезболланын” ортосундагы кармаштын жалпы аймакка жайылып кетүү коркунучу бар экени, бул Израилдин да, Ливандын да кызыкчылыгына туура келбей турганы белгиленген.

Атышууну токтотууга чакырган билдирүүгө АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Жапония, Канада, Австралия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Евробиримдик кол коюшкан.

Азыркы абалдан биринчи кезекте Ливандын жайкын тургундары жабыркап жатканын өлкө бийлиги билдирүүдө. Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Ливандын башкы дипломаты Абдалла Бухабиб өлкөнүн келечеги коркунучта экенин айтып, эл аралык коомчулукту жардамга чакырды:

Абдалла Бухабиб.
Абдалла Бухабиб.

"Элибиздин келечеги, өсүп-өнүгүүсү коркунучта турат. Бул кырдаал домино принцибине окшоп көзөмөлдөн чыгып кетип, кризисти таптакыр башкара албай калган абалга жеткирбеш үчүн тез арада эл аралык кийлигишүүнү талап кылууда".

Израилдин “Хезболла” менен тирешинен улам түзүлгөн кооптуу абалга байланыштуу Ливандын чек арага жакын айыл-кыштактарында жашаган айрым тургундары коңшу Сирияны көздөй агылууда. Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун тегерегин да бутага алып, бир нече киши каза болгон. Reuters агенттигинин кабарчылары шаар көчөлөрүн кыдырып, атышууну токтотуу тууралуу чакырыктар боюнча пикирлерди сураштырганда, шаар тургундары тынчтык орнооруна үмүттөнөрүн айтышты:

“Ооба, менимче, атышуу токтойт. Анткени колуңда бийлигиң, өзүңдүн бийлигиң турганда адамдар атышууну токтотууга макул болушу керек. Ошондой кылышы керек болот”, - деди өзүн Самир деп тааныштырган жаран.

"Хезболла" Израилдин "Моссад" мекемесин быйыл 17-18-сентябрь күндөрү Ливанда пейжер, рация жана башка байланыш, техника каражаттары жапырт жарылып, отуздан ашуун адамдын өмүрү кыйылган чабуул үчүн айыптоодо. Анда бутага негизинен "Хезболланын" мүчөлөрү алынганы кабарланган. Ал эми 22-23-сентябрда Израилдин эң катуу соккуларынан Ливанда дагы жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам эвакуация болгон.

Бул окуялардан кийин аймакта чыңалуу курчуй баштаган.

XS
SM
MD
LG