Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары кызматташтыкты сүйлөштү


Айгүл Жапарова менен Лувсандоржийн Болорцэцэг баштаган топтордун жолугушуусу. Улан-Батор, Монголия.
Айгүл Жапарова менен Лувсандоржийн Болорцэцэг баштаган топтордун жолугушуусу. Улан-Батор, Монголия.

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунун алкагында Монголиянын президентинин жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен жолугушту. Бул тууралуу кыргыз президентинин сайты кабарлады.

Биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоонун келечегин талкуулашты.

Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага форумга катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал тараптар эки өлкө ортосундагы салттуу достукту мындан ары да бекемдей берээрине ишенимин билдирди.

Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле дос Монгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Улан-Батордо өтүп жаткан “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунун 22-августта сөз сүйлөп, БУУнун 2030-жылга чейинки мезгилге Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттары программасынын алкагында Ала-Тоодо аткарылып жаткан иштер тууралуу айтты. Ал ошондой эле өлкөдө инклюзивдүү “жашыл экономиканы” өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди баяндап берди.

Форум 22-23-августта Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта өтүүдө. Иш-чарага 15 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана министрлери, 20дан ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес, маданият жана спорт сыяктуу бардык тармактардан лидер аялдар катышууда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын июлунда Монголияга мамлекеттик сапар менен барып келген. Анын алкагында Улан-Батор шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG