Кыргызстандын тышкы карызы азайып, ички карызы көбөйдү

Кыргыз сому жана АКШ доллары. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 6 млрд 362 млн долларды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин соңку маалыматтарында айтылат.

Мунун ичинен 4 млрд 501,8 млн доллар тышкы карыз, анын негизги бөлүгү – Кытайдын Экспорт-импорт банкына берилүүчү 1 млрд 660,64 млн доллар.

Ал эми 1 млрд 860,14 млн доллар ички карыз, бул мамлекеттик баалуу кагаздар.

Бир ай мурдагыга караганда өлкөнүн тышкы карызы 39 млн долларга кыскарган жана ички карыз 53,4 млн долларга көбөйөт.

2024-жылдын январынын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 270,50 млн доллар болчу.

Азыркы бийлик соңку жылдары карызды тыштан эмес, көбүрөөк ички булактардан алууга басым жасай баштаган. Ошондон улам жалпы карыздын эсебинде ички карыздын катышы өсүп келатат.

Президент Садыр Жапаров апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде, буга чейинки карыз өзүн-өзү актабаган долбоорлорго салынып келгенин айтып, айрымдар "карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деп айткан. Мамлекет башчы “азыр алып жаткан карыздардын ар бир долларын конкреттүү долбоорлорго жумшайбыз. Өзүн өзү актай турган долбоорлорго алып жатабыз. Ошондуктан сырткы карызыбыз 10-15 млрд долларга чыкса дагы эч кам санабай эле отура берсеңиздер болот” деп билдирген. (ErN)

Дагы караңыз

Жалал-Абадда өспүрүмдү сабаган аял кармалдыТаласта Олимпиадага катышкан спортчулар сыйландыБишкекте балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлдуЗындан көлү ташыган аймакта абал турукташып, жашоочулар өз үйлөрүнө кайтыштыСербиялык мигранттарды ташыган кайык оодарылып, кеминде он адам каза болдуМоди Орусияны жана Украинаны тынчтык жолуна чакырдыАзербайжанда бийликти сындаган саясат талдоочу камакка алындыУКМК: Менчикке кеткен Өзгөн автобекети мамлекетке кайтарылды