Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Миланда Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттү


Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму. 31-август, 2024-жыл. Милан
Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму. 31-август, 2024-жыл. Милан

Италиянын Милан шаарында 31-август күнү Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттү. Польшадагы “Данакер” уюму менен Миландагы ANKI ассоциациясы уюштурган бул иш-чарага Европадагы 10дон көп өлкөдөн келген диаспора лидерлери катышты. Андан тышкары Италиядагы миграция маселелери менен алектенген уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалайбек Базарбаев, Бишкектен барган меймандар болду. ANKI уюмунун төрайымы Бурмачач Томоева белгилегендей, форумдун башкы максаты Европадагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирип, кыргызстандыктардын арасындагы көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди талкуулап, алардын чечүүнүн жолдорун табуу.

Жыйындын соңунда Европадагы кыргызстандык аялдардын бирикмесин түзүү тууралуу декларация кабыл алынды.

Ушул эле күнү Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Миланда боз үй тигилип, Италиядагы кыргыздар майрамдык салтанат өткөрүштү.

“Данакер”-Польшадагы кыргызстандык кыз-келиндердин башын бириктирген уюм. 2023-жылы түзүлгөн.

ANKI- Италиядагы кыргызстандыктардын ассоциациясынын негизделгенине быйыл алты жыл болду.

XS
SM
MD
LG