Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Харьков шаарында аза күтүү жарыяланды


30-август күнү орус аскерлери Харьковду аткылашкан.
30-август күнү орус аскерлери Харьковду аткылашкан.

Бүгүн, 31-августта Харьков шаарында бир күн мурун жасалган Орусиянын аба соккусунан каза болгондорду эскерүү үчүн аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Харьковдун мэри Игорь Терехов Телеграм баракчасына жазды. Анын айтымында, чабуулдан 6 адам каза болгон жана 80 адам жаракат алган, алардын ичинде 22 бала бар. Жаракат алгандардын эң кичүүсү 10 айлык.

30-август күнү орус аскерлери Харьковго беш жолу аба соккуларын жасап, анын ичинде 12 кабаттуу үйдү да аткылашкан.

Орусиянын жетекчилиги толук масштабдуу согуш учурунда орус армиясы Украинадагы шаарлар менен айылдардын жарандык инфраструктурасына атайын сокку урганын, жарандарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жана суу камсыздоо объектилерин талкалаганын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар болсо, бул соккуларды согуштук кылмыштар катары баалап, алардын атайын жасалып жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG