Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Путиндин сапарынан кийин Азербайжан БРИКС уюмуна кирүүгө арыз тапшырды


Путин менен Алиев. Баку, Азербайжан. 18-август, 2024-жыл.
Путин менен Алиев. Баку, Азербайжан. 18-август, 2024-жыл.

Азербайжан өнүгүп жаткан экономикалардын башын бириктирген БРИКС уюмуна кирүүгө арыз тапшырды. Бул тууралуу 20-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айхан Хажизаде билдирди.

Бир күн мурун орус президенти Владимир Путин Бакуга барып кеткен эле.

2006-жылы түзүлгөн уюмга Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө болуп келген. Жакында ал кыйла кеңейип Иран, Египет, Эфиопия, Бириккен Араб Эмирлиги кошулган. Сауд Арабиясы да андай мүмкүнчүлүктү караштырып жатканын билдирген.

Азербайжан БРИКСке кирүү ниетин июлда ортого салганда, Кытай кубаттаган.

Уюм түптөлгөндө, экономикалык максаттар коюлган. Бирок азыр негиздөөчу айрым мамлекеттер геосаясий максаттарды да көздөгөнү айтылып келет.

Азербайжандын кээ бир оппозициялык күчтөрү өлкөнүн Еврошаркетке кошулуусуна артыкчылык берет. Баку биримдик менен 2009-жылдан бери “Чыгыш өнөктөштүгү” деген программанын алкагында кызматташып келатат.

XS
SM
MD
LG