Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:14

Роза Отунбаева талиб өкмөтүнүн талаштуу мыйзамына тынчсызданды


Роза Отунбаева
Роза Отунбаева

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева "Талибан" өкмөтүнүн талаштуу адеп-ахлак мыйзамы боюнча тынчсыздануусун билдирди.

Талиб өкмөтү бул аптада жарыялаган "Адеп-ахлакты алдыга сүрөө жана ыймансыздыктын алдын алуу жөнүндө" мыйзамы Ооганстанда бир катар жаңы чектөөлөрдү киргизип, кыз-келиндерди жүзүн, денесин ачык көрсөтпөөгө, керек болсо үйүнөн башка жерде үнүн чыгарбоого милдеттендирет.

Роза Отунбаева мындай чектөөлөрдү Ооганстандын келечеги үчүн "санаарката турган" көрүнүш деп атады.

"Бул [мыйзам] ооган аялдары менен кыздарынын укуктарына каршы ансыз да чыдагыс чектөөлөрдү күчөтөт. Керек болсо аялдын үнү үйүнүн сыртында адеп-ахлакты бузуу катары саналып калгандай", - деди Отунбаева.

Талаштуу мыйзамды "Талибан" өкмөтүнүн адеп-ахлак жана ыйман маселелерин тескеген министрлиги 21-августта чыгарган. Аны ага чейин талибдердин лидери Хайбатулла Ахундзада жактырган.

Талибдер 2021-жылы август айында Кабулда бийликти басып алгандан бери ооган кыз-келиндеринин укуктарын, анын ичинен билим алуу укугун чектеген бир катар эрежелерди киргизген.

11-августта Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму үч жылдан бери Ооганстанда "аялдардын укугуна байланыштуу эң олуттуу кризис жаралганын" билдирген.

XS
SM
MD
LG