Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Орусиянын күнү түндүк кореялык аскерлерге түштүбү?


Түндүк кореялык аскерлер.
Түндүк кореялык аскерлер.

Эл аралык коомчулук түндүк кореялык аскерлердин Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу кабарды кескин сынга алууда. Маалыматтарга караганда, алар андан ары Украинага айдалышы мүмкүн. Сеул катаал жооп кайтарарын убада кылды. Пхеньян бул маалыматты четке какты.

Сеул Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташуунун бекемделип жатканына каршы “акырындап жооп чара көрөрүн” билдирди.

"Өкмөт түндүк кореялык аскерлерди токтоосуз чыгарууга чакырат. Түндүк Корея менен Орусия ортосундагы азыркы аскердик сүйлөшүү уланса, биз тим турбайбыз. Эл аралык коомчулук менен чечкиндүү чараларды көрөбүз", - деди Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү Ким Тэ-Хё.

Болжолдуу чаралардын катарында Украинага курал-жабдык жеткирүү да каралып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы Пхеньян Орусияга аскерлердин биринчи партиясын жөнөткөнүн, алар Украинадагы согушка айдалышы мүмкүн экенин 18-октябрда билдирген. Маалыматка караганда, Түндүк Корея Орусияга 12 миң аскер жөнөтүүнү чечкен, алардын 1500дөйү Ыраакы Чыгыштагы орусиялык полигондорго топтолду.

Чалгын кызматы бул маалыматты бышыктоо үчүн спутниктен алынган сүрөттөрдү бөлүшкөн.

Ага чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Брюсселде сүйлөп жатып, түндүк кореялык он миңдей аскер орус армиясынын катарында согушка аралашуусу мүмкүн экенин айткан. Бул сөздөрдү Украинанын Башкы Чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов дагы ырастап, Орусиянын чыгышында 11 миңдей түндүк кореялык аскер машыгуудан өтүп жатканын кошумчалаган.

"Алар 1-ноябрга даяр болушат", - деген Буданов The War Zone басылмасына курган маегинде. Анын айтуусуна караганда, түндүк кореялык аскерлер украин аскерлери кирип барган Курск облусуна жөнөтүлүшү мүмкүн.

Пхеньян Орусияга аскер жөнөткөнү тууралуу маалыматты "жүйөсүз" деп атады. Түндүк Кореянын БУУдагы делегациясынын жетекчиси Ким Сондун эсебинде бул маалыматтар чындыкка коошпойт.

"Орусия менен аскердик кызматташуу тууралуу айтсак, биздин делегация мындай негизсиз, Түндүк Кореяны каралоого, суверендүү мамлекеттер ортосундагы достук, өнөктөштүк алкаларына доо кетирүүгө багытталган имиштерди комментарийлөөнү туура көрбөйт", - деди Ким Сон.

Түндүк Корея армиясынын атайын багыттагы отрядынын аскерлери. 2-октябрь, 2024-жыл.
Түндүк Корея армиясынын атайын багыттагы отрядынын аскерлери. 2-октябрь, 2024-жыл.

Москва Пхеньян менен алакасын Украинага согуш ачканы жакшырта баштаган. 2023-жылы сентябрь айында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга келип кеткен. Көп өтпөй, быйыл июнь айында Орусиянын лидери Владимир Путин Пхеньянга барды. Эки өлкөнүн бийлиги жолугушууларда экономикалык кызматташуу гана талкууланганын билдирип, Пхеньяндын Орусияга курал-жабдык жеткиргени тууралуу маалыматтарды четке кагышкан.

Корей таануучу Андрей Ланьковдун айтымында, түндүк кореялыктар реалдуу согушта канчалык өзүлөрүн көрсөтө аларын божомолдоо кыйын:

"Түндүк Кореялык аскерлер эч качан согуштук аракеттерге катышкан эмес. Ал эми башы менен кышты жара сүзгөн аскерлер - бул жөн гана шоу. Алар чындыгында канчалык кыйын экенин биз азырынча билбейбиз. Кандай гана армия болбосун анын мүмкүнчүлүгүн согушта гана көрүүгө болот. Ал эми жыйынтыгы ар кандай болушу мүмкүн. Кээде анча белгисиз эле армия эң мыкты согушат. Айрым учурда легендарлуу деп саналган армиянын колунан эч нерсе келбей калат".

Ал эми аскердик талдоочу Ян Матвеев түндүк кореялык аскерлердин буга чейинки даярдыгы канчалык экенин билбесе да, алардын азыркы орусиялык аскерлерге караганда эки артыкчылыгы бар экенин белгилейт:

"Орусиянын армиясына учурда жапырт келишим аркылуу кошулуп жаткандарга салыштырмалуу, түндүк кореялык аскерлер жаш, чымыр жигиттер болсо керек. Алар узак убакыт даярдыктан өткөн, ок ата алышат. Ал эми Орусияда учурда келишим менен кошулгандарды дээрлик даярдыгы жок, көп болсо 1-2 жумалык машыгуудан кийин эле фронтко айдап жатышпайбы", - дейт Ян Матвеев.

Машыгып жаткан түндүк кореялык аскерлер. 15-март, 2024-жыл.
Машыгып жаткан түндүк кореялык аскерлер. 15-март, 2024-жыл.

Түндүк Корея Орусияга 2022-жылдын ортосунан бери 13 миң деңиз контейнерин жөнөткөнү буга чейин кабарлаган. Болжол менен анда курал-жабдык болушу мүмкүн экенин Newsweek басылмасы Түштүк Кореянын чалгын кызматына таянып жазган.

Түндүк Корея өлкө чыгышындагы Нажин порту аркылуу Орусия Украинага согуш ачкан эки жылдан бери курал-жабдык жөнөтүп келгени маалым болду. Контейнерлерде алты миллиондон көп 152 миллиметрлик артиллериялык снаярддар болушу ыктымал.

Андан тышкары Түндүк Корея 122 миллиметрлик артиллериялык снаряддарды, мобилдик зениттик ракеталык комплекстерди, танктарга каршы ракеталарды жана башка аскердик техниканы жеткиргени макалада белгиленген.

Курал-жабдыктын ордуна Орусия Түндүк Кореяга энергетикалык ресурстарды, ракеталар жана тыңчы спутниктер үчүн технологияларды берет.

XS
SM
MD
LG