Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Мадумаровдун ордуна Аккулу Бердиев депутат болду


Аккулу Бердиев
Аккулу Бердиев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун бошогон мандаты "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Аккулу Бердиевге тапшырылды. Тиешелүү чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү 23-августтагы отурумда бир добуштан кабыл алды.

58 жаштагы Аккулу Бердиев Чоң-Алай районунда туулган. 1996-жылдан баштап жеке ишкерлик менен алектенген. Өмүр баянында Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин, кийин диний окуу жайлардын бирин да аяктаганы көрсөтүлгөн.

2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланган. 2021-жылкы шайлоого "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 15-катарда катышкан.

Быйыл 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Мадумаров соттун чечимине 30 күн болгондо, 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) ошол эле 26-апрель күнү соттун чечимин негиз кылып Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. Административдик сот 20-майда ал арызды канааттандырган эмес. Ушул эле сот 4-июлда Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке каккан.

10-июлда Бишкек шаардык соту Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган. Саясатчы чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирген. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG