Милиция Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин билдирди

Ала-Тоо аянты. 31-август, 2024-жыл.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 31-август Кыргызстандын эгемендигинин 33 жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилөө боюнча Бишкектин Ала-Тоо аянтында уюштурулган негизги майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келди.

Анда сахналаштырылган оюн-зооктор коюлуп, жергиликтүү жана чет элдик ырчылар өнөрлөрүн тартуулады. Ал дээрлик беш сааттан ашык убакытка созулду.

Майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Бишкектин тургундары жана коноктору күбө болду. Мамлекет башчы кыргызстандыктарды Эгемендик күнү жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, “көп этностуу элибиздин достугу жана биримдиги – мамлекеттик саясаттын негизги өзөгү” деп билдирди.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.

Быйыл андан тышкары Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Орус Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Милиция Нарында аялын бычак менен сайган адам кармалганын билдирдиМиланда Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттүХарьков шаарында аза күтүү жарыяландыКамчыбек Ташиев жаңы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айттыКамчаткада 22 адам учуп бараткан Ми-8 тик учагы дайынсыз болуудаАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 48 саатка кармалдыТуманбаев жаңы Ак үйдү курууга кеткен чыгым толук эсептелип бүтө электигин айтты