- Жаныш Курбанович, сиз беш жыл мурунку каргашадан кийин Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо комитетинин төрагасы болчусуз. Ошол окуяда жабыр тарткандар мурдакы жана азыркы бийликтин алдына кандай талап-милдеттерди коюп келатышат. Ал талаптардын аткарылышына жабырлангандар канааттанабы?
- Аксы окуясында 6 бала дүйнөдөн кайтты, 4 бала Бозпиекте, ал эми 2 бала 18-күнү Кербен шаарында, бирөө окко учкан, бирөө таяк жеп каза болгон. Ошол эле мезгилде 37 бала таяк жеп, ок жеп жаракат алган. Таяк жегендердин жалпы саны жүздөн ашып кеткен. Айрым таяк жегендер бийликтин зомбулугун көргөндөн кийин коркуп-үркүп өздөрүн көргөзбөй, үйүндө жатып азыркы мезгилге чейин ооруга чалдыгып, адам катары болбой калган кишилер да бар. Булардын моралдык, материалдык укугун коргош азыркы бийликтин, биздин да милдетибиз деп ойлойм. Бул балдарга материалдык жардам берилди мүмкүнчүлүк болушунча. Негизги укуктук маселеге келе турган болсок, ошол мезгилдеги күнөөлүүлөр азыркыга чейин күнөөсүн тарткан жок. Себеби Ошто, Аксыда, Майлысайда болгон соттордо жолду мыйзамсыз тоскондугу үчүн гана сот болгон. Инстанцияларга биз кат жөнөткөнбүз. Бирок ошол жердеги октун атылышы, каза болгондордун эмне себептен каза болгондугу жөнүндө эч качан сот болгон эмес, тергөө да аягына чыккан эмес. Ошол жерде кассетага түшкөндөрдүн укук коргоочу кызматкерлердин кээ бирлери шектүү адам катары суралышы керек болчу.
- Аксы окуясында ок тийип өлгөндөр боюнча, токмок жегендер боюнча жана башка жабырлануучулар боюнча кылмыш иши козголгонбу дегеле?
- Мен толук айта албайм кылмыш иши козголду деп. Анткени Башкы прокуратурада Азимбек Бекназаров турган мезгилде дагы тиешелүү жыйынтык чыккан жок. Тергөөчүгө жолукканда ал киши минтип айткан, эки эле киши калды суракта, калгандары бүттү, он күндүн ичинде бүтөбүз деген эле. Бекназаров бошогондон кийин башка киши баш прокурор болду, азыркы убака чейин тергөө жүрүп атат. Бирок азыр элдин астында так маалымат жок, бүдөмүк боюнча калып атат. Мен Аксыга барган учурларда эл сурайт, кандай жыйынтык чыкты деп. Мен аларга так жооп бере албай атам. Себеби гезиттенби, эл астындабы эч кандай маалымат берилген жок.
- Тергөөчүдөн сиз уккан эки адамдын аты аталды деп атасыз. Алар кимдер, ачык айтылды беле?
- Видеого тартылган милиция кызматкерлери форма менен турат. Алардын аттарын мен билбейт экемин. Алар Америкага же башка жака качып кеткен жок да, алар жүрөт. Ар бир тергөө өткөндөн кийин экинчиси жакшылап тергебейт экен, мен түшүнүп калдым. Бири айтат мен тергедим эле эки барагы жок деп.
Мыйзамдуу түрдө канча адам экенин айта албайм. Бирок жыйынтыгы чыкпагандыгын айтып атам. Күнөөлүлөрдү сөзсүз түрдө күнөөсүн тартыш керек болчу. Материалдык жардам деген ал алардын эне-аталарына берилет. Бирок каза болгон адамдардын жоопкерчилигин алыш бул чоң маселе. Мына Аксы окуясына күнөөлү айрым кишилер, мисалы Садиевге окшогондор жогорку бийликке барып атпайбы. Бул эң туура эмес деп ойлойм. Күнөөлү адамдар бар, бекеринен 6 бала өлүп кеткен жок.
- Аксылыктардын талабын аткаруу боюнча Жалалабат облустук бийлиги кандай иш-аракеттерди жасады?
- Жабырлануучулар боюнча биз Жалалабат облусу эч кандай жардам бере алган жокпуз. Биз ошол адамдардын талаптарын, айткан сөздөрүн жогору жакка жеткирип атабыз, аткарып, мыйзамды чечип бергиле деп. Андан башка колубуздан эч нерсе келбейт экен.
- Жообуңузга ырахмат!