Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:10

Нетаньяху Израилдин "Хезболлага" каршы соккулары уланарын ишарат кылды


"Хезболланын" дрондору атып түшүрүлүп жаткан учур, 25-август 2024-жыл.
"Хезболланын" дрондору атып түшүрүлүп жаткан учур, 25-август 2024-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛдын АКШ террордук уюм деп тааныган "Хезболла" радикал тобуна каршы соккулары уланышы мүмкүндүгүн ишарат кылды. Ал жекшемби күнү Министрлер кабинетинин Тель-Авивдеги жыйынында сүйлөп жатып, "Хезболла" Израилдин түндүгүндөгү жайкын тургундарды жана израилдик күчтөрдү бутага алгысы келгенин айтты.

"Бүгүн болгон окуя акыркы сөз эмес. "Хезболла" таң эрте Израил мамлекетине ракеталар жана дрондор менен чабуул коюуга аракет кылды. Биз Израил армиясына бул коркунучту жок кылуу үчүн кубаттуу алдын алуучу соккуларды уруу тапшырмасын бердик", - деди Нетаньяху.

Ал Израил армиясынын соңку аба соккулары "Хезболланын" Ливандагы миңдеген кыска аралыктагы ракеталарын жок кылганын, согушкерлер тобунун Израилдин борбордук бөлүгүндөгү стратегиялык объектилерди көздөй учурган бардык дрондору атып түшүрүлгөнүн белгиледи.

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) 25-августтун таңында "Хезболланын" Ливандын түштүгүндөгү бир катар позицияларына абадан сокку урган. Аны улай "Хезболла" тобу жүздөгөн ракеталарды жана дрондорду Израилдин түндүгүн көздөй учурганын маалымдаган.

Иран колдогон шийилерден турган бул топ Израилди бутага алган кеңири чабуулдарынын "биринчи стадиясын" баштаганын белгилеп, аны жогорку командирлеринин бири Фуад Шукрдун өткөн айда Бейрутта өлтүрүлүшүнө жооп катары сыпаттаган.

Жекшембинин кечинде "Хезболланын" лидери Хасан Насралла видео кайрылуу жолдоп, соңку чабуулдар Израилдеги жайкын тургундарга каршы багытталбаганын айтты.

XS
SM
MD
LG