Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

Ысык-Көл: Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга кенемте берилерин айтты


Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү сел каптаган айылдарга барды. 25-август, 2024-жыл
Акылбек Жапаров Ысык-Көлдөгү сел каптаган айылдарга барды. 25-август, 2024-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарды көрүп чыкты. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылында болуп, келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, жабыркаган чарбаларды кыдырды. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана айыл тургундары менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча зарыл чараларды сүйлөштү.

Өкмөт башчы селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен компенсация төлөнүп берилерин билдирди. Ал берилчү жардамдын көлөмү тийиштүү мекеме, жергиликтүү калктын катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун айтты. Муну менен катар кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн да белгилеп, анын суммасы 600 сомдон ашпайт турганын, табигый кырсыктар камсыздандыруу окуяларынын тизмесине кирерин кошумчалады. Жапаров жарандарды мүлкүн мүмкүн болуучу кырсыктардан коргоого чакырды.

Ушул эле күнү Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда мүмкүн болуучу кырсыктар боюнча эскертүү системаларын жакшыртууну, ошондой эле кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнү даярдоону тапшырды.

18-августтун кечиндеги нөшөрдөн улам кокту-колоттон келген сел каптагандан кийин Ысык-Көл районунда жана Тоң районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарда жана Чолпон-Ата шаарынын айрым көчөлөрүнөн жүргөн сел 500гө жакын турак үйдү каптап, айрымдары жараксыз болуп калганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Мындан тышкары "Аврора", "Аврора плюс", "Карвен", "Нептун", "Семиран" пансионаттарынын короосуна суу кирген. Темир айылы эң көп жабыр тартканы маалым болду.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Ысык-Көлдүн тескейиндеги Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон. ӨКМ көл жер астынан жырылганын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG