Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:11

Балбан Өмүрбек Асан уулу уландар арасында Дүйнө чемпиону болду (U17)


Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча уландар арасында (U17) Дүйнө чемпиону. 25-август, 2024-ж.
Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча уландар арасында (U17) Дүйнө чемпиону. 25-август, 2024-ж.

Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында аяктаган күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Асан уулу 25-августта эркин күрөштөн 60 кг салмакта финалда азербайжандык Хусейн Исмаиловду 5:1 эсебинде утту.

Бул чемпионатта Өмүрбек жалпы 4 атаандашын жеңди. Алгач 1/8 финалда жапониялык Ицуки Йонаширону 6:4, чейрек финалда украиналык Иван Залискону 11:0, жарым финалда АКШ балбаны Жордин Пол Рэйнини 12:6 эсебинде жеңген.

Өмүрбек Асан уулу 17 жашта. Ал 15 жашка чейинкилер арасында Азиянын бир жолку, 17 жашка чейинкилер арасында Азиянын эки жолку чемпиону.

Асан уулунан сыткары бул күнү 51 кг салмакта Марлен Абдраимов коло байгеге ээ болду. Ал 3-орун үчүн беттеште өзбекстандык Озодбек Алижоновду 17:6 эсебинде утту.

Ушуну менен кыргызстандык үч балбан 17 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиону аталышты. Буга чейин эркин күрөштөн Курсантбек Исаков (55 кг) менен Рустамжан Кахаров (65 кг) алтын медал тагынышкан. 17 жашка чейинкилер арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-августтан 25-августка чейин өттү. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Кутман Калбаев күмүш (51 кг), Бекжан Бейшембаев коло медал тагынган (45 кг). (ECh)

XS
SM
MD
LG