УКМК: Сокулук районунда суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды

Мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы суу мунарасы (водонапорная башня) жеке колго мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталды. Бул тууралуу 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Тергөөгө чейинки текшерүүдө Ш.Д.К. аттуу адам объектини 1998-жылы менчиктештиргени такталды.

Маалыматка караганда, 2443,75 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан суу мунарасынын пайдалуу аянты 14,1 чарчы метрди түзөт. Атайын баалоодо анын базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзгөн. Текшерүү иштеринин жыйынтыгында суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Атайын кызмат 21-августта Чүй облусунунун Кемин районунда жеке колго өтүп кеткен 353,3 гектар өндүрүштүк жер мамлекеттин балансына алынганын билдирген. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов кийин билдирүү таратып, ал жерге Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде жарандарга берүү максатында турак үйлөрдү курарын жарыялаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

Дагы караңыз

Билим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирдиТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттүЗындан көлүнөн ашкан суу Тоң суусуна бурулуп, 400 киши эвакуацияландыМилиция Лейлектин тургуну таанышын, андан соң өзүн атып алганын билдирдиЕреван: Лукашенконун сөзүнө нааразы болгондор беларус элчилигине жумуртка ыргытыштыКурскиде муниципалдык шайлоо башка мөөнөткө которулдуCPJ тажик бийлигин журналист Ахмад Иброхимди бошотууга чакырдыЫсык-Көлдө Зындан көлү жырылып, тургундар эвакуациялануудаПутиндин сапарынан кийин Азербайжан БРИКС уюмуна кирүүгө арыз тапшырды