Аксы районундагы тоолуу алты айыл өкмөттүн жашоочуларына жер үлүшү аз тийген. Зарыл каражаттардын тартыштыгынан алар учурда жаздык айдап-себүү иштерин баштай элек. Жумушсуздуктун айынан айыл тургундары бөлөк аймактардан иш издөөгө аргасыз. Каражыгач айыл өкмөтүндө жашаган Токтосун Арстанкуловдун үй-бүлөсүндөгү 11 адамга 8 сотик жер тийген, бирок, ал менчик жерин быйыл кантип иштетүүнүн аргасын таба элек.
Карасуу айыл өкмөтүнүн тургуну Бегималы Шерматовдун да жери айдалбай турат. Анын айтымында айылда күйүүчү май, техника, үрөн жана эгин суусу жетишсиз. Шарттын жоктугунан айылдагылар үлүш жерлерин жылда ат-эшек менен тилдиргенге аргасыз:
- Быйыл жер айдалбады. Бир жагынан трактор жок, же каражат жок. Сууну булактан алып ичебиз. Жер сугарганга канал жок, же үрөн жок. Жерибизге болгону жүгөрү айдап коёбуз.
Аталган айыл өкмөттүн Жүзүмжан айылынын жашоочусу Айтимбет Чалбаевдин пикири боюнча, айыл өкмөттө мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштегендер үчүн иш бар, калган адамдар бекерчиликтен убакытты кантип өткөрөөрүн билбейт. Айылдагы тракторлор эскилигинен бат-бат бузулат. Өнөр жай же башка тармактагы ишкана болбогон соң, аткараар жумушу жок Айтимбет үлүш жерин күрөк менен жумшартып, жүгөрү себет:
- Жерди кол менен иштетебиз. Техника жок. Үлүш жерибизди дагы адамдар уюшуп алып иштетебиз. Мамлекетти тиктегенде деле бизде техника жок дейт. Айылда болгону 2 трактор бар, алар да бузулуп жатат.
Каражыгач айлынын тургуну Субанбек Жумабаев өңдүү жаштар жумуш таап жашоо үчүн кайда болсо да барууга даяр:"Чүйдөн жер берсеңер барабыз", дейт.
Аксынын төрт адамга үч сотик жер тийген Карасуу айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул Өмүрбековду премьер-министр Алмаз Атамбаевдин жакында элетке күйүүчү май жөнөтүлөт деп айтканы кубандырат. Өмүрбековдун маалыматы боюнча жети миңден ашык калк жашаган Карасуу айылында 2 трактор бар. Айрым кишилер короосундагы жерине жашылча-жемиштерди эгип алышты:
- Башка айылдардан келип жардам берип атышат. 7 айыл өзүнчө марафон уюштуруп жардам берели деп атышат. Ал эми короолорунда картошка, жүгөрү, жашылчаларын эгип атышат. Бизде айыл өкмөттө эч кандай мүмкүнчүлүк жок жардам бергенге, өзүбүз 98 пайыз дотацияда турабыз. Премьер-министр Алмаз Атамбаевдин сөзүн угуп, кубанып турабыз, жер-жерлерге баасы 15 сомдон жазгы талаа айдоолорго солярка беребиз деген. Үлүш жерлер бизде жокко эсе. 3 жанга 4 сотыхтан суулу жер тийген, ал дагы бардыгына толук жеткен эмес. Ал эми кургак жерден бир жанга 3 сотыхтан жер тийген.
Аксы районунун акими Аскербек Алиев жерлери иштетүүгө жараксыз болгон тоолук жарандар үчүн облустун жакынкы райондорунан кошумча жер бөлдүрүп берүү маселесин облбийликке койду.