Жалалабат шаарынын тургуну Медер Үсөновдун өнөкөт бруцеллез оорусу бар. Анын айтымында, атасы да ошол оорудан көз жумуп, ага-туугандары да бруцеллез кеселине чалдыккан. Медер туулуп-өскөн Сузак районунун Барпы айылында жакында иттер кутуруп, мал-койлорду тиштеген. Кутурган иттерди айылдагы карапайым адамдар атып жок кылган. Үсөновдун белгилешинче кароосуз ит-мышыктарды жок кылууга жергиликтүү бийликтер жетиштүү көңүл бурбай жатат:
- Айылдарда дейди иттер көбөйүп, кутурма оорусу болуп атат. Барпы өрөөнүдөгү Сай деген жерде байкалган, малдарды да тиштеп коюшкан. Бюджеттен акча бөлүнгөнү менен алгылыктуу иш болбой атат. Бруцеллез оорусу менен ооругандар аябай көп.
Жолбун иттердин көбөйгөндүгүнөн былтыр облустун Аксы жана Алабука райондорунда 3501 кишини ит каап алган. Кутурма оорусунан коңшу эки райондо өткөн жылы үч бала көз жумган. Жакында Алабука районунда кутурган ит 5 айылдын 27 тургунун тиштеген. Аларга убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндүктөн абалдары жакшы, деп айтты облустук санитардык – эпидемиялык станциянын баш дарыгеринин орунбасары Үлпат Назирбекова. Бирок, ит атаар бригадаларды уюштуруу жана аларга каражат бөлүү маселеси алымсындырбайт:
- Аптада 27 адамды жолбун иттер каап, азыркы күндө дарыланып атышат. Абалдары азыркы күндө жакшы. Ит атуу боюнча иш начар болуп атат. Жолбун иттерди көбрөөк атыш керек. Бул администрациялардын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын ит атуу боюнча ишти жакшы жолго коё албай аткандыгы болуп эсептелет.
Облуста бруцеллез оорусунун күчөп баратканын губернатордун орунбасары Жаныш Курбанов да мойнуна алды. Анын айтымында, учурда оору деп шектелген бодо малдарды текшерүү үчүн алардан кан алынууда. Облуста ветеринардык дарыгерлер да жетишпейт. Эмгек акынын аздыгы менен жашоо шартынын начардыгынан мал доктурлар Казакстан менен Орусияга иш издеп кетүүдө. Бруцеллез оорусунун көбөйүшүнө жергиликтүү калк да себепкер. Анткени, жарандар кой-эчки жана бодо малын жугуштуу ооруларга каршы убагында эмдетишпей, аларды союп же сатып ийишет, деп айтты Жаныш Курбанов:
- Азыркы мезгилде малдан кан алуу, анализин чыгаруу боюнча иш жүрүп атат. Бул жерде тургундарда кемчиликтер көп, айрым учурларда кан алуу мезгилинде толук-камдуу малын алып барышпайт. Лабораториядан өткөрүп, бруцеллез болуп эсептелгенден кийин да малын союп, базарда сатып жиберген учурлар да аз эмес.
Облустук бийлик кутурган жана дейди иттерди жок кылуу үчүн ит атаар топторду уюштурууну мергенчилик чарбасына милдеттендирген.
Губернатордун орунбасарынын маалыматы боюнча ит атаар топторду уюштурууга каражат жана курал-жарак менен ок-дары жетишсиз болууда. Аксы жана Алабука районунда 150 ит атып өлтүрүлгөн:
- Каражат маселеси өтө оор болуп жатат. Ошондуктан биз мергенчилик инспекцияларга милдеттендирип ататбыз, ушуга жардам бергиле, атып тазалап жок кылалы деп. Бригадалар уюшулган, эми күч алып чыгат , - деди Жаныш Курбанов.