Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:23

Золингендеги кол салуу: Сириялык качкын полицияга багынып берди


Золингендеги кол салуу болгон жерге келген полиция кызматкери.
Золингендеги кол салуу болгон жерге келген полиция кызматкери.

Германиянын Золинген шаарындагы үч кишинин өмүрүн алган кол салууга жооптуу экенин айткан 26 жаштагы сириялык качкын полицияга багынып берди. Бул тууралуу Дюссельдорф полициясы жергиликтүү прокуратура менен чогуу жекшемби күнү тараткан билдирүүсүндө маалымдады.

Билдирүүдө качкын жигит "кол салууга жооптуу экенин айтканы", анын сөздөрү иликтенип жатканы белгиленген.

"Учурда бул адамдын кылмышка канчалык тиешеси бар экени тыкыр иликтенип жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

The Associated Press жаңылыктар агенттиги жазгандай, полицияга өзү келген сириялык жаран буга чейин немис өкмөтүнөн баш калка сураган.

23-августтун кечинде Германиянын батышындагы Золинген шаарынын 650 жылдык мааракесине арналган фестивалдын катышуучуларына белгисиз адам бычак менен кол салган. Андан үч киши набыт болуп, сегиз адам жаракат алган. Bild басылмасы кол салган адам изин жашырып кеткенин жазган.

Ишемби күнү немис полициясы Золингендеги окуяга байланыштуу 15 жаштагы баланы кармаган. Өспүрүм "негизги шектүү менен сүйлөшкөн жана анын ниети тууралуу полиция маалымат берген эмес" деп шектелип жатат.

Spiegel басылмасы бул өспүрүм качкындар жайында баш калкалаган кыргыз жараны экенин жазды. Бирок бул маалыматты немис өкмөтү да, Кыргызстандын бийлиги да ырастай элек.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Золингендеги кол салууга жоопкерчилик ала турганын жарыялады. Бирок бул топ өз билдирүүсүн бышыктай турган эч кандай далилдерди көрсөткөн жок.

XS
SM
MD
LG