Облуста мугалимдик кесибин чанып кетип жаткандардын катары улам арбууда. Мугалимдик кесибин жашоого ылайыктуу маяна төлөөчү Орусиядагы же Казакстандагы кара жумуштарга алмаштыргысы келгендер окуу жылы аяктагандан кийин ого бетер көбөйүшү ыктымал. Улуту балкар болгону менен Кыргызстанда төрөлүп, билим алган Ханифа Узенова Жалалабат шаарындагы орус тилдүү мектепте кыргыз тилинен окутат. Ал жогорку окуу жайын жаңы бүткөн кесиптешин мектепти таштап кетүү оюнан айныта албай койгон Узенованын боолгошунча, мугалимдердин кетүүсүнө айлык акы эле эмес, өлкөдө патриоттуулукка тарбиялоо менен улуттук идеологиянын жетишсиздиги да себепкер:
- Биздин облуста жакшы кадрларыбыз ишин таштап башка өлкөлөргө качып кетип атат. Биздин мектепти бүткөн билими күчтүү бир кыз мектепте бир жыл иштеп миң сом айлык алам, эч нерсеге жетпейт деп кетип калды. Ошол кызга мен айттым сенде патриоттуулук сезим жок, эмне үчүн ушундай учурда Кыргызстанды таштап кетип атасың деп.
Облуста ветеринардык дарыгерлер менен адистер да жетишсиз. Мал доктурлардын тартыштыгы менен дары-дармектердин кымбаттыгынан айрым аймактарда малдардын шарп ылаңы кайрадан баш көтөрө баштады. Ноокен районунун тургуну Ырысбек Жумановдун бир туугандарынын жайлоого кеткен бодо малы ящур оорусуна чалдыккан. Анын айтымында, айылдык мектепте иштеген коңшулары үй-бүлөсү менен Орусиянын Ыраакы чыгышына иш издеп кетишкен:
- Айылдарда мугалимдер үй-бүлөлөрү менен кеткен учурлар көп. Айыл кыштактарда мал докдурлардын жетишсиздигинен малдардын шарп оорулары да көп катталып жатат.
Дарыгерлердин жетишсиздиги облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна да сезилүүдө. Борбордун деректиринин орунбасары Гүлнара Маматалиеванын айтымында учурда облуска 149 жогорку маалыматтуу дарыгер керек. Анын белгилешинче айлык акынын аздыгынан врачтар айлыгы менен иш шарттары жакшы Орусиянын ооруканаларына которулууда. Облустун тоолуу район-шаарлары хирург, акушер-гинеколог, нарколог өңдүү адистерге муктаж:
- Бүгүнкү күндө Жалалабат облусунда көптөгөн дарыгерлер айлык маянасынын аздыгынан Орусияга барып эмгектенип кетип атышат. Бизде азыркы күндө акушер гиниколог, хирург, травмотолог, окулист, үй-бүлөлүк дарыгерлер аз болуп жатат.
Директор орунбасары Гүлнара Маматалиеванын айтымында адистердин жетишсиздигин врачтардын депозит долбоору толтура албай жатат:
- Азыр биздин аракетибиз арбын. Айлык маянасы көбөйсө биздин дарыгерлер кетпей өзүбүздүн облуста итштейт деген үмүтүбүз бар. Врачтардын депозити дегенге жаштар андай деле кызыкпайт экен. Көбүнчө мурунку иштеген дарыгерлер бар. Ал эми окууну жаңы бүткөн кыздар азыр бизге келе элек.