“Ош” эл аралык аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу тиешелүү документтерди жана бажы декларациясын толтурбастан 99 700 Швейцария франкын Кыргызстандан Орусияга мыйзамсыз чыгарууга аракет кылган Х.А.А. аттуу 25 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Улуттук банктын расмий курсуна ылайык, 1 Швейцария франкынын кыргыз сомуна карата курсу ушул күндөрү 98,65 сомду түзөт. 99 700 франк 9 миллион 835 405 сом болот.
Факты боюнча материалдарды УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө башкармалыгы электрондук маалымат журналына каттап, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө.
Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы №7 “Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык атайын чечим кабыл алынганга чейин Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга убактылуу тыюу салынган. (ErN)
Дагы караңыз
Мадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев депутат болдуКыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары кызматташтыкты сүйлөштүКыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдүЖалал-Абадда өспүрүмдү сабаган аял кармалдыТаласта Олимпиадага катышкан спортчулар сыйландыБишкекте балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлдуЗындан көлү ташыган аймакта абал турукташып, жашоочулар өз үйлөрүнө кайтыштыСербиялык мигранттарды ташыган кайык оодарылып, кеминде он адам каза болдуМоди Орусияны жана Украинаны тынчтык жолуна чакырды