Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

Зындан көлү ташыган аймакта абал турукташып, жашоочулар өз үйлөрүнө кайтышты


Зындан көлүнөн агып жаткан суу. ӨКМ тараткан видеодон алынган скриншот.
Зындан көлүнөн агып жаткан суу. ӨКМ тараткан видеодон алынган скриншот.

22-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, коктудан түшкөн суунун нугу Тоң суусуна бурулуп, суу каптоо коркунучу жок.

Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт уюштурулган.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган.

ӨКМ 22-августта тараткан билдирүүсүндө Зындан көлүндө суунун көлөмү көп болуп, акыркы айда күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгын жергиликтүү бийликтерге июль айында эскерткенин маалымдаган. Көлдүн жырылуу кооптуулугу 19-августта кошумча эскертилген. Министрлик так ушул чаралардын натыйжасында калкты эвакуациялоо ийгиликтүү жүрүп, кырсык алдын алынганын жана жоготуулар болбогонун кабарлаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG