Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

Милиция Нарында аялын бычак менен сайган адам кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында аялын бычак менен сайып жиберген 42 жаштагы адам кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 31-августта саат түшкү он бирлерде Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада болгон. Жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Милиция кызматкерлери шектүү базардагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 41 жаштагы жубайын ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн маки (бүктөмө бычак) менен сайып жибергенин аныктаган.

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгы шектүүнү кармап, тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, ушул жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5153 учур катталган. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG