Сот Райымбек Матраимовду 26-октябрга чейин камакта калтырды

Райымбек Матраимов Бишкектин Биринчи май райондук сотунда. 27-март, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-августта Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узартты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Руслан жана Исламбек Матраимовдор ушул тапта Ошто тергөө абагында камакта жатат.

Кара-Суу райондук соту Тилек Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айып пул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан. Ош облустук соту 6-августта Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, айыптын өлчөмүн 300 миӊ сомго азайткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Балбан Өмүрбек Асан уулу уландар арасында Дүйнө чемпиону болду (U17)Нетаньяху Израилдин "Хезболлага" каршы соккулары уланарын ишарат кылдыРоза Отунбаева талиб өкмөтүнүн талаштуу мыйзамына тынчсыздандыЗолингендеги кол салуу: Сириялык качкын полицияга багынып бердиЫсык-Көл: Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга кенемте берилерин айтты Берлиндеги кыргыз элчилиги: Германияда кармалган 15 жаштагы өспүрүмдүн тек-жайы такталууда Пакистан: эки автобус кырсыгынан 34 кишинин өмүрү кыйылды