Камчаткада 22 адам учуп бараткан Ми-8 тик учагы дайынсыз болууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиядагы Камчатка жарым аралында бортунда 22 адам бараткан Ми-8 тик учагы дайынсыз болууда. Бул тууралуу “Радио свобода” Росавиацияга шилтеме берип жазды. Маалыматка ылайык, тик учакта 19 жүргүнчү жана үч экипаж мүчөсү бараткан.

“112” Телеграм-каналы тик учакта туристтер болушу мүмкүн экенин, маалымат дагы такталып жатканын билдирди.

Росавиация тик учак Вачкажец жанар тоосунун аймагынан Николаевка аймагына багыт алып баратканын, бирок Москва убактысы боюнча саат 07:15 чамасында экипаж менен байланыш үзүлгөнүн кабарлады.

Дайынсыз болуп жаткандарды издөөгө Ми-8 үлгүсүндөгү дагы башка бир тик учак чыкты.

Тергөөчүлөр бул окуя боюнча “Жол кыймылынын жана аба транспортун эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (BTo)

Дагы караңыз

Президент бир катар адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырдыКамчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамы берилдиКыргызстанда 74 миңден ашуун адам эски үлгүдөгү паспортун акысыз алмаштырдыБразилиянын Жогорку соту X социалдык тармагын убактылуу жаптыЗеленский Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысын кызматтан алдыСадыр Жапаров авторитардык башкарууга жол бербей турганын айттыАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 48 саатка кармалды