Аксыда 2002-жылдын 17-18-март күндөрү милициянын огунан набыт болгондордун арбагына багышталып, алар курман болгон Боспиек деген жерде куран окутулду. Райондун Каражыгач айыл өкмөтүндө окуянын беш жылдыгына арналган митинг болду. Ага бир жарым миңдей адам катышты. Эл алдына президент Курманбек Бакиев баштаган президенттик администрациянын укук бөлүмүнүн башчысы Абибилла Абдыкапаров, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, президенттик администрациянын адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун жана “Реформа үчүн” кыймылынын теңтөрагасы, депутат Азимбек Беканазаров, депутаттар Дооронбек Садырбаев, Султан Урманаев, Райымбек Мамыров, Осмонбек Артыкбаев жана саясатчы Топчубек Тургуналиев менен бирге адам укугун коргоочулар келишти. Митингде сөз алган президент Курманбек Бакиев Аксы окуясына байланыштуу кылмыш ишинин аягына чыкпай жаткандыгына өкүнгөндүгүн жана айыпкерлер жазалангандыгын билдирип, саясатчылар Аксы окуясын өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланууга аракет кылып жаткандыгын белгиледи:
- Күнөөкөр дегендердин көбү амнистия менен бошонуп кетиптир. Айрым иштер боюнча күбө өтүүчүлөр республикадан сыртка чыгып кетиптир деген өндүү шылтоолор менен иш аяктабай келатканы мени өкүндүрөт. Күнөөлүлөр негизинен жазасын алды дейт элем. Эл-жерине батпай тентип жүрүштүн өзү да чоң жаза эмеспи. Сөз кимдер жөнүндө болуп атканын өзүңүздөр да түшүнүп турасыздар. Айрым бир саясатчылар Аксы окуясын өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруунун куралы катары пайдалангысы келгендиги байкалууда. Кызыкдар эмес ар түрдүү күчтөр бүгүн да элдин тынчтыгын бузуп, коомчулукту чайкагысы келишүүдө. Аксы окуясынын айланасында элди кайраштырган түрдүү сөздөрдү таратууга аракеттенишкенин байкоодобуз.
“Жарандар коррупцияга каршы” аттуу коомдук бирикменин төрайымы Төлөйкан Исмаилова Аксы окуясы улуттук трагедияга айлангандыгын эске салып, бийлик менен оппозициянын мыйзамдуу системаны курууга чакырды:
- Аксы трагедиясы бул улуттук трагедия. Ошон үчүн реформа деген адамдар да түшүнүш керек, бул Аксыдан чыккан, реформа жасайбыз деп аксылыктар айткан дүйнөгө. Ошон үчүн бүгүнкү күндө оппозиция дагы чогуу президент менен легитимдүү жолдо системаны өзгөртүш керек, кыргыз элин бөлбөшүбүз керек.
Райондун Карасуу айылынын жашоочусу Борончу Карамырзаев азыркы өлкө башчысы да экс-президенттин жолу менен бараткандыгын айтты. Карыя Аксы окуясын аягына чыгарууну президент Курманбек Бакиевден өтүнүп, эгер талаптары аткарылбаса адилетке жетүү үчүн аксылыктар Акүй алдына барууга камдуу экендигин ортого салды:
- Акаевдин жолу менен кетип жакшы болбой калды. Бекназаров мамлекеттин карамагындагы 6 ири объектини сиздин урук-туугандарыңыз, балдарыңыз иштеп кармап отурат деди. Бул өзү туура эмес, адилеттүүлүк эмес. Берген убадаңызды аткарып, берилген убакытта ишке ашса аксы эли ыраазы болот. Дагы алдай турган болсоңуз, анда биз аксылыктар жүрүшүбүздү баштайбыз. Бишкекке чейин дагы барууга даярбыз.
Беш жыл мурун райондун борборунан митинг өткөргөнү эл менен баратканда окко учкан Сатымбай Үркүмбаевдин апасы Камкайым эне эмдигиче күйүтү арылбагандыктан жогорку бийликке ишенбей калганын айтып, президенттен бир ай ичинде айыпкерлерди жазалоону талап кылды:
- Аксы элинин астына чыгып өзүң айттың "кара так" деп. Эми кара такты аппак так кылып, бизге акыйкатыңды көрсөтүп, канкорлорду кесип, камап берсең биз ыраазы элек. Мына былтыр өз оозуң менен айттың эле, дагы эле жок. Эми кандай кылайын, мен Акаевге да ушинтип сүйлөп, аркасынан кууп жүрүп келтек менен чапкам бутуна, ошон үчүн кетти Акаев. Эгер 1-2 айда ушул ишти ак так кылып чыгарбасаң, кагылайын балам, Бишкеке өзүм барып келтек менен чаап, кетирем сени.
2002-жылы облустун губернатору болуп иштеп турган азыркы депутат Султан Урманаев да окуянын аягына чыгууну белгиледи:
- Бул күнөөлүлөрдүн бети ачылмайынча менин да бетим карарып турат. Ошондуктан мен да президенттен суранам, эгерде бул Аксы окуясы акыр-аягына чейин чыкпаса анда Акаевдин кезинде чогуу иштеген адамдардын бардыгынын бети карарып турат.