Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамы берилди

Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров 31-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге генерал-полковник аскердик наамын берди.

Мамлекет башчы Камчыбек Ташиев улуттук коопсуздукту камсыздоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформа кылуу боюнча алгылыктуу иштерди жасаганын айтты.

“Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдары тамырын тереӊ жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай эбегейсиз иштерди жүргүзүп келе жатат”, - деди президент.

Садыр Жапаров 2021-жылы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант, 2022-жылы “Ак шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргызстандын баатыры” наамын ыйгарган.

Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат, өзгөчө кырдаалдар министри болгон. УКМКнын төрагасы болуп 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин дайындалган.

Президенттик администрациянын жаңы имараты – “Ынтымак Ордодо” мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 74 миңден ашуун адам эски үлгүдөгү паспортун акысыз алмаштырдыБразилиянын Жогорку соту X социалдык тармагын убактылуу жаптыКамчыбек Ташиев жаңы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айттыЗеленский Украинанын Аба күчтөрүнүн командачысын кызматтан алдыСадыр Жапаров авторитардык башкарууга жол бербей турганын айттыАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу 48 саатка кармалды