Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

Пакистан: эки автобус кырсыгынан 34 кишинин өмүрү кыйылды


Жергиликтүү тургундар автобус кырсыгынан каза тапкан адамдын сөөгүн көтөрүп бара жатат, Пенжаб, 25-август 2024-жыл.
Жергиликтүү тургундар автобус кырсыгынан каза тапкан адамдын сөөгүн көтөрүп бара жатат, Пенжаб, 25-август 2024-жыл.

25-августта пакистандык жүргүнчүлөрдү ташыган эки автобус кырсыкка учурап, андан кеминде 34 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында Иран өз аймагына киргизбей койгон 12 зыяратчы бар экенин Пакистандын бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Автобустун бири Пенжаб провинциясы менен Кашмирдин Пакистан башкарган аймагынын чегинде жайгашкан Азад Паттан шаарчасынын жанындагы коктуга түшүп кеткен. Анда 12 жүргүнчү набыт болгон.

Экинчи кырсык Белужистан провинциясындагы чоң жолдо болгон. Ирандын аймагына кире албай калган автобус жолдон чыгып, капчыгайга кулап кеткен.

Пакистанда жол кырсыктары көп катталат. Буга айдоочулардын даярдыгынын начардыгы, чоң жолдордо коопсуздук чаралары көрүлбөгөнү себеп катары көрсөтүлүп келет.

XS
SM
MD
LG