Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Туманбаев жаңы Ак үйдү курууга кеткен чыгым толук эсептелип бүтө электигин айтты


Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо”.
Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордо”.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордонун” жалпы аянты 39 миӊ 700 чарчы метр болгонун билдирди. Бул тууралуу ал 31-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Каныбек Туманбаев “Ынтымак Ордону” курууга кеткен чыгым 10-15 күндүн ичинде толук эсептелип чыгарын жана андан кийин маалымат бериле турганын кошумчалады. Жаӊы Ак үйгө президенттин администрациясы менен Министрлер кабинети 10-сентябрга чейин көчүп келүүнү пландап жатканын да айтты.

Бишкекте 30-августта президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылыш аземи болду. Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер катышты. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул имарат эгемендиктин, өнүгүүнүн символу боло турганын билдирген.

Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан “Ысык-Көл” мейманканасы 2021-жылдын аягында бузулган. Анын ордуна “Ынтымак Ордосу” деп аталган президенттин администрациясынын имаратынын курулушу 2022-жылы башталып, быйыл август айында аяктады.

Башында администрациялык имаратты курган ишканага Бишкектен 16 гектар жер менчикке бериле турганы айтылган. Кийин бул имаратты сала турган “Иншаат строй билдинг” компаниясына 16 гектар эмес, 25,7 гектар жер берилери жарыяланган.

“Азаттык” стратегиялык имаратты салып жаткан компаниянын жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин байланышы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Каныбек Туманбаев 11-октябрда имараттын курулушунун жүрүшү тууралуу Фейсбукта маалымат берген. Анда алгач имараттын аянты 17 миң метр деп пландалса, кийин 39 миң чарчы метрге кеңейтилгени үчүн куруучу компанияга берилчү жер чоңойгонун түшүндүргөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG