Ош шаардык мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка “жарылуучу зат коюлган” деген маалыматтан улам кызматкерлер сыртка эвакуация болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” жериндеги кабарчысы мэриянын басма сөз кызматына таянуу менен кабарлады.
Учурда укук коргоо органдары имаратта текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Мэриянын имаратын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери курчап турат.
22-август түшкө чейин Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортунун электрондук почтасына аба майданда жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланган. Укук коргоо органдары аба майдандын имаратынан жарылуучу зат тапкан жок. Кыска убакыттан соң адамдар кайрадан аэропортко киргизилди.
Буга чейин Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда да ушундай эле маалыматтар түшүп, ар кайсы имараттардагы адамдар эвакуация болгон учурлар катталган. Аларда да текшерүү маалында "жардыруучу зат бар" деген маалыматтар жалган болуп чыккан. (DSh\ErN)
Дагы караңыз
Депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирдиКурск коопсуздук чараларын күчөтүүдө, украин аскерлери операциясын улантуудаӨКМ Зындан көлүндө суу көбөйүп жатканын эки апта мурда эскерткенин билдирдиЭкинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери көз жумду"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр кыска убакытка эвакуация болдуУКМК: Сокулук районунда суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылдыТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттүБилим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирди